Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:09

2015-жылдын сегиз айында Кыргызстандын 36 өлкө менен болгон соода жүгүртүүсү кыскарып, анын айынан товардын импорттук көлөмү 21 пайызга төмөндөп кетти.

Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр менен чек арадан кирип чыгуу жакшы жөнгө салынбагандыктан “Дордой” базарындагы соода кескин солгундаганы айтылууда. Кыргызстандын ички-сырткы соода жүгүртүүсүнүн төмөндөшүнүн себеби эмнеде?

"Арай көз чарай" талкуусуна Экономика жана өнөр жай министрлигинин түндүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев, “Дордой” базарынын кесиптик кошуундарынын төрайымы Дамира Дөөлөталиева жана ЖИА бизнес бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акматбек катышты.

Зайнидин Жумалиев: Соода жүгүртүүнүн төмөндөп кетишинин себептери көп. Мисалы, биздеги айнекти, цементти Казакстан көп алчу, быйыл бир топ азайып кетти. Анын себеби Казакстандагы курулуш тармагынын солгундашы менен түшүндүрүшүүдө. Ошол эле учурда быйыл Казакстанга жашылча-жемиштер мурдагы жылдарга салыштырганда көп экспорттолууда. Былтыр 4 миллиондун тегерегинде товар жөнөтсөк, быйыл 12 миллиарддан ашты.

Дамира Дөөлөталиева: Бажы союзуна кирип жатканда өкмөткө жардам берип, ишкерлер арасында көп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз. Быйыл августтан бери биримдикке кирдик, бирок натыйжасын көргөн жокпуз.

Соода токтоп калды, чек арага чейин эле коррупциялык көрүнүштөр көп болууда, жолду көзөмөлдөгөндөр автобустарды токтотуп кыйнап жатат. Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү да өзүнчө салыктарды салып, коркуткандар көбөйдү. Өкмөткө, министрликке каттарды жазып жатабыз, жооп жок. Ишкерлерди коргойбуз деп көп эле айтылат, иш жүзүндө аны көргөн да, сезген да жокпуз.

Руслан Акматбек: Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде базар ачылат деп эле көп айттык. Базар биз тарапты көздөй ачылды да. Ага көңүл бурбай келатабыз.

Экспорттук потенциалыбызды так белгилешибиз керек. Мисалы, жашылча-жемиштерди үзүп алып эле сатып жатабыз, аны кайра иштетип сатууну колго алышыбыз керек болчу.

Бизде тышкы соода менен иштеген бир мекеме, бирдиктүү саясат жок. Өнүккөн өлкөлөрдө соода тармагы боюнча иштей турган чоң саясат жүрөт. Мисалы, Түркиянын азыркы экспорттон тапкан акчасы 158 миллиард доллар болууда, аны 2023-жылы 500 миллиард долларга жеткиребиз деп план коюшууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG