Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

БШК талапкерлерди каттай баштады


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы

20-сентябрда алгачкы эки талапкер: Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров расмий түрдө каттоодон өттү.

Ошол эле учурда БШК президент болом дегендердин айрымдарын талапкер болуу укугунан ажыратты. Ал ортодо кол топтоо баракчаларын текшерүү боюнча Боршайкомго карата дооматтар айтыла баштады.

Эки талапкер катталды

20-сентябрда Кыргызстан Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата-Журт” партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев менен “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаровго президенттикке талапкер деген күбөлүк тапшырды. Бул талапкерлер кантип алгачкы каттоодон өткөнүн БШК мүчөсү Жеңиш Акматов мындайча түшүндүрдү:

Жеңиш Акматов
- Себеп дегенде, алар документтерин, өздөрүнүн талапкерлигин колдогон кол топтоо баракчаларын биринчи тапшырган. Мамлекеттик тил боюнча сынакка алгачкылардан болуп кирген адамдар. Калгандарын билесиздер, калган талапкерлердин бардыгы тогузу күнү алып келип тапшырышкан.

Бирок Боршайком башка айрым талапкерлерге суук кабар да угузду десек болот. Мисалы, кол топтоо тартибин бузду деген негизде БШК талапкер Акбаралы Айтикеевди каттоодон баш тартты.

Нааразылар бар

Ал эми жарышка чыгып жаткан “Жашасын Кыргызстан” партиясынын башчысы Токтайым Үмөталиева БШК аны атайылап өткөрбөө ниетин карманып жатканын мындай жүйөө менен белгиледи:

Токтайым Үмөталиева
- Өткөн төртүнчү күнү кол топтоо баракчаларын текшеришет булар. Текшергенде менин колум 31 миң 286 болуп чыгат. Анан ведомостко эртең кол коёбуз деп калтырып коюшат. Эмне үчүн ошол күнү эле кол койбойт? Экинчи жолу текшергенге эч кимдин укугу жок болсо да, экинчи жолу карашып, дагы 2 миң колду кесишет. Эми кечээтен бери отуруп алып карашып, мынакей бүгүн 60 пайызын кесип жатат. 35 миң колдон 15-16 миң гана калтырып жатат. Анан эми көрүнө эле, Бишкек шаары деп так даректе жазылып турган нерсени кесип жатат. Мен башка талапкерлердики менен салыштыргыла деп айтып жатам.

Токтайым Үмөталиева бул жагдайдын саясий себеби бар деп сыпаттайт. Боршайком мүчөсү болсо бул дооматты четке кагып, кол топтоо баракчаларын текшерүү мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн белгилөөдө.

Тил сынагынан өтпөгөндөр сотко кайрылууда

Ал арада мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калган талапкерлердин да нааразылыгы күч. Маселен, тил сынагында “кыргыз тилин билбейт” деген бүтүм менен оюндан чыгарылган Арсланбек Малиев өз укугун сот аркылуу коргой турганын жар салды:

- Тил сынагын өткөрүү, тил комиссиясы жөнүндө жобону жокко чыгаруу боюнча сотко бердик. Эгер мени каттоодон баш тарткан токтом чыгарса, аны дагы сотко беребиз.

Канткен күндө да, президенттик шайлоо үчүн үгүт иштеринин башталаарына саналуу күндөр калды. Боршайком ушул жекшемби күнгө чейин талапкерлерди толугу менен каттап бүтүшү керектигин анын мүчөсү Жеңиш Акматов тастыктады:

- Биз акыркы талапкерди 25и күнү каттап бүтүшүбүз керек. Кудай буйурса биз, үгүткө чейин каттаганын каттап, баш тартыла тургандарга баш тартабыз.

Эки талапкер расмий түрдө каттоодон өткөндөн кийин, президенттик шайлоого катышууга арыз берип, 100 миң сомдук күрөөнү төгүп, 30 миң адамдын колун чогулткан 28 адам калууда. Алардын 18и мамлекеттик тил сынагынан өттү. Калганы 22-23-сентябрда кыргыз тили боюнча сынак тапшырышат. Шайлоо үчүн үгүт иштери 25-сентябрдан кийин башталып, шайлоого бир күн калганда аяктайт. Президенттик шайлоо болсо 30-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG