Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Зергерлер мамлекеттен колдоо күтөт


Кыргызстанда зергерлик тармагын өнүктүрүү менен малекеттин казынасына 156 млн. кошумча каражат алып келүүгө боло турганын адистер белгилеп жатышат.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: “Келдике” зергер компаниясынын негиздөөчүсү, Зергерлер бирлигинин жетекчиси Чыңгыз Макешов, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов жана зергер Жакшылык Чынтемиров.

“Азаттык”: Кыргызстан жыл сайын орто эсепте 20 тоннадай алтын, 5 тоннадай күмүш өндүрөт. Бирок атамекендик зергерлер анын 2-3 пайызын гана иштетишет. Сиз зергерлик тармакты реформалоо менен мамлекеттик казынага 156 млн. сом каражат түшмөк деп айтып келесиз. Бул тармак кандай реформага муктаж?

Чыңгыз Макешов: Кыргызстанда эң негизги маселе – зергерлер металлга муктаж. Биз дайыма эле мынча тонна алтын, күмүш табабыз деп айтып келгенибиз менен жергиликтүү зергерлердин колуна тийбейт. Бул суунун үстүндө отуруп алып кошунадан бир стакан суу берип койчу дегенге окшош.

Чыңгыз Макешов
Чыңгыз Макешов
Азыр Кыргызстанда катталган 600 ишкананын 540ы алып-сатуучу компаниялар. Алардын 60ы гана өндүрүш тармагында иштейт. Статистиканы карасак кыргызстандык зергерлер көбүнчө Казакстан менен Орусияга экспорттошот. Ички рынок ашып барса жылына 1 тоннанын тегерегинде болот.

С.Чокморов атындагы окуу жайында зергерчиликке даярдаган бөлүм бар. Ал жерден жылына 30дай бала бүтөт. Бирок аларда керектүү жабдуулар жок. Бул маселени мен Каржы, Экономиканы жөнгө салуу министрликтерине барганда көтөрүп, "жок дегенде жабдуу алып бергиле, ошого иштеп балдар үйрөнсүн" деп айттым эле.

Бакыт Жетигенов
Бакыт Жетигенов
Окууну бүткөн балдар бизге келип иштеп кете алышпайт. Ал жакта студенттер сүрөт тартып эле теория жагын гана окуп үйрөнүшөт.

Мыйзамды өзгөртүш керек, Салык кодексинен өзгөртүш керек деп канча убактан бери какшап келатабыз. Мисалы, 1 грамм алтынды түрк иштеп чыкса, ага 38 сом салык түшөт. Түркияда кошумча нарк салыгы 18%, бизде 12%. Бирок Кыргызстанда эсептеп келсе салыгы 144 сомго чыгат.

Дагы бир чоң маселе - текшерүүлөр. Алтын, зергер дегенде эле бизде текшерүүчүлөр дароо баса калат. Биз канчалаган жарманкелерге катышып, инвесторлорду Кыргызстанга келгиле деп чакырабыз. Алар алтындын баасы, салык тууралуу маалымат алганда эле “рахмат” деп кетип калышат.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Бул тармакты өнүктүрүүгө тоскоолдуктар көп деп айтылат. Зергерлерге кандай шарттар керек?

Жакшылык Чынтемиров: Көп нерселер талап кылынат. Сүрөтчүлөрдү даярдаш керек, өкмөт жагынан колдоо керек. Азыр ар ким өзүнүн гана аракети менен иштеп атат. Мамлекет жагынан кичине жеңилдиктер берилсе, көмүскөдө иштеген балдардын көбү ачыкка чыгабыз деп эле айтышат. Текшерүүлөр көп эле болот. Көргөзмө, жарманкелерге деле ар ким өз чама-чаркын, мүмкүнчүлүгүн карап катышат. Азыр көпчүлүк зергерлерге металл жетишпейт, издеп жүрүшөт.

Жакшылык Чынтемиров
Жакшылык Чынтемиров
“Азаттык”: Зергерлик тармакты өнүктүрүү менен экономиканын бир капталын тартып кетүүгө болот деп жатышат. Бул тармакты өнүктүрүүгө мыйзамдык кандай өзгөрүүлөр керек деп ойлойсуз?

Бакыт Жетигенов: Мен "Кумтөр" боюнча комиссиянын мүчөсү болдум. Жакында эле Кара-Балтадагы цехке барып келдик. Бул жерге "Кумтөр" алтынды ишеткенге берет экен. Ал жерде алтынды иштетип, кайра "Кумтөргө" өткөрүп берет экен. Алтын да, күмүш да өзүбүздө калбайт экен. Бизде шлак деген таштанды сыяктуусу бар, ошонусу эле калат экен. Ошону эптеп иштетип алышат. Ошондой болуп атса бизде каяктан алтын болмок эле? Өзүбүздүн алтынга өзүбүз ээ боло албайт экенбиз. Башынан эле саясат туура эмес болгон.

XS
SM
MD
LG