Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

"Кызыл кулактарды" ким ооздуктайт?


Казакстан жана Орусиядагы кургакчылыкка байланыштуу быйыл буудайдын түшүмү аз болору, бул Кыргызстандагы нан азыктарынын баасына таасирин тийгизери айтылууда.

"Арай көз чарай" талкуусуна айыл чарба адиси, экс-министр Жамин Акималиев менен Жалал-Абаддагы “Кенч” айыл чарба кооперативинин башчысы Акыбай Сооронбаев катышты.

“Азаттык”: Жамин мырза, эмне үчүн Кыргызстан буудай, ун жагынан Казакстан менен Орусияга көз каранды боюнча калып жатат?

Акималиев: Быйылкы жылы аба ырайы катаал болду. Кыш абдан узак болуп, ным топтолуп, күн өтө ысып кетип, жаз болбой эле жайга өтүп, айдалган эгин чыкпай калды.

Эң негизгиси – айыл чарба тармагына мамлекет тарабынан көңүл бурулбай жатат, бизде агрардык саясат жокко эсе. Биздин бийлик өлкөнүн экономикасынын негизги пайдубалы – айыл чарба экенин билсе да билгилери келбейт. Алар айыл чарбаны жазында жана күзүндө гана эстешет.

Сооронбаев: Аба ырайы да таасирин тийгизди. Бирок мен да айыл чарбасына мамлекет көңүл бурбай жатканын айта кетет элем. Кыргызстандык дыйкандар буудайдан пайда жок болгон үчүн эгин аянты кыскарып, жерлер бош калып атат. Агрардык саясаттын жоктугунан 2009-жылы дыйкандар буудайды көп айдап алып, түшүмүн сата албай кыйналышкан.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Казакстан буудайдын баасын көтөрүп, бүгүнкү күнү тоннасына 250 доллар сурап жатканын кыргызстандык ун өндүрүүчүлөр айтып атышат. Бул баа 1-июнда эле 170 доллар болчу дешет алар. Ошол ун өндүрүүчүлөр жакынкы күндөрү өкмөт менен жолугушуп, ундун баасын 2 сомго көтөрүп берүүнү суранышмакчы. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча баалар көтөрүлө баштады. Акыбай мырза, Жалал-Абадда кандай?

Сооронбаев: Жалал-Абадда ундун баасын көтөрүп атышат. Ун өндүрүүчүлөрдүн баа көтөрүүсүн күтүп отурбай эле кымбаттатып алышты. Акыркы үч-төрт күндөн бери 1-сорттогу 1 кап ун 150-200 сомго кымбаттады. Мисалы, мындан бир жума мурда 1 мүшөк ун 850 сом болсо, бүгүн 1000-1050 сом болуп атат.

Акималиев: Ортодон кызыл кулактык кылып, бааны көтөрүп, акча жасап жаткан шылуундарды мамлекет ооздукташы керек. Так ошолордун айынан бүгүнкү күнү элдин көпчүлүгү жакыр болуп атат. Кызыл кулактардын заманы болуп турат, аларга эч кандай чара көрүлгөн жок. Мен ошол шылуундар менен биздин өкмөттө отурган адамдар биригип алышкан го деп чочулап турам.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG