Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Аймактарга бюллетендер жеткирилди


Ушул тапта шайлоого даярдыктар кызуу жүрүүдө.
Ушул тапта шайлоого даярдыктар кызуу жүрүүдө.

Кыргызстанда президенттик шайлоо үчүн даярдалган бюллетендер өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жеткирилип бүттү.

Ушул тапта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин тактоо менен алек болууда. Ал арада 30-октябрдагы президенттик шайлоого көз салабыз деген эл аралык байкоочулардын саны 300дөн ашканы маалым болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Аргынбаевдин билдиришинче, шайлоочулардын толук тизмеси белгилүү болгондон кийин айрым аймактарга кошумча бюллетендер жиберилиши мүмкүн:
Миграциядан улам дареги алмашкан адамдардан 63 миңдей арыз түштү. Мунун ичинен 36 миңи системага киргизилип, орду-ордуна турду.

- БШКнын бекитилген токтомунун негизинде шайлоо бюллетендери “Учкун” ишканасында басылып, бүгүнкү күнгө бардык райондорго бюллетендер жеткирилди. Бул бюллетендердин мурдагы жылдагылардан айырмасы - ар биринин сыртында номур жазылып, 100 даанадан пачкаланып, китепче түрүндө чыгарылды.

Ушул тапта аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилген бюллетендер шайлоого эки күн калганда жергиликтүү участкалык шайлоо комиссияларына таратылмакчы. Ага чейин алдын ала добуш берүүнү каалаган жарандарга гана берилет.

Тизмени тактоо уланууда

Шайлоого бир аптадай убакыт калганда БШКда атайын түзүлгөн топ шайлоочулардын тизмесин борборлоштурулган жалпы тизмеге киргизүүнү улантууда.

Боршайком мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун билдиришинче, азыркы тапта тизмеден өз ысымдарын таба албай, атайын арыз менен кайрылган 41 276 адамдын өздүк маалыматы системага киргизилди. Ал эми 3576 жарандын ысымдары оңдолуп чыкты:

- Миграциядан улам дареги алмашкан адамдардан 63 миңдей арыз түштү. Мунун ичинен 36 миңи системага киргизилип, орду-ордуна турду, ал эми 27 миң адамды системага киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул үчүн 30 адам эки нөөмөт менен иштеп жатат.

21-октябрда БШК президенттик шайлоого байкоо салууну каалаган дагы 102 эл аралык байкоочуну каттоого алды. Натыйжада бүгүнкү күнгө карата каттоодон өткөн эл аралык байкоочулардын саны 316га жетти. Байкоочуларды каттоо иштери 27-октябрга чейин созулат.

БШК мыйзам бузгандарга эскертүү берди

Ал арада “Ойлоном, тандайм, келечегим бар” маалыматтык кампаниясынын уюштуруучулары Кыргызстанда бир катар мыйзам бузуулар орун алып жатканын жар салышты.

Аталган маалыматтык өнөктүктүн басма сөз кызматчысы Айсулуу Сартпаеванын айтымында, Бишкектеги эки жогорку окуу жайдын жетекчилиги студенттерди окуу жайдын аймагында каттоого тургузууга аракет кылганы аныкталды:

-“Ойлоном, тандайм, келечегим бар” кампаниясы бизге түшкөн арыздардын негизинде БШКга кат жолдогон. Бүгүн эле БШКдан кат алдык. Анда биз берген арыздын негизинде аталган эки ЖОЖдун ректоруна эскертүү берилиптир.

Айсулуу Сартпаева кошумчалагандай, 3-октябрда башталган бул өнөктүктүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар боюнча 40тан ашык телефон чалуулар болгон.

Ушул тапта БШКнын мүчөлөрү тарабынан чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу иштери да улантылууда. Буга чейин Орусиянын Москва, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында мындай иштер жүргүзүлүп бүткөн.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.

Тасмада: “Ойлоном, тандайм, келечегим бар!”

21-октябрда өткөн ушундай аталыштагы акциянын уюштуруучулары татыктуу деп эсептеген талапкерге добуш берүү канчалык маанилүү экенин көрсөтүштү. MiT


“Ойлоном, тандайм, келечегим бар!”
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG