Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Инвестор тартуу сөз бойдон калуудабы?


Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү параментте.
Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү параментте.

Жогорку Кеңеш инвестиция тартуу саясатын премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда талкуулады. Өкмөт өткөн жылы инвестиция тартуу 12 пайызга өскөнүн маалымдаса, айрым депутаттар өкмөттүн бул багыттагы ишин сындады.

Сариев: ЕАЭБден биз уттук

Премьер-министр Темир Сариевдин маалыматында өткөн жылы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда гана экономиканын өсүү деңгээли сакталып, ал 3,5 пайызды түзгөн. Орусияда тикелей инвестиция тартуу 92 пайызга төмөндөп, Казакстанда бул көрсөткүч 66 пайызга жеткен учурда, Кыргызстанда инвестициянын көлөмү 12 пайызга өскөнү белгиленди. Темир Сариев өткөн жылы негизги инвестициялык долбоор катары Жерүй жана Тереккан Перевальное кендери боюнча конкурстун өтүшүн атады.

- Бул кендерге конкурс өткөрүү менен 7,5 млрд сом пайда түшүрө алдык. Казактын премьери менен сүйлөшкөндө ал мага таң калды. “Ушундай кризис учурунда кантип инвесторлорду тартып атасыңар” - деген суроо узатты. Мындан башка 2015-жылы өлкөдө 10,5 миң чакан жана орто ишкана иштеп жаткан. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга көп.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Экономика министри Арзыбек Кожошев өлкөгө соңку жылы КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция эки эсеге көбөйгөнүн кошумчалады. Жалпысынан алганда инвестиция бир жылда 818 млн АКШ долларды түзгөн.

- Энергетика тармагында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо, Датка-Кемин электр линиясын ишке бердик. Тоо-кен тармагында Алтынкен жана Бозумчак кени ишке киргизилди. Кара-Балта жана Токмок мунайды кайра иштетүүчү заводдор иштеп жатат.

Экономика министринин айтымында, 2018-жылга 25 млн долларга мерчемделген Novatell мейманканасы курулуп бүтүшү керек. Кара-Балтада текстиль фабрикасы менен Красная речка айылындагы эт-сүт комбинатынын курулушу да башталганын маалымдалды.

Сандар иш менен дал келбегенде...

Бирок парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөттүн инвестициялык долбоорлору сөздөн ишке өтпөй жатканын сындады. Ошол эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерге каражат бербей кечеңдетип жатса, органдар бир жагынан бизнести текшерүүнү азайткан жок. Мындай кырдаалда инвесторлор коңшу өлкөлөргө качууга аргасыз экенин айтты:

Мирлан Жээнчороев
Мирлан Жээнчороев

- Мисалы, жыл башынан бери Орусия менен Казакстан бизнести текшерүүгө мораторий жарыялады. Инвестор дайыма жеңил жакты издейт. Ошондуктан коңшу өлкөлөргө чыгып кетпеш үчүн биз дагы шарттарды жеңилдетишибиз керек болуп турат. Өкмөт бизнести текшерүүчү органдар эки эсе кыскарды дегени менен иш жүзүндө 13 орган иштеп жатат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өтө жай кыймылдап убакыттан уттуруп жатат. Биз инвестиция чөйрөсүндө иштеген субъектилерди күндөн күнгө жоготпошубуз керек.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин инвестициялык абалдын начарлашы көпчүлүк депутаттар берген негизги суроолордон болду. Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев да ЕАЭБ Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун төмөндөткөнүн айтууда. Ал уюмга кирүү саясий чечим болгондуктан, бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүндө болгон инвестиция көрсөткүчүнүн төмөндөөсү Кыргызстанга дагы тиешелүү экенин айтты:

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

- Биздин өкмөт инвестициянын өлчөмү боюнча так маалыматты айтпайт. Чындыгында биз жакынкы жылдарда инвестициялык жагымдуулукту калыбына келтире албайбыз. Эгерде жөнөкөй мисал алсак, өкмөт быйыл камсыздандыруу, бийик тоолуу айылдарга жөлөк пулду ажыратуу дагы бир катар демилгелерди көтөрүп чыкты. Мунун бардыгы каражаттын тартыштыгынан. Эгер чындап инвестициянын абалын көрсөткүсү келсе, өкмөт биздин өлкөдөн чыгып жаткан капиталдын суммасын да көрсөтүшү керек. Бул жакта чоң сандар жатат. Биздикилер болсо кирген акчаны гана көрсөтүп, экинчи жагын айтпай атат.

Тоо-кен тармагы боюнча айткан Үмөталиев, кен казууда ачыктык орногондо инвесторлорду тартуу бүгүнкүдөн да жеңил болмоктугун кошумчалоодо. Кендер саясий топтордун кызыкчылыгынан арылып, жарандардын көзөмөлүндө өткөн убакта гана инвестор менен жергиликтүү элдин кагылышуусу азайып, мамлекет көбүрөөк пайда тапмак.

Дүйнөлүк банктын эл аралык рейтингине ылайык, өлкөнүн инвестициялык маанайы 189 өлкөнүн ичинде 67 орунда жайгашкан. Ал эми жыл башында дүйнөлүк Moody’s жана Standard & Poor’s агенттиги Кыргызстанга алгачкы кредиттик рейтинг ыйгарып, ошол эле учурда өлкө эл аралык валюта фондунун көмөгүнө муктаж экендигин аныктаган.

XS
SM
MD
LG