Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Тажикстан менен соода алакасы аксады


Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары тогошкон аймактагы базар

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары тогошкон аймактагы базар

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода алмашуу быйылкы жылы 16% азайды.

Бул Кыргызстандын ЕАЭБга кирүүсү жана Кытай, Түркиянын товарларын Тажикстанга реэкспорттоо жараяны кыскарганы менен байланыштырылууда. Учурда Кыргызстан Тажикстан үчүн Орусия, Кытайдын товарларына транзиттик аймак болуп берүүдө.

Реэкспорт кыскарды

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода алмашуу 2013-жылы 186,5 млн долларга жеткен. Өткөн жылы кыйла азайып, 79 млн долларды түзгөн. Быйылкы жети айдагы көрсөткүч араң эле 13 млн доллар болду.

Буга Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болору менен Тажикстанга реэкспорт кескин кыскарганы негизги себеп катары айтылууда. Ага ылайык, "Дордой", "Кара-Суу" базарларынын соодасын жүргүзүп турчу тажикстандык соодагерлер үчүн товарды мурдагыдай арзан баада алып кирүүгө мүмкүн болбой калды. Ушундан улам Тажикстан учурда Кытайдан түз товар алып өтүүгө киришип, Кыргызстан транзиттик жол гана берип калды. Бул дагы өлкөнүн казынасына түшүп жаткан акчанын азаюусуна алып келди.

​ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

Теги тажикстандык ишкер Жума Абдуллаевдин айтуусунда, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин, Кытайдын товарлары тескерисинче Тажикстан менен чектеш биздин аймактарга аткезчилик менен сатыла баштады:

- Алар өздөрүнө транзит режими менен Кытайдан түз Кыргызстан аркылуу алып кетип жатышат. Бирок чектеш шаарлардагы базарлар аркылуу кайра эле бизге сатылып жатат. Мындайча айтканда, Кыргызстан эки жактан тең уттуруп жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандан бири-бирине негизинен чийки сырье гана сатылбаса, иштетилген өндүрүштүк товарлар дээрлик жокко эсе. Баткендик эксперт Чагылган Юсуповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Баткен облусуна жакын жайгашкан Хожент, Согди облустарынан көбүнчө эт-сүт азыктары кирип турат:

- Тажикстанда кайра иштетүү жакшы жолго коюлган. Сүттөн алынган каймак, сыр жана башка товарларды, колбасаны ошо жакын турган Исфара шаарынан алып келишет. Мисалы, Ошко жол 250 чакырым, Бишкекке миң чакырым болсо, Согди, Хожент облустарына ашып барса 150 чакырым. Ошондуктан, жол акысы жана башка чыгашалары менен Ош, Бишкектен алып келинген товарлар кымбатка туруп калып жатат. Бул жактын товарлары арзаныраак чыгып калат.

Кыргызстан Тажикстан үчүн жалгыз эшик болчу

Кыргызстан Тажикстандын соода өнөктөштөрүнүн арасында жетинчи орунда турат. Тажикстандын товарларын сатып алуу жагынан биздин өлкө өнөктөштөрүнүн ичинен 10-орунду ээлесе, тескерисинче, Кыргызстандан товар импорттоо жагынан өлкө Түркия менен катар алтынчы-жетинчи орунда туруп, импорттолгон товарлардын дээрлик 5% Кыргызстандан барган товарлар ээлеп турчу. Буга дагы адистердин белгилөөсүндө, Кыргызстандын реэкспорт мүмкүнчүлүгүнүн таасири бар. Акыркы көрсөткүчтөр боюнча, Кыргызстан Тажикстанга товар импорттоо мүмкүнчүлүгү азайып, бир топ артка кеткен.

Көз карандысыздык жылдары Кыргызстан Тажикстандын тышкы соодага ачылган бирден-бир жалгыз эшиги болчу. Анткени, Өзбекстан менен олку-солку мамиледен улам, расмий Ташкент тажик соодагерлерине ээн-эркин соода жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Ал эми экинчи тарабындагы Ооганстан негизинен соода-экономикалык жагынан Тажикстанга көбүрөөк көз каранды болчу. Ошондуктан, тажиктер Кыргызстан аркылуу товарын тышкы дүйнөгө сатып, ошол эле учурда Кыргызстан аркылуу Кытай жана Орусиянын товарларын алып келген.

ЖИА бизнес биримдигинин экспорт маселелери комитетинин төрагасы Шумкар Мухтаровдун пикиринде, эки тараптуу сооданын солгундашына дүйнөлүк кризиске да байланыштуу, ошол эле учурда, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсү себеп:

- Кыргызстандын соода системасы реэкспортко байланган болчу. Реэкспорт биздин соода балансыбызды кармап турган. ЕАЭБге киргенден кийин чек аралардын жабылганына байланыштуу реэкспорт кескин кыскарып жатат. Ал эми биримдикке мүчө өлкөлөр ички өндүрүштү өнүктүрүп, аймактын базарларында бири-бирибиз менен соода-сатык кылалы деп жатышат. Бирок азырынча бизде өндүрүш өнүгө элек.

Соода алмашуу көмүскөгө кетти

Кыргызстандан Тажикстанга негизинен аткезчилик жана башка жолдор менен күйүүчү май, кургатылган мөмө-жемиштер, күрүч сатылат. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин, күйүүчү майды алып өтүү кымбатка туруп калгандыктан, тажикстандык соодагерлер күйүүчү майды Орусиядан түз, Кыргызстан аркылуу транзиттик жол менен алып өтө башташты. Бул дагы өз кезегинде кагаз жүзүндө товар алмашуунун азаюусуна алып келип жатканын белгилеген экономист Жумакадыр Акенеев эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуу учурда негизинен көмүскөдө жүрүп жатат деп эсептейт:

- Сөздүн ачыгын айтуу керек, бизге айыл чарба товарлары азыр Тажикстандан аткезчилик жол менен кирип жатат. Мурунку убакта эки тараптуу мамиле аркылуу кирип турчу. Анткени, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин, биримдиктен тыш өлкө катары Тажикстандын товарлары үчүн чоң көлөмдөгү акча төлөөгө туура келет. Ошондуктан, товар алмашуу көмүскөгө өттү да, расмий көрсөтүлбөй калды. Чындыгында товар алмашуу азайган деле жок.

ЕАЭБге киргенден кийин чек аралардын жабылганына байланыштуу реэкспорт кескин кыскарып жатат.

Кыргыз-тажик соода-экономикалык мамилеси тууралуу кеп болгондо адистер Айдаркендеги сурма комбинаты менен кызматташып келген Анзоб тоо кен комбинатын эстешет.

Бир нече жыл мурун Айдаркен сурма комбинаты Тажикстандын бул комбинатынан сурма-сымап концентратын алып турган. Кийинчерээк эки ишкананын ортосундагы мамиле үзүлүп, Анзоб комбинаты концентратын Кытайга сата баштаган. Расмий маалыматтар боюнча, анзоб концентратынын курамында сурма 40-60%, ал эми сымап 1% чейин жетчү.

Кыргыз-тажик соода алакасынын кыскарганы тууралуу 22-ноябрда Бишкекте өткөн эки өлкөнүн өкмөттөр аралык жыйынында да айтылды. Анда тажик тарап негизинен Кыргызстандын электр энергиясына, тоо кен жана туризм тармагына кызыгуусун билдирди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG