Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:05

Талдоочу Эмил Жураев акимдерди шайлоо тартибинин өзгөрүшүнө байланыштуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Акимдерди шайлоо тартиби өзгөрүп, район башчылыкка талапкерлерди премьер-министр саясий күчтөрдүн пикирин эске алып көрсөттү деп маалымдалды. Бул аймактарда кайсы бир партиянын диктатына, өкүмүнө алып келбейби?

Эмил Жураев: Менимче партяилардын диктатына түз алып келбейт. Бирок, биринчиден, премьер-министрдин диктатына алып келет жана анын тегерегиндеги топтордун кызыкчылыгы чоңурак ролго ээ болот деген ой бар.

Мындан сырткары биз азыр мурдагыга караганда көбүрөк парламенттик системага өтүп жатпайбызбы. Ошондуктан бул система кичине кыйынчылык да туудурушу мүмкүн.
Криминал аралашат дегенде, борбордук бийликти деле көрүп жатпайбызбы. Бул жерде деле кыйратышкан жок.

Мурда деле биз акимдерди шайлаган эмеспиз. Дайындоо жолу менен жүргөн. Бирок президент ал кезде эң негизги саясий жана административдик күч болуп, акимчиликтерде кичине стабилдүүлүк бар болчу. Азыр акимдер түздөн-түз премьер-министрдин сунуштоосу менен, андан кийин бекитүүсү менен дайындалып жатат. Бизде парламентте коалициялык көпчүлүк кайра куралышы мүмкүн, парламент өзү тарап кетиши мүмкүн. Ошондо жаңы премьер-министр келген сайын акимчиликтердин деңгээлинде да туруксуздукту жаратышы мүмкүн. Бул - чоң коркунуч.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев керек болсо участкалык милициялардан тартып эл шайлашы керек деп билдирип келет. Азыр премьер-министр болсо акимдердерди, борбор шаар мэрлерин дайындоого чейин аралашып жатат. Бул карама-каршылыкпы, эгер андай болсо муну эмне менен түшүндүрсө болот?

Эмил Жураев: Президент Атамбаевдин антип айтканы ашынган кызыл чечендиктин бир белгиси болсо керек. Албетте участкалык офицерлерди шайлоонун кереги жок. Бирок азырбы, же бир аз убакыттан кийинби акимдерди шайлоонун жүйөсү бар.

Жаңы кабыл алынган мыйзамды оң тарапты көздөй бир кадам деп айтса болот. Буга чейин дайындоонун тартиби такыр башкача болгон. Райондук кеңештерге мүмкүнчүлүк берилген эмес. Бирок чындыгында алыскы келечекте туура кылабыз десек, жергиликтүү бийликтин башчылары шайланууга тийиш. Ошондо борбордон алыстатуу максатына жеткен болобуз. Өкмөт башчы тарабынан акимдикке талапкерлерди сунуштоо, кийин бекитүү деген тартип жергиликтүү кеңештердин тандоо мүмкүнчүлүгүн бир топ чектеп койот.

“Азаттык”: Эгерде акимдерди элдин шайлоосуна койсо, башка улуттун өкүлдөрү, же криминал келип калат деген чочулоолор да айтылып жатат. Буга негиз барбы?

Эмил Жураев: Менимче буга негиз жок. Эгер эл өзү башка улуттун өкүлүнө ишенип шайласа, анда сонун болбойбу. Бирок, тескерсинче, эл борбордук бийликтен саясий жактан бөлүнүп-жарылып кетет деп аны оңдогонго аракет кылып жатышат. Эл кантип шайласа ошентип шайлайт, анткени алар өздөрүнө жетекчи шайлап жатышпайбы. Криминал аралашат дегенде, борбордук бийликти деле көрүп жатпайбызбы. Бул жерде деле кыйратышкан жок.

“Азаттык”: Буга чейин акимдер президенттин жардыгы менен дайындалчу. Буга шайлоо өткөрүүгө дүйнөлүк саясий маданият азырынча жетишпейт деп жүйө келтиришчү. Дегеле дүйнөлүк тажрыйбаларда жергиликтүү бийликтин башчыларын шайлоо тартиби кандай?

Эмил Жураев: Дүйнөлүк тажрыйбада шайлоонун өтө көп түрлөрү бар. Чыныгы демократия калыптанып калган жерлерде шайлоо жолу менен өтөт. Анткени жергиликтүү бийликтин күчү көп. Алар салык жагынан, финансылык-фискалдык жактан өтө чоң жоопкерчилик алышкан. Ошого жараша эл шайлап, өздөрүнө эң ишеничтүү, тажрыйбасы эң жакшы кишилерди шайлап алышат.

Эгер тыштан дайындалса, анда анын жергиликтүү элдин алдында жоопкерчилиги төмөн болот. Алар борборду карап, жоопкерчилигин ошого жараша түздөп турушат. Ошондуктан дүйнөлүк тажрыйба ар кандай болгону менен, Кыргызстанда чыныгы демократия курабыз десек шайлоо жолун жакшыраак карашыбыз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG