Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Көмүрүң болсо көөнүң ток...


Азыр Бишкек жылуулук борборунда 48 миң тонна гана көмүр бар.
Азыр Бишкек жылуулук борборунда 48 миң тонна гана көмүр бар.

Кыргызстанда кышка даярдануу адатта оор жана чырлуу иш. Быйыл да ошол көрүнүш кайталанчудай болуп турат. Азыркы мезгилге карай “Электр станциялар” акционердик коому көмүр сатып алуу боюнча бир да тендерди ийгиликтүү өткөрө элек. Ал эми Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы абалды оорлоштурууда.

Кыргызстанда Бишкек жана Ош шаарларын кышка даярдоо өзүнчө бир чоң маселе болсо, калган калкты жана бюджеттик мекемелерди даярдоо өзүнчө маселе. Өлкөнүн негизги шаарларындагы жылуулук борборлорун көмүр, газ жана кара май менен камсыздоо “Улуттук электр станциялары” акционердик коомуна жүктөлгөн. Бул компания тендерлерди өткөрүп, көмүр, кара май сатып алат.

Токтогулда суу көп болгон мезгилде электр энергиясын экспорттоп, анын акчасына көмүр сатып келчү. Бул жылы абал башкача. 9-июлга карай Токтогулда 11 млрд. куб метр гана суу топтолду. Өткөн жылы ушул мезгилде андан 3 млрд. куб метрге көп болгон. Тилекке каршы агып кирип жаткан суунун көлөмү быйыл аз. Маселен, өткөн жылы ушул күндөрү секундасына 817 куб метр суу кирген болсо, бүгүнкү күнү 624 куб метр кирүүдө.

Электр энергиясын экспорттоо жок болгондуктан көмүр сатып алуу үчүн мамлекет каражат бөлүш керек. “Улуттук электр станциялары” акционердик коомунун директорунун орун басары Кемел Имановдун маалымдоосуна караганда, бул үчүн 2 млрд. 600 млн. сом керек. Буга 400 миң тонна жергиликтүү компаниялардан көмүр, дагы 630 миң тонна Казакстандан алыныш керек.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, энергетика тармагында акча тартыштыгы 6.7 млрд. сом. Анын ичинде көмүр сатып алуу үчүн 2 млрд. 600 млн. сом керек. Азыркы кезде акча каражаты активдүү түрдө изделип жатат:

- Азыр ошол маселе боюнча ишти аябай катуу жүргүзүп жатабыз. Биринчиден, дагы насыя алабыз. Экинчиден, каржы министрлигинен субсидия сурайбыз. Үчүнчүдөн, жасап аткан ремонт иштерди 1.7 млрд. сомго кыскартабыз.

Артыкбаевдин айтымында, каражаттын жетишпей жатышынын бир себеби тарифтердин төмөндүгүндө. Бирок кандай болбосун кышка даярдык көрүлөт.

Көмүр, кара май сатып алуу үчүн каражат активдүү изделип жаткан менен көмүр сатып алуу боюнча тендерлер үзгүлтүккө учуроодо. 8-июлда Кавакты көмүр кенинен 350 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендер үзгүлтүккө учурады. “Улуттук электр станциялары” акционердик коому тендердин үзгүлтүккө учурашын катышкан компаниялар документтерди кеч берди деп түшүндүрдү. Ал эми тендердик комиссияга жарандык коом тарабынан мүчө болгон Качкын Булатов жана Расул Үмбеталиев муну коррупциялык максаттар менен байланыштырууда.

- Азыр булар мындай кылып атат. Тендер өтпөй калса, бир тараптан алабыз деп, “Кыргызкөмүргө” көп акчаны которуп берет. “Кыргызкөмүр” көңүлү жакынга, ким мага акча кайрып берет деген схема менен иштешкиси келип атат. Антимонополиялык комитет атаандаштыкты түзүш керек эле. Булар дагы түзбөй атат. Биздин мамлекет иштебей жатат. Бул таңкалыштуу, - дейт Качкын Булатов.

Анын маалыматы боюнча, көптөгөн компаниялар тендерге катыштырылбай жатат. “Улуттук электр станциялары” кезектеги тендерди 4-августка белгиледи. “Бул мөөнөт кеч, кышка даярдык көрүүгө үлгүрбөй калабыз”, - деп кошумчалады Булатов.

Бүгүнкү күнгө карай Бишкек жылуулук борборунда 48 миң тонна көмүр бар. Бул жылуу суу чыгаруу үчүн бир айдан ашык убакытка жетет. Ал эми жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн олуттуу акча жана олуттуу өлчөмдө көмүр болуш керек.

Белгилеп кете турган нерсе, өткөн жылдары эле кышка көмүр, газ кара май сатып алуу үчүн насыя алынып, анда Бишкек жылуулук борбору жана Камбар-Ата-2 ГЭСи күрөөгө коюлган. Энергетика жана өнөр жай министрлиги бул ирет кайсы объекттерди күрөөгө коюп, насыя алары белгисиз. Анткени Токтогул каскадындагы ГЭСтерди күрөөгө коюга мыйзам аркылуу тыюу салынган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG