Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 516 миңге чукул кыргызстандык катталган. Алардын 420 миңден ашууну шайлоого укуктуу жарандар. Бул Ысык-Көл же Баткен облустарындагы калктын санына барабар дегенди билдирет.

Парламенттик шайлоого даярдыктар тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева жана шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эгемберди Мырзабеков "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Орусияда канча кыргызстандык 4-октябрда шайлоого катышат деп күтүлүп жатат? Биометрикалык маалымат тапшырып, каттоого тургандардын саны канча?

Кулукеева: Жалпы Орусия боюнча 10 миңден ашык жарандын тизмесин Кыргызстандагы Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөткөнбүз. Анда Орусиянын алты ири шаары – Москва, Екатеринбург, Санкт-Петербург, Новосибирск, Красноярск жана Владивосток шаарларында консулдук каттоого турган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган кыргызстандыктардын тизмеси бар. Азыркы күндө Кыргызстандан такталган тизмени күтүп жатабыз. Ал тизмени алган соң так санын айта алабыз.

Москвадагы мигранттар

Москвадагы мигранттар

"Азаттык": Орусиядагы кыргызстандык шайлоочулардын үлүшүнүн ушунчалык төмөндүгү биометрикалык маалыматтарды тапшыруу талаптарын киргизгенден болдубу, же Орусияда жүргөн жарандар негизинен эле шайлоого аз катышабы?

Кулукеева: Мен мындан мурунку шайлоого катышкам. Ал убакта да элчиликте иштечүмүн.

Мурда биометрикалык маалыматы боюнча шайлоо өткөрүү жок болгон кезде деле шайлоочулардын саны аз болуп келген. Ошондо эле консулдук каттоого туруу талабы бар болчу. Бүгүнкү күндө биометрикалык маалымат тапшыруу боюнча мыйзам чегинде эки талап коюлууда.

Биринчиден, ушундай эки талап коюлгандыктан “мигранттар шайлоого катыша албай калды, шайлоо укуктарынан ажырап калды” деген сөз туура эмес.

Экинчиден, сиз да Москвада жүрөсүз, бул шайлоодо пассивдүүлүк байкалып жатат. Биз бир жылдан бери биометрикалык маалыматтарды чогултуп жатабыз. 5-10 киши болсо да элчиликтин кызматкерлери барып, “бул - мыйзам, шайлоого катышууга каалооңор болсо, биометрикалык маалыматтарыңарды тапшыргыла”, “2016-жылы биометрикалык паспорт бериле баштаса, ары-бери жүгүрбөй оңой аласыңар” деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик. Бирок бүгүнкү күндө элдин пассивдүүлүгү себеп деп ойлойм. Биз эч кимди мажбурлап алып келип, өткөрө албайбыз. Бул ар бир жарандын өз каалоосу.

Айымкан Кулукеева

Айымкан Кулукеева

"Азаттык": Москва шаары жана Москва облусу боюнча шайлоо бөлүмү бир гана элчиликте ачылыптыр. Бул аймакта кыргызстандык жарандардын көпчүлүгү катталган. Бүгүнкү күндө даярдыктар кандай жүрүп жатат? Добуш берүүчүлөрдү толук тейлей аласыңарбы?

Кулукеева: Шайлоо боюнча Конституциянын 2-беренесиндеги 2-пунктта "чет өлкөлөрдө шайлоо участоктору КРнын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин аймагында гана түзүлөт" деп жазылып турат. Ошого ылайык Орусия боюнча жогоруда аталган алты ири шаарда шайлоо участоктору ачылды.

Экинчиден, 10 миң шайлоочу тууралуу маалымат жалпы Орусия боюнча айтылып жатат. Анын ичинде, албетте, көбүрөөк саны Москва жана Москва облусунда болушу ыктымал. Бирок Москвада канча болсо да, биз шайлоочулардын шайлоо укугун жүзөгө ашырууга бардык шарттарды түзүп жатабыз.

"Азаттык": Партиялардын байкоочулары катталдыбы?

Кулукеева: Байкоочулардан бүгүнкү күндө бир гана “Республика Ата-Журт” партиясынын өкүлү мандатын алып келип катталды. Андан тышкары дагы эки партиянын өкүлдөрү шайлоо участогунун иши менен таанышып кетишкен экен. Жакында башка партиялардын өкүлдөрү дагы мандаттары менен келип, байкоочу катары катышат деп күтүп жатабыз.

"Азаттык": Шайлоо күнү кыргызстандык шайлоочулардан кандай документтер талап кылынат? Биометрикалык маалымат тапшырып, консулдук каттоого тургандыгын аныктаган кагаздар дагы керек болобу?

Кулукеева: Шайлоо күнү өзүнүн паспорту менен келип добуш бере алат. Башка эч кандай кошумча кагаздар талап кылынбайт.

"Бардыгын тейлегенге үлгүрөбүз"

Кыргызстандык шайлоочулардын басымдуу бөлүгү катталган Москвадагы шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эгемберди Мырзабеков шайлоонун жол-жоболоруна токтолду.

"Азаттык": Шайлоого келген адамдардын биометрикалык каттоого тургандыгы текшерилет да. Мындай текшерүүдөн өтүүгө бир адамга канча убакыт сарпталат экен?

Мырзабеков: Биринчи эле пункт – бул биометрикалык маалыматтарын текшерүү. Жаран келип, атайын аппаратка өзүнүн колун коюп, биометрикалык маалыматын тапшырганын далилдейт. Бир жаран мындай текшерүүдөн 5-6 мүнөттө өтөт деп эсептеп жатабыз. Эгерде ошол жерден маалыматы чыкса, ага талон берилет, аны менен жарандык паспорту менен бюллетень алат.

Биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар

Биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар

"Азаттык": Бир жарандын биометрикалык текшерүүдөн өтүүсүнө эле 5-6 мүнөт убакыт керек деп жатасыз. Шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Москвада жайгашкан. Ушундай болсо элчиликтин бардык добуш берүүчүлөрдү тейлөөгө мүмкүнчүлүгү болобу?

Мырзабеков: Мүмкүнчүлүгү бар. Мурунку жылдардагы шайлоочулардын статистикасы дагы бар. Кечээги күнкү маалыматты айтсак, болжол менен Москва жана Москва облусу боюнча 8 миңге жетпеген шайлоочулардын тизмеси бар. Булардын баары келбейт. Жок дегенде 60-70 пайызы келсе, биздин эсеп боюнча, орто эсеп менен 5 миң адам шайлоого катышат дегенди түшүндүрөт.

Биометриканы текшерген бир аппарат орточо эсеп менен бир миң адамга эсептелген. Мен бир жаранга 6 мүнөт деп жатам. Бирок 1-2 мүнөттө дагы болушу мүмкүн. Ошондон бизде 5 аппарат бар. 5-8 миң шайлоочу келген күндө дагы бардыгын тейлегенге үлгүрөбүз.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG