Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

“Өтүкчүнүн өтүгү жок” дегендей, Кыргызстанда тонналаган алтын-күмүш өндүрүлсө да, аны жергиликтүү зергерлер иштете алышпайт. Алар Кыргызстандын алтын-күмүшүнө караганда чет элдикин сатып алган пайдалуу дешүүдө.

Мындан улам зергерлер өкмөткө бир катар сунуштар менен кайрылган эле. Эгер алар ишке ашса, өлкө казынасына миллиондогон акча түшүрүп, миңдеген жумушчу орундарын түзүүнү убада кылышкан.

Зергерлер абалы: убада качан аткарылат?

Бакыт Асанкан уулу Бишкектеги зергердик ишканалардын биринде эмгектенет. Бул кесипти аркалаганына 8 жыл болду.

“Зергерчилик өзгөчө кылдаттыкты, чыдамкайлыкты жана мээнетти талап кылат” деген Бакыт зер буюм кантип жасаларынан кеп салды. Иш алгач жасалуучу буюмдун чиймесин чийүүдөн башталат.

- Андан кийин биз ошол сөйкө, шакек, билериктердин өлчөмүн алабыз. Узун-туурасын ченеп алып, ошого жараша даярдап баштайбыз, эритип. Өздөрүнүн аппараттары бар. Эгер зым болсо чойобуз. Филигрейн, скайн деп койот. Выпиловка деп койобуз жанагы кештелерин кесип өзүнүн бетине чаптаган. Ката кетирип алсак эритип кайра башынан жасайбыз.

Ошентип зер жасалганын бир топтому жөнөкөйдөн татаалына карай бир ай убакыттын ичинде жасалып бүтөт.

Айласыз көмүскөдө...

Кыргызстанда зергерчилик менен 50 чакты ишкана шугулданат. Бирок өлкөдө 18 тонна алтын, 5 тонна күмүш казылып алынганына карабастан жергиликтүү зергерлер анын 2 гана пайызын иштетишет дейт Зергерлер бирлигинин жетекчиси Чыңгыз Макешов. Анткени кыргызстандык зергерлер үчүн ал кымбатка түшүп калат. Мындан улам алар чийки затты көбүнесе чет элден алып келип, ишмердигин да жарым-жартылай көмүскө жүргүзүүдө.

- Эгерде жөнөкөй сөз менен айтсак, чет мамлекеттик Жонго 100 сомдон сатса, кыргызстандык Ташматка 120 сомдон сатат. Жыйырма сомго кымбат да. Анткени мунун ичинде НДС отурат, сатыктан салык турат, комиссия отурат. Зергер ишкер 200 сом тапса, аны бүт ачык салыктарды төлөгөндө андан мамлекет 240 сом сураса, анда кайсы ишкер ачык-айкын иштейт?

Зергерлер бирлиги өкмөткө кайрылып, 5 пайыздык акциз салыгынан бошотууну, күмүштү кыргызстандыктарга сатканда алынчу 12% кошумча нарк салыгын жоюуну, лабораториясы бар зергерлерге зер жасалгаларга проба басууга уруксат берүүнү өтүнүшкөн.

Сыртка агылган акча

Бүгүнкү күндө зергерлик тармактан мамлекет чөнтөгүнө 20 миллион сом түшөт. Эгер өкмөт колдоо көрсөтсө бул сумма дагы көбөйүп, кошумча жумушчу орундары түзүлмөк дешет алар.

"Кумтөр" алтын кени
- 20 миллион сом абдан аз эле акча. Эгерде бизге ошондой шарттар түзүлсө, биз 20 миң орун камсыз кылсак, кирешеден түшкөн салыктан эле биз баш-аягы менен 280 миллион сом чогулта алабыз.

Эки ай мурда ишкерликти жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеште анын жетекчиси, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев зергерлердин өтүнүчүн ишке ашырууга убада берген. “Бирок убада берилгени менен азыркыга чейин кол коюлуп чечим чыга элек” дейт Чыңгыз мырза.

Дүйнөлүк базардагы бир грамм алтындын учурдагы баасы 2265 сом. Кыргыз алтындары чет элдик акча менен сатылып кетип жатканын, анын ордуна өзүбүздүн акча менен соодаласа, сомдун баркы артмактыгын, анткени Кыргызстан бир жылда өндүргөн алтын 40 миллиард сомдон ашуун акчаны түзөрүн Чыңгыз Макешов кошумчалап өттү.
  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG