Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

БШКга өз адамдар барабы?


Жогорку Кеңеш жайкы каникулга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлай тургандыгы болжолдонууда. Бул күндөрү парламенттеги коалициялык көпчүлүк менен оппозициядагы азчылык жана президент тарабынан сунушталган талапкерлер тиешелүү комитеттен өттү. 4-июлда иш мөөнөтү аяктай турган БШКнын мурдагы курамынын ордуна кимдер келатат?

Мыйзам боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы он эки адамдан куралат. Алардын төртөө президент, төртөө парламенттеги коалициялык көпчүлүк, дагы төрт мүчөсү оппозиция тарабынан сунушталат.

Ага ылайык жаңы курамга Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк Адилет Сатыгулов, Назарали Арипов, Акылбек Эшимов, Гулнара Журабаеваны, оппозициялык эки фракция Атыр Абдрахматова, Елена Жылкычиева, Абдыжапар Бекматов жана Кайрат Осмоналиев өңдүү талапкерлерди сунуштады.

Президенттин атынан Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров жана Нуржан Шайлдабекованын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Алардын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети жактырды.

Анткен менен коомчулукта талапкерлер партиялык тар кызыкчылыктарга жараша көрсөтүлүп жатат деген пикирлер айтылууда. Мындай көз карашты колдогондордун бири - Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев:

- БШКга өз кишилерин түртүүнү бир себеп менен түшүндүрсөк болот. Муну өз кишилер аркылуу өздөрү каалаган тартипти орнотуу аракети катары бааласак болот.

Шайлоого даярдык, 2009-жыл
Шайлоого даярдык, 2009-жыл

Оппозициялык активист Адил Турдукулов дегеле БШКга мүчөлүккө талапкерлерди тандоо акыйкаттык принциптерине дал келбейт деген ишенимде:

- Парламенттеги фракциялар талапкерлердин деңгээлин карабай туруп эле, шайлоого катышып, мандатка ээ болбой калган, партиянын карызы болгону үчүнбү, айтор кутулуш үчүн, жумушка орноштуруу үчүн сунуштап жатат. Буга кошумча социал-демократтардан көрсөтүлгөн Адилет Сатыгулов аттуу адам көрсөтүп жатат. Ал адамды эч ким уккан эмес. Экинчиден, менин маалыматым боюнча, ал адам бир топ жыл президент Атамбаевдин катчысы болуп иштеген Надира Сатыгул кызынын уулу. Ал эми дагы бир талапкер - мурдагы депутат Акылбек Эшимов Ошто басмаканада иштегени көрсөтүлгөн. Аны кандай негизде тандаганы белгисиз.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мындай дооматты негизсиз, Социал-демократтар башка фракциялар сыяктуу эле эң татыктуу талапкерлерди тандады деп, алардын катарында Адилет Сатыгуловду атады:

- Биздин фракция Адилет Сатыгуловдун талапкерлигин колдоду. Ал буга чейин бир нече жыл БШКнын ревизиялык комиссиясында иштеген. Бир нече окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган. Жаш, сабаттуу жигит. Анын талапкерлигине каршы чыккандардын же жетиштүү маалыматы жок же кандайдыр бир кызыкчылыктары бар.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Бул аралыкта “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Борбордук шайлоо комиссиясына татыктуу талапкерди тандоо чакырыгы менен чыкты. Аталган коалиция БШКнын буга чейинки курамы өз милдеттерин татыктуу аткара алган жок эсептейт.

Кайрылуунун жайын уюмдун өкүлү Динара Ошурахунова минтип түшүндүрдү:

- БШКга татыктуу мүчөлөр шайланыш керек. Татыктуу деген ким? Кадыр-баркы бар, принципиалдуу, кандайдыр бир позициясы бар, төраганын оозун карап, эмне кыл десе аны аткарбаган адамдар болушу керек. Алар таза шайлоо өткөрүүнү камсыз кыла алган, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдей алган адамдар керек. Учурда мөөнөтү бүтүп жаткан шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү фракциялардын айтканынан чыкпай, бир катар аял депутаттардын мандатын алып койду. Ошондуктан, биз бардык фракцияларга жана президентке бул боюнча кайрылуу жолдоп, татыктуусун тандоого чакырдык.

Туйгуналы Абдраимов жетектеген Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы курамы 2011-жылы шайланган. Анын мөөнөтү быйыл 4-июлда аяктайт.

Жаңыдан куралып жаткан шайлоо комиссиясынын "шыбагасына" маанилүү саясий өнөктүктөр туш келгени турат. Быйыл күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтсө, президенттик шайлоо 2017-жылдын күзүнө туш келет. Ошондуктан, талдоочулар бардык саясий күчтөрдө БШКга көздөй адамдарды киргизүү кызыкчылыгы бар деп эсептешет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG