Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:10

Жалал-Абадда башталган жазгы талаа жумуштары кыйла кыйынчылык менен коштолууда.

Жалал-Абадда талаа жумуштары жылдагыдан кеч башталды. Ага жаздын кечиккени себеп болду. Ушул күнгө дейре облуста эгин эгилүүчү 95 миң гектар жердин 40 пайызы гана айдалды.

Облустук бийликтин агрардык бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Осмоналиев талаа жумуштары али баштала элек тоолуу (Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо) аймактардын техникалары учурда айдап-себүү иштери жүрүп жаткан Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондоруна тартылганын айтууда.

Осмоналиевдин билдиришинче, өкмөттөн талаа жумуштарына 375 тонна дизель отуну, 30 тонна беде жана 124 тонна жүгөрү үрөнү, дыйканчылык менен мал чарбасы үчүн 124 миллион сом жети пайыздык насыя бөлүнгөн. Кылкандуу дан эгиндеринин 88 пайыз үрөнү камдалган. "Бирок пахта үрөнү тартыш болууда", - дейт ал:

- Бүгүнкү күнгө чейин 35 миң гектар жер айдалып, колдо болгон бардык техникалар айдоо иштерине пайдаланып жатат. Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо зоналарына жаз кеч келет. Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунун төмөнкү зоналарында айдап-себүү иштери кызуу жүрүп жатат. Үч райондо - Ноокенде, Базар-Коргондо, Сузакта пахта эгүү башталган. Чигиттен көйгөй бар. Бул маселеде коңшу облустар менен иштеп атабыз. Күнкараманын үрөнү жагынан маселе жок.

Анткен менен дыйкандар айдап-себүү ишинде кыйынчылыктарды тартууда. Кыштын эрте түшүп, кеч чыккандыгынан сузактык Кылыч Маматаев үлүшүнө буудай себе албай, эми күнкарама эгүүнү көздөсө, ал үчүн трактор тартыш.

Ал өкмөт дыйканчылыкка кам көргөн расмий маалыматтарга ишенбей, техниканын жоктугу менен үрөн, күйүүчү май бааларынын кымбаттыгынан өзү жашаган Ачы өрөөнүндө жер айдала электигин билдирди. Маалынан кеч, кымбат баага өстүрүлгөн эгин мээнетти актабай калышы да ыктымал:

- Айылдарда техника жок, дегеле кыйын. Күнкараманын уругун мен бир жерден сүрүштүрдүм, бир килограммы жети жүз сом экен. Аны сатып алууга бизге окшогон карапайым дыйкандардын алы жетпей жатат. Солярка Жалал-Абадда 42 сом турат экен. Бир токумдай жер айдалган жок. Айдайын десе карапайым эл эмне кылсын, техника жок. Биздин айылда трактор 3 миң сомго айдайт. Ал акчага жерди айдатсаңыз малалаганга бир жарым миң сом, техника чыгымдары менен бирге баары 7-8 миң сом жумшалат. 8 миң сомго 200 килограмм күнкарама түшүмүн алсаңыз ал эмне болот? Аны 25 сомдон сатсак, 5 миң сом болуп атат, мээнет кайда калат? Ошентип жерлер кысыр калып жатат да.

Техниканын тартыштыгын базаркоргондук дыйкандар да сезүүдө. Алар үрөн менен жер семирткичти да базардан сатып алышат. Акимбек Нуралиев жүгөрү себиле турган өз жерин айдатуу үчүн туугандарына трактор табууну табыштаптыр:

- Бир гектар жетимиш беш сотик жерим бар. Бирок техниканын жетишсиздигинен ал жеримди айдата албай турам. Айылдагы тракторлор жерди өтө кымбатка, бир гектар жерди 3 миң сомго айдап атышат. Өнүгүү программасындагылар бир жарым миң сомдон айдап беребиз дешкен болчу. Бирок алардын трактору азыр келе элек, убакыт болсо өтүп атат. “Күйүүчү майы да ошол бир жарым миң сомдун ичинде” деп бизге кабар айтышкан. Эгинди эгеер маал өтүп баратат. Ошондуктан кымбат болсо да айылдыктар ошо үч миң сомго жер айдатып, эгип атышат. Мен да инилериме, туугандарыма "кымбат болсо да тракторду тапкылачы, айдаталы. Өнүгүү программасынын тракторлору келгиче жер катуу болуп калат окшойт" деп айттым. Мамлекет дыйкандарга үрөн таап берип жатат, жер семирткич бере элек.

Кимсан Балтабаевдин күрүч өстүрөөр үлүшү да чийиле элек. Бирок үрөнүн камдап алган дыйкан жерин иштетүүгө күчү жетээрин жашырган жок:

- Бензин кымбат, солярка андан кымбат. Мен али жеримди айдата элекмин. Күрүч эгүүнүн убактысы келе элек. Убактысы келгенде кетмендеп, же трактор менен эгебиз да.

“Жерди күз айда, күз айдасаң жүз айда” дегендей, мээнетинин акталышын каалаган адамдар жаздын ар бир күнүн талаа иштерине жумшаганы байкалат. Расмий маалымат боюнча, облуста иштетүүгө мүмкүн эмес, таштак деп эсептелген 20 миң гектар жер жылына айдалбай кала берет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG