Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоону уюштуруу, тизме түзүү, добуш берүүдө кандай тобокелдиктер болушу мүмкүн экендиги тууралуу “Азаттыкка” кеңири маек берди.

"Азаттык": Тайырбек мырза, бир жылдан бери жарандардын биометрикалык маалыматтары чогултулуп, анын негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлгөн. Бирок тизмеден шайлоочуну табууга келгенде мүчүлүштүктөр чыгууда, ага өзүңүз да күбө болгонсуз. Добуш бергени келген шайлоочу өзүнүн аты-жөнүн тизмеден таба албай калса кандай болот?

Сарпашев: Биометрикалык маалымат тапшырып, бирок шайлоочулардын тизмесинен өзүн таппай калган учурлар көбүнчө мурдатан бир жерде катталып, бирок башка жерден добуш берип көнүп калган жарандар арасында болду. 6-сентябрдан тартып 16-сентябрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында “Өзүңдү тизмеден такта” деген акция өткөргөнбүз. Ага баш-аягы 1-2-тесттин жыйынтыгы боюнча 1 миллион 50 миң адам келип катышып кетти.

Ошондо өзүн тизмеден таппай калгандар кимдер болду?

Биринчиден, биометрикалык маалыматын эртең менен тапшырып эле, түштөн кийин өзүн тизмеден текшерүүнү каалагандар болду. Тапшырылган биометрикалык маалымат борбордук серверге келип түшүп, ал жердеги тазалоодон өтүп, кайра базага баргыча бир жума убакыт өтөт. Ошондуктан, айрымдар маалыматы жок келип, өздөрүн тизмеден таппай калышты. Бул маселе чечилди.

Экинчиден, биз тизмеге шайлоочуларды жашаган дареги, паспортто катталган дареги боюнча жайгаштырдык. Айрымдары өзүнүн айылынан башка айылга же шаарга көчүп келип жашап жүрүшкөн. Көп жыл болуп калгандар, келин болуп келгендер бар. Бирок алар, тилекке каршы, паспортун да, паспортундагы катталган жерин да алмаштырган эмес. Иш жүзүндө жашап жүргөн жеринен шайлоого катышып жүрө берген. Биометрикалык маалыматын тапшырган учурда анын аты-жөнү паспорттогу катталган дареги боюнча тизмеге кирген. Ушундан улам өзүн тизмеден таппай калгандар болду. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, алар мурдатан шайлап жүргөн жерден добуш бергиси келсе, форма-2ни толтуруп, ал жерге убактылуу катталса болорун айттык. Эгерде ал жаран дарегин алмаштыргандан кийин баары бир паспортун алмаштырбаса, эски дарегинде кала берери да айтылды. Бул маселе да форма-2нин жардамы менен жоюлду.

Үчүнчүдөн, өзүнүн аты-жөнүн тиешелүү участоктон таппай калгандардын 90% коңшу участоктон табылып атты. Анткени, көп жылдардан бери шайлоочу өзү жашаган жерге жакын жайгашкан шайлоо участогун тандап алган да, ошол жерден добуш берип жүргөн, ошол жердеги тизмеге түшкөн. Ал эми бүгүн биз биометрикалык маалыматтарды чогултууда паспортто көрсөтүлгөн дареги БШКдагы картага жараша жайгаштырылды. Ошондуктан, айрым жарандар өздөрүн мурдатан добуш берип жүргөн шайлоо участогунан эмес, коңшу участоктон таап жатышты. Үчүнчү себепти жоюу кыйыныраак. Анткени, биздин биометрикалык аппарат сиздин тизмеңиз кайсы участокто экенин айтпайт, шайлоо күнү алар “бар”, же “жок” деп гана коет. Ошондуктан, Кыргызстандагы 2374 добуш берүү участогунун баарына бирден борборлоштурулган маалымат базасы орнотулат. Ал базага бирден оператор жоопкер болот да, добуш берүү участогундагы шайлоочулардын тизмесинен өзүн таппай калган адамдарды ошол жалпы тизмеден карап, табууга жардам берет. Эгерде жаран биометрикалык маалымат тапшырган болсо, ал сөзсүз тизмеде болот.

"Азаттык": “Тизмеден өзүңдү текшер” деген акцияны баштарда сиз дагы өзүңүздүн атыңызды тизмеден таба албай, ага бир топ убакыт кеткени белгилүү. Сиздин учур жогоруда айтылгандардын кайсынысына туура келет?

БШКнын тизмесинде менин атым туура эмес жазылган экен. Тайырбек деп айтылат, ошол жерден ы тамгасы и менен алмашып калыптыр.

Сарпашев: Менин аты-жөнүмдү таппай калган жок. Журналисттерди чогултуп, демонстрация кылып жаткан учурда аппарат өчүп калып, таба албай калышты. Техникалык эле себеп болду. Анткени көпчүлүктүн алдында оператор жаш жигит экен, сүрдөп кетип, башка кнопканы басып алган экен, аны мага кийин өзү мойнуна алып айтты. Менин аты-жөнүмдү тизмеден табылбай калышына дагы бир себеп болду: БШКнын тизмесинде менин атым туура эмес жазылган экен. Тайырбек деп айтылат, ошол жерден ы тамгасы и менен алмашып калыптыр. Ошону менен жүрө берген. Кийин мен биометрикалык маалымат тапшырганда паспорттогу так аты-жөнүм менен катталгам. Мени тизмеден издеген учурда фамилиям чыкты, манжа тагым табылды, идентификациялык номурум да аныкталды. Бирок болгону атым окшошпой калып, бир жумадай тазалоодо жүрдү. Мындайга 800 миң чамалуу кыргызстандык туш болду, алардын баарынын аты-жөнү паспортундагы жана биометрикалык маалыматындагы аталышына дал келтирилип, оңдолду. Бул жолку тизме абдан жакшы тазарды. БШКнын тизмесин да алдык, өзүбүздүн тизмени да алдык, берилген паспорттордун базасын пайдаландык. Ошондо баарын чыпкадан өткөрүп, таза тизме түздүк. Бир айдан ашык чоң жумуш жасалды, жергиликтүү бийлик да иштеди. Деги эле айта кетейин дегеним, тизмени түзүүдө буга чейин мындай олуттуу мамиле, ири мобилизация болгон эмес. БШК участкалык шайлоо комиссиялары менен бирге болгон аракетин жасап келген, айыл өкмөттөр иштерин такай так аткарган эмес, акимдер көңүл кош мамиле кылган. Бул жолу Кыргызстан боюнча биометрикалык маалыматтарды чогултууда бардык жергиликтүү органдар чоң мобилизацияга дуушар болду. Ошонун эсебинен тизмени тазалап-тактоого чоң мүмкүнчүлүк ачылды.

"Азаттык": Добуш берүүгө он күндөн аз убакыт калды. Бардык шайлоо участоктору тиешелүү техникалар жана аларды иштетүүчү адис-операторлор менен камсыз кылындыбы?

Сарпашев: Шайлоо күнү добуш берүүчү участоктордо операторлордун иштиктүү иштөөсү шайлоонун жыйынтыгына түздөн-түз таасир этет. Жалпы Кыргызстан боюнча биздин шайлоочулардын тизмеси боюнча жети миң комплект аппарат орнотулат. Ар бир райондун борборуна кошумча дагы аппараттар кармалат, анткени кайсы бир шайлоо участогунда техника кандайдыр бир себеп менен бузулуп калса, аны алмаштырууга мүмкүнчүлүк боло турган жагдайды түзүп жатабыз.

Операторлор демекчи, добуш берүү күнү шайлоо участокторунда он миңден ашуун оператор иштейт. Аларды биз окутуп үйрөттүк. “Тизмеден өзүңдү такта” деген акция жүрүп жаткан учурда ошол операторлор ар бир участокто иштеди. 100-200 кишини текшерүүдөн өткөрүштү. Мисалы, Ош облусунда тестирлөөгө шайлоочулардын тең жарымынан көбү катышты. Жалпы облус боюнча 480 миң шайлоочу болсо, анын 256сы өзүн тизмеден текшерди.

Ошол тестирлөө операторлор үчүн практикалык тажрыйба болуп берди. Мурункуга караганда алардын билим деңгээли жакшырып, тажрыйбасы топтолду. Ошентсе да, аларга жардам үчүн ар бир райондун борборуна бештен кем эмес адис шайлоого эки күн калгандан баштап, нөөмөттө турушат. Алар Бишкектен барышат, “Кыргызтелеком” ишканасынан, “Кыргыз почтасы” жана башка мамлекеттик структураларда иштеп жаткан компьютер адистерин чогулттук. Алар барып, ар бир райондун борборунда жардамга отурушат. Бул жаатта биз алыскы, тоолуу райондорго да көңүл бөлдүк.

"Азаттык": Айрым шайлоо участокторунда беш-алты миңден шайлоочу катталган. Алардын баары ошол бөлүнгөн 12 саатта добуш берип жетишеби деген суроо туулат?

Сарпашев: ​Шайлоочусу көп 13 участок бар. Буларга өзүнчө чечим кабыл алып жатабыз. Мындай участокторго ондон комплект коюлат. Он комплект менен жетишебиз. Анткени, биз эки-үч күн мурда БШК менен бирге Ленин заводунда тест өткөрүп көрдүк. Беш комплект менен текшердик эле, 24 мүнөттүн ичинде 175 адам тизмеден аныктоодон өттү. Башкача айтканда, орто эсеп менен он эки саат тынбай иштесе, ушул беш комплект 3-4 миң жаранды өткөрө алат экен. Демек, он комплект койсок, жетиштүү болот. Өзүңүздөр билесиздер, шайлоочулардын көпчүлүгү эртең менен, түштөн кийин, кечке жуук активдешет. Ошого да ылайыкташтырып, он комплект койсок, алты миң шайлоочуну толук текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жетет.

"Азаттык": Тизме боюнча да эки ача маалыматтар чыгып атат. Бул эми Кыргызстандагы шайлоочуларга караганда сыртта жүргөн шайлоочуларга көбүрөөк тиешелүү. Сиз 23-сентябрда журналисттерге “сырттагы шайлоочуларыбыздын саны төрт жарым миңден бир аз гана ашыгыраак” деп маалымат бердиңиз. Ал эми БШК мурдараак тараткан маалымат боюнча Орусияда эле жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миң чамалуу деп айтылган. Кандай түшүндүрө аласыз?

Сарпашев: 700 миң жараныбыз Орусияда жүрөт деп айтылып жаткан маалымат кечээтен бери менде күмөн жарата баштады. Анткени, Кыргызстанда эле биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны 2 млн. 850 миңден ашты. Орто эсеп менен экиге көбөйткөндө 5 млн. 700 миң Кыргызстанда жашап жатат дегенди билдирет. Анткени, биздин биометрикалык маалымат так чогулуп жатат. Кыргызстан боюнча биометрикалык маалыматын тапшырбагандардын саны болжолдуу түрдө 100 миңдей.

Орусиядагы жашап, иштеп жаткан жарандардын көпчүлүгүнүн экиден паспорту бар экен. Бири Кыргызстандыкы, экинчиси Орусияныкы. Алар биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тартышты.

Орусияда биометрикалык маалымат алуучу аппараттарды койдук. Каттоого жарандарды чакырдык. Бишкекте деле бир жыл бою 65 жерде биометрикалык маалыматтар чогултулду. Үйүнүн жанындагы түйүнгө бир жыл бою барып, тапшырып койбогон жарандар мөөнөт бүтөрүнө аз күн калганда үйүлүп келип тапшырып атышты.

"Азаттык": Мигранттар маселесин айтсаңыз, мейли сиздин эсебиңизче 100-200 миң мигрант болгондо деле Орусия боюнча биометрикалык маалымат чогултуучу болгону алты түйүн ачылганы – өтө эле аз эмеспи?

Сарпашев: Биз шарттарды түзүп бердик. Биометрикалык аппараттарды бөлүштүрүп, орноткондо 200дөй аппаратты запаста кармап турдук. Эгерде кайсы бир түйүндө эл көп болуп, жетишпей атса, кошумча түйүндөр сөзсүз ачылмак. Андай болбогонунун себеби, биринчиден, кезек да болгон жок. Керектөө болгон жок. Биз чоң шаарларга орнотуп, элди чакырганда келип тапшырып атышты. Эң башкы себебин айтайын, Орусиядагы жашап, иштеп жаткан жарандардын көпчүлүгүнүн экиден паспорту бар экен. Бири Кыргызстандыкы, экинчиси Орусия паспорту. Алар биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тартышты. Анткени, алардын кыргыз жарандыгы билинип калса, “Орусиядагы мүмкүнчүлүктөрдөн ажырап калам” деген чочулоо менен биометрикалык маалыматтарын тапшырган жок. Уюштуруу ишинен кеткен жок, алар өздөрү ыктыярдуу түрдө тапшырышпады.

"Азаттык": 23-сентябрда Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги 10 миңден ашуун кыргызстандык жарандын тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилгенин маалымдады. Сиз берген маалыматка бул кайчы келүүдө, буга алардын али борборлоштурулган маалыматтык базага түшө электиги себеп болушу мүмкүнбү?

Сарпашев: Бизде да ошондой маалымат бар, Орусиядан 10 миңден ашуун кыргызстандык жаран биометрикалык маалымат тапшырды деген. Бирок биз анын биометрикалык комплектин көрмөйүнчө айта албайбыз да. 21-сентябрда Орусиядан, Казакстандан биометрикалык комплекттер келди. Ичин ачканда болгону гана беш миңге жетпеген адамдын биометрикалык маалыматы чыкты. Ошондуктан, азырынча биздеги маалымат гана так. Мындай учурлар көп эле болду. Анткени, жергиликтүү бийлик миң киши тапшырды деп берсе, биокомплекттин ичин ачканда 980 же ага жетпеген учурлар болот. Биз алдын-ала маалыматты оозеки алабыз да. Андан кийин биометрикалык комплект келгенде салыштырабыз.

Биз чет жакта жүргөн кыргызстандыктардан 14 миң биокомплект күтүп атканбыз. Оозеки маалымат боюнча сыртта жүргөн 14 миң мекендешибиз биометрикалык маалымат тапшырган. Бирок келгенде болгону беш миңге жетпеген гана биокомплект чыкты. Ошондуктан, биз кечээ бул тизмеге киргиздик.

"Азаттык": Шайлоого аз калды. Сиз өзүңүз кооптонгон кандай жагдайлар бар? Тизме, добуш берүүнүн купуялуулугун сактоо жана башкада?

Сарпашев: Биометрикалык маалымат чогултуу учурунда биз мыйзамсыз алынган паспортторду да аныктадык. Бул боюнча тиешелүү органдар текшерет. Биз аларды бөлө келгенде миң адамдан экөө жасалма паспортко ээ. Алар тизмеге кирген жок. Кээ бир жерлерде операторлордун деңгээлине жараша же аппараттар бузулуп калып жарым саат, бир саатка үзгүлтүккө учурап калуу ыктымалдуулугу бар. Техника жагынан мүчүлүштүк болбойт, биз аны көп жолу текшерүүлөрдө аныктадык. Ошентсе да кыска убакытка үзгүлтүккө учурап калса, аны түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз. Айрым операторлордун тажрыйбасыздыгынан аппараттар райондон же башка жактан жардам келгенче, токтоп калуу ыктымалдуулугу бар. Такыр эле шайлоо күнү токтоп калат деген кооптонуу жок. Анткени, биз бул үчүн аракет кылдык.

Биометрикалык маалымат менен берилген добуштун ортосунда эч кандай байланыш жок. Шайлоочуларыбыз чочулабай эле коюшса болот. Бул жөн гана айрым мурдатан бери шайлоону акыйкатсыз, бурмалоо жолу менен утуп келе жаткан партиялардын эч арга таппаганда чыгарган айласы.

"Азаттык": Биометрикалык маалымат тапшырган адамдардын добуш берүүдө кимге добуш бергени билинип калат деген чочулоолор айтылып жатат. Кеңири түшүндүрмө берсеңиз?

Сарпашев: Биометрикалык маалымат тапшырган жарандардын добуш берүүсү 100% купуя болот. Бул бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө жарандардын фундаменталдык укуктарын коргоонун бири – анын шайлоодо берген добушунун купуялуулугун сактоо. Ошондуктан, биздин шайлоочулар чочулабай эле коюшса болот, кимдин кайсы партияга добуш бергенин өзүнөн башка эч ким биле албайт. Биометрикалык аппараттар сиздин сиз экениңизди бирден өткөрүүгө гана ылайыкташтырылган. Бюллетенди шайлоо комиссиясы берет. Кимге добуш берүүнү сиз чечип, сиз бересиз.

Добуштарды автоматтык саноочу үкөктөр болсо кимге добуш берилгенин гана эсептейт, аны ким бергенин аныктай албайт. Ошондуктан, биометрикалык маалымат менен берилген добуштун ортосунда эч кандай байланыш жок. Шайлоочуларыбыз чочулабай эле коюшса болот. Бул жөн гана айрым мурдатан бери шайлоону акыйкатсыз, бурмалоо жолу менен утуп келе жаткан партиялардын эч арга таппаганда чыгарган айласы. Мурдагы бюллетендерди тутамдап таштоо жоюлду, айлампа ыкмасы менен добуш берүү токтотулду. Эми кандай айла кыларын билбей, шайлоочуларды коркутууга өтүштү.

Айрым бир партиялар тасмага тартууга мүмкүнчүлүгү бар калемсаптарды сатып келишти деген маалымат түштү. Азыр ал маалымат такталып атат. Эгер аныкталса, ал партияны шайлоого катышуу укугунан ажыратабыз. Айтып коеюн, БШКнын атайын чечими менен шайлоо участкаларына атайын калемсаптар сатылып алынды, шайлоо күнү ошолор менен гана добуш берилет. Сырттан калемсап, камера, фотоаппарат, телефон алып кирүүгө тыюу салынат. Ошондуктан, шайлоо таза өтөт. Ал эми ага ат салышып аткан партияларга айтарым - элдин ишенимине ээ болууга аракет кылгыла.

"Азаттык": Өкмөт, анын ичинде сиз быйылкы шайлоо өнөктүгү административдик басымсыз өтүп жатат деп бекемдеп атасыздар. Бирок акыркы убактарда бийликчил партиянын кызыкчылыгына иштөөдөн баш тарткан айрым мамлекеттик кызматкерлер кызматынан кол жууп жатканы тууралуу фактылар чыга баштады. Буга мисал катары, Өзгөндүн Жыланды айлындагы орто мектептин директору КСДПны колдобосун ачык билдиргени үчүн кызматынан алынган. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирген. Мындай фактылар иликтенеби?

Сарпашев: Партиялар өздөрүнүн алсыздыгынан улам, кемчиликти бирөөдөн издөөгө аракет кылышат. Өткөн жумада саясий партиялар менен жолугушуу учурунда “орто мектептердин биринде КСДП штаб ачыптыр” деген маалымат айтылган. Бирок кийин биз текшерген учурда ал маалымат калп болуп чыкты. Ал эми сиз айтып жаткан директордун фактысы текшерилет. Албетте, президент баш болуп, шайлоо таза өтсүн деп аракет кылып жаткан учурда мындай фактылар көз жаздымда калбайт.

Айрым учурларда иштеген ишин алып бара албаган адамдар да кызматтан четтеп калса, аны саясатташтырууга аракет кылышат. Мен баса айтайын, акыркы убакта эч ким кызматтан алынган жок. Оозеки арыздар түшүп атат. Бир дагы кагаз түрүндө жазылып, кайрылган эч ким жок. Оозеки телефон чалат, текшере келсең андай эмес. Муну мен "кара пиар" деп кабыл алам. Анткени, айрым партиялар бийликти сындамыш болуп, тилдемиш болуп элден добуш чогултууга аракет кылышат.

"Азаттык": Административдик басым демекчи, президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоо өнөктүгү күч алган тушта Кыргызстандын аймактарын кыдыруусун айрымдар башкаруучу партияга кыйыр үгүттөө деп баалоодо. Сиз кандай дейсиз?

Сарпашев: Мындай көз караштарга мен караманча каршымын. Президент жер-жерлерди кыдырып, керектүү сөздөрдү айтып жатат. Айрым партиялар кыргыздын кылымдан бери калыптанып келе жаткан руханий баалуулуктарын сындырууга аракет кылып жатышат. Кыргыз качан добушун сатчу эле? Кыргыз качан эле анча-мынча нерсеге алданчу эле? Ошондуктан, биздин кээ бир партиялар добуштарды сатып алууга аракет кылуу менен мамлекетке коркунуч келтирип жатышат.

"Азаттык": Шайлоону бурмалоо акыркы 15-20 жылда кадимки көрүнүш катары эле каралып калбадыбы. Сиз деле шайлоого катышып жүргөнсүз?

Сарпашев: Калыптандырбаш керек да. Таза шайлоого өттүк дегенден кийин, таза шайлоо болушу керек. Президенттин элге айтар сөзү бар, аны эл шайлаган. Ал мамлекет үчүн жооп берет. Мамлекетти тазартуу үчүн мамлекет башчы өтө чоң эмгек кылды. Коррупция менен күрөшүүгө, таза, акыйкат шайлоо өткөрүүгө чоң эмгек жасады. Биометрикалык маалыматтарды киргизели, аны таза шайлоо өткөрүүгө колдонолу деп айткан да дал ошол биздин президентибиз. Ошондуктан, жөнү жок эле анын аймактарды кыдыруусунан жамандык издей берүүнүн кереги жок.

"Азаттык": Шайлоодон кийин нааразылык чыкса, ага өзүңүздүн жоопкерчилигиңиз канчалык деп ойлойсуз? Анткени, биометрикалык маалыматтарды чогултуп, анын негизинде тизме түзүп, быйылкы парламенттик шайлоону акыйкат, таза өткөрүүнү президент Атамбаев жеке сизге тапшырган?

Сарпашев: Ооба. Мага тапшырма бергенине бир жарым жыл болду. Былтыр апрелде тапшырган, маалыматтарды сентябрдан тартып жыйнай баштадык. Жоопкерчилигимди сезем. Бардык күч-аракеттерди жумшап, жеке эле мен эмес, мен чогулткан команда жан үрөп иштеди. Бул өтө чоң миссия. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп бул кадамды биз таштап, биз баштадык.

Буйруса шайлоону президент тапшыргандай, биз каалагандай таза, акыйкат өткөрүп алабыз деген ишеним бар. Ошондой эле мурда түрдүү жолдор менен утуп жүргөн партиялар бул жолу утулуп калчу болсо, аларды жеңилүү ызасын жигиттик намыс менен тартууга чакырам. Мен өзүмдүн оппоненттериме “шайлоодо көрүшөбүз” деп айткам. Мына көрүшчү күндөргө аз калды.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG