Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Депутат Исаковго кылмыш иши козголду


Музаффар Исаков
Музаффар Исаков

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Депутат Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган деп айыпталууда.

Музаффар Исаков өзү болсо, кылмыш иши эмне үчүн азыр козголуп жатканына таң калууда.

Ал арада коомчулукта депутат Исаков "курмандыкка чалынды" деп, партиялык тизмеде кезек президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго келгенин айтышууда.

300 токтомдун чоо-жайы

Башкы прокуратуранын имараты
Башкы прокуратуранын имараты

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Алмамбет Абдрамановдун “Азаттыкка” билдиришинче, депутат Музаффар Исаков Таш-Булак айыл өкмөтүндө башчы болуп турганда айыл чарба багытындагы 15 гектарга чукул жерди жеке турак жай тургузууга берип жиберген.

- Текшерүүдө аныкталгандай Музаффар Исаков 2010-2015-жылдар аралыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын жана архитектуранын жетекчилери менен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз 315 токтом чыгарган. Текшерүү учурунда адамдар жер тилкелерин 1500-3000 долларга чейин сатып алганын билдиришкен.

Депутат Музаффар Исаков өзү прокуратуранын козгогон кылмыш ишине таң калып турганын айтат. Ал кылмыш иши тууралуу алгач маалымат каражаттарынан укканын кошумчалады.

- Бул иш 2010-жылдан бери болуп жаткан мыйзамсыз иш болсо, анда эмнеге буга чейин прокуратура иш козгобостон, эми гана козгоп кирди? Бул мен үчүн табышмак болуп жатат. Эмне үчүн үч, же беш жыл мурун козгогон жок? Эми иш кандай өңүттө уланарын көрө жатарбыз, бирок азыр мен иш менен тааныша элекмин.

КСДП: Исаков өзү жооп берсин

КСДП фракциясынын депутаттары кесиптешин коргобой турганын айтышууда. Фракция лидери Иса Өмүркулов тергөө ишине кийлигишпей турганын жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы КСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаковдун айтуусунда, партиялык тизме түзүлүп жатканда өткөн тарыхы терең изилденбей кирип калган адамдар көп жана партия андай депутаттардан арылышы керек.

Исмаил Исаков
Исмаил Исаков

- Бул жерде трагедия кылып кереги жок. Шайлоо алдында тизмелер акчасына карап, өткөн тарыхын эске албай эле түзүлүп калып жатат. Эгерде чындап эле депутат өзүнүн ак экенин далилдей албаса, мандатын тапшырып кетиши керек жана анын ордуна тизме боюнча кийинкиси келе берет.

Анткен менен КСДПдан мандатын тапшырып кеткен депутаттардын көпчүлүгү же жашына, же этносторго таандык квота аркылуу келген эл өкүлдөрү болуп чыга келүүдө. Алсак, депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Ашэра Халикова, Нурмахаммат Баяхунов буга чейин белгисиз себептер менен мандаттарын тапшырышкан.

Икрамжан Илмиянов келатабы?

Музаффар Исаковдун ишинде да саясий боёк жатат деп айткандар четтен табылат. Талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, социал-демократтар президенттик шайлоо чукулдаган сайын парламенттеги фронтту тажрыйбалуу саясатчы, депутаттар менен толуктоого өтүүдө.

- Алдыда шайлоо келатат. Мындан улам КСДП өзүнүн парламенттеги армиясын күчтөндүрүшү керек. Ушундан улам “салмактуу” депутаттарын парламентке алып келүүгө мажбур болушат. Себеби депутаттардын артында округдагы кадыр-баркы өтө маанилүү. Мындан башка алдыда маанилүү мыйзамдар дагы да болсо керек. Мына ошолорду колдоп, алдыга жылдырыш үчүн социал-демократтарга өткүр адамдар керек.

Турат Акимов кошумчалагандай, депутат Музаффар Исаков жакын аралыкта мандатын тапшырып калышына бир нече себеп бар. Биринчиден, Исаковдун саясатта тажрыйбасы аз болсо, экинчиден, тизме аркылуу депутаттык кезек Юридикалык академиянын азыркы ректору Канат Керезбековго жана президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго келип калганын айтат.

Турат Акимов
Турат Акимов

- Бул жерде дагы бир факторду айта кетиш керек, балким Икрамжан Илмиянов жана башкаларына депутаттык иммунитет керек. Азыр ар кандай компроматтар согушу болуп жатат. Мындан улам президент Атамбаевдин мөөнөтү бүткөндөн кийин анын жанындагы адамдарга кылмыш иши козголуп, жоопко тартылбаш үчүн депутаттык мандат аркылуу коргоп калуу калуу аракети жүрүүдө.

Башкы прокуратура депутат Музаффар Исаковдун ишин тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырды. Саясат талдоочулар Исаковдун иши депутаттык мандат тапшырылгандан кийин токтоп калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

Музаффар Исаков Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп 2015-жылы келген. Ал партиянын тизмегине этносторго таандык квота аркылуу кирген.

Буга чейин КСДПдан депутаттык мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна тажрыйбалуу саясатчылар Ирина Карамушкина, Аалы Карашев өңдүү адамдар келген.

Жакында эле КСДП фракциясынын депутаты Искендер Кадыркулов "Түндүк электр" ишканасына жетекчи болуп дайындалганына байланыштуу 8-февралда анын ордуна Айнура Осмонова келген. Осмонова партиялык тизмеде 48-орунда турган. Тизмеге ылайык кийинки бош орундарга 49-орундагы Канат Керезбеков жана 50-саптагы Икрамжан Илмиянов келиши керек. Мыйзамга ылайык тизмедеги талапкерлер өз ыктыяры менен депутат болуудан баш тарта алат.

Керезбеков учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ректору болуп иштейт. Ал эми Илмиянов өткөн жылдын октябрь айына чейин президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болчу. Азыр бош жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG