Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Солтонов: Кампада буудай жетиштүү


Акыркы бир апта ичинде Кыргызстанда ундун баасы кескин көтөрүлдү. Муну адистер кургакчылыктын айынан түшүмдүн аз болгону менен байланыштырышууда.

"Түшүм аз болсо, Кыргызстандын эли кышында кантет" деген суроого мамлекеттик материалдык резерв корунун директорунун орун басары Каныбек Солтонов жооп кайтарды.

“Азаттык”: Кыргызстандын буудайга болгон бир жылдык керектөөсү 1 миллион 100 миң тонна. Мамлекеттик резерв мунун канча пайызын канааттандыра алат?

Каныбек Солтонов: Биздин шартка ылайык, 93 пайыз буудай боюнча бар. Андан сырткары 100 миң тонна Орусиядан келери айтылып жатпайбы, анын ичинен 20 миңи грант катары, 80 миңин 2013-2014-жылдары кыргыз өкмөтү төлөп берет.

“Азаттык”: Ошолорду кошкондо Кыргызстан канча пайызга камсыз болот?

Каныбек Солтонов: Эми аны айтууга болбойт.

“Азаттык”: Кампада ун түрүндө сакталабы, же буудай түрүндөбү?

Каныбек Солтонов: “Мамлекеттик резервден элге 32 тонна ун түрүндө берилсин же сатылсын” деген тарыхта болгон эмес. Быйыл ошонун 20 миң тоннасы калды, 10 миң тоннасы берилген. Биздин базар үчүн 20 миң тонна чоң көлөм.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуздар:



“Азаттык”: Бир сөз менен айтканда Кыргызстан кышка даярбы?

Каныбек Солтонов: Ооба, азык-түлүк коопсуздугуна өкмөттүн буйруктары, монополияга каршы комитет, баасы боюнча Айыл чарба министрлиги даяр. Мамлекет бардыгын карап, өзүнүн нугунда алып баратат.

XS
SM
MD
LG