Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:36

Жер жылдызы Жерге-Тал: Жолчу раис


Жерге-Талдын 1992-1996-жылдардагы акыркы шайланма акими, тажик парламентинин эки жолку депутаты Нусротулло Хасанов. Дүйшөмбү калаасында тартылган сүрөт.

Жерге-Талдын 1992-1996-жылдардагы акыркы шайланма акими, тажик парламентинин эки жолку депутаты Нусротулло Хасанов. Дүйшөмбү калаасында тартылган сүрөт.

СССР кыйрагандан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эски жолду оңдотуп, ишке киргизген Жерге-Талдын ошол кездеги жетекчиси, тажик парламентинин эки жолку депутаты Нусротулло Хасанов жолдун курулушу, согуш мезгилиндеги кыйынчылыктар, Кыргызстанда базарда кантип алданганы тууралуу сөз кылат.

Жаңыл Жусупжан: Нусротулло ага, сизди жолчу деп койсо болгудай экен. Жерге-Талга баруучу жолдогу Кара-Мык айылынын жанында Туура-Кол деген бийик тоолуу өткөөл бар эмеспи. Ал жолду Алайдын Дабаны (ашуусу) дешчү экен. Кышында жөө өтөм деп канчалар өлүптүр. Ошол жолго сиз таш төктүрүп оңдоткон экенсиз, ушундайбы?

Нусротулло Хасанов: Биздин боордош кыргыз эли менен Жерге-Тал ооданы илгертен жанаша жашап келишкен. Чек аралаш болгону менен барып-келиш абдан кыйын болгон. 1960-жылдарда Рыскул Накыбов деген аксакал ашар жолу менен ушул жолду кетмендеп салдырган. Ошондо да жайкысын үч ай ачык туруп, башка убакта кар, жамгыр жаап, жол бекип калып турган. 1993-жылы демилге пайда болуп, оорчулук, кыйынчылык болуп, тынчсыздык убактарда менден башка киши деле ушул ишти жасамак. Жолду өзүм барып акылым жеткенчелик проектимди тартып, иштеген кызматчыларга көрсөтүп, ошол жылдын августунун акырына чейин ачып бүткөнбүз.

Ошол жол менен эл он беш жыл Кыргызстанга барып келип, турмуш тиричилигин, ун, тамак-аш жана башка керек-жарактарын ташып алып келип, каттап жүрдү. Азыр ошол жол өкмөттүк планга кирип, кеңейтилип, асфальт төшөлүп, мамлекеттик жол болуп, айнектей болуп бүтүрүлгөн.

Жаңыл Жусупжан: 1980-жылдардын этегинде СССРдин планына кирген жол экен, бирок көп өтпөй, СССР чачырап кетпедиби. Жол салганга акчаны, техниканы кайдан таптыңыз?

Нусротулло Хасанов: Батыраалы Сыдыков деген губернатор болгон, ошол кишинин кабинетинде эртеден кечке болот элем. Мамыров деген адам Ош шаарынын акими. Өзгөндү, Кара-Сууну биздин Жерге-Тал ооданына бекитип, ун, жүгөрү алып келип, элди ошол убакта тынчытып турган. Базарбай Нурматов деген генерал болгон, ал колума “Нусратулла Хасанов бардык посттордон Ош областынын территориясынан тоскоолдуксуз мына бул унаа менен жүрүүгө акысы бар” деген уруксат кагазын жазып берип койгон. Ушунчалык чоң жардам болгон.


1992-жылы 31-августта Кыргыздардын Бүткүл Дүйнөлүк биринчи курултайы болгон. Ошол курултайга мен катышып, трибунадан Курултайга согатым (белегим) бар, бирок согатым өзүм менен келген жок десем, ошол залда отургандардын баары күлүшкөн. Залда Аскар Акаев, Чыңгыз Айтматов да отурушкан.

Жаңыл Жусупжан: Ошол кезде Тажикстанда беш жылдык кандуу согуш башталып, кыргын болбодубу. Ошол убакта ал жол болбосо кыргыздар кыйналып калышмак экен да.

Нусротулло Хасанов: Жалаң эле кыргыздар эмес, бүт Кара-Тегин өрөөнүнөн, коңшулаш Гармдын өкүлдөрү барып, Оштон тамак-аш ташып алып келип турушкан. Батыраалы Сыдыковго жүрөгүмдө алкышымды айтам, аябай көп жардам кылган.

Кызык учурлар да болгон. Бир жолу Өзгөндүн акими отуз тонна кара ун берген, андан нан жасоо ыкмасы башкача болот экен. Апам ошол убакта мага “Сен алибастрды жибериптирсиң, бул жактын аялдары нан жасай албай, мага таштап кетип жатышат” деп сүйлөнүп айтты эле. Ошол унду силерге кереги жок болсо деп Комсоматта Хундон деп коет, ошол жерге алып барып таштаганбыз.

Жаңыл Жусупжан: Согушта Тажикстанда он миңдеген кишинин каны төгүлдү, бирок Жерге-Талдын өзүндө түздөн-түз согуш аракеттери болгон жок. Ошенткен менен согуштун кесепети тийбей койгон жок да?

Нусротулло Хасанов: Согуш мезгилинде Тажикстанда бизди камсыздоо башкаларга караганда бир аз жакшыраак эле. Мамлекеттин эсебинен алынган тамак-аш жиберилчү. Биздин ооданда бирөө-жарым каза тапкан эмес. Кыйынчылык болгон албетте, кыйынчылыксыз болбойт. 1993-жылы 18-мартта мен Душанбе шаарына келип, 3-апрелде урматтуу жетекчибиз Эмомали Шариповичке (Эмомали Рахмон, азыр Тажикстандын президенти - ред.) киргем.

Бир телефон чалып сүйлөшкөндө эле катчысы мен келгенде эшикте күтүп турган экен. Эмне керек деп сураганда мен "400 тонна ун, 1 тонна Нусротулло Хасан (көз айнекчен) ошол кездеги тажик парламентинин төрагасы Эмомали Рахмон (солдо) менен, 1990-жылдар, аманат сүрөт

Нусротулло Хасан (көз айнекчен) ошол кездеги тажик парламентинин төрагасы Эмомали Рахмон (солдо) менен, 1990-жылдар, аманат сүрөт

кант, 4 тонна чай керек" деп айттым. 50 унаа ала келгем, ошолорго тамак-ашты жүктөп кеткенбиз. Мага өзү кагаз жазып берип, “Кимиси аткарбаса, мага телефон чал” деди.

Дем алыш күн эле, бүт Душанбе шаары биз үчүн иштеген. Ошол тамак-аштын баарын жөнөтүп, алып барып Жерге-Талдын кампаларына киргизип, Улуу Карамыктын башчысы Камиль аке деген болгон. Ошол күнү ал киши Жерге-Талда жүргөн экен, аны алып келип көрсөтүп, элге айтып барасыз дедим.

Ошондон кийин жакшы эле болуп калды. Президент да ошондон кийин “Өзүңөр алып, көйгөйүңөрдү чечкиле деп 50 миң гектар жерди элге бөлүп берди. Мен тегеренип (кармалып), 10 күн Душанбенин ар тарабында жүрүп калдым, көбүрөөк жардам алыш керек эле. Бизден чоң оодандарга 100 гектар, 150 гектар, коңшулаш ооданыбыз Тажикабадга 50 эле гектар берилди. Биз 700 гектар алып, бүт элге бөлүп бердим. Ошондон кийин улам жыл өткөн сайын жакшы болуп кетти. Азыр жаман эмес, жакшы жашап жатышат.

Эмомали Рахмон ошол убакта мамлекеттик жетекчи, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган. Президент болуп 1994-жылы шайланды. Мен иштеп турган учурда биринчи жолу Жерге-Талга барды. Бизде Кыргызстан менен чектешкен Карамык деген жерде бир окуя болду, ошол жакта сел үч-төрт үйдү алып кетти. Мен телефон чалып, Эмомали Шарипович бизде ушундай окуялар болду деп айтканда, вертолет менен учуп барды. Карамыкка алып барып, ал жактагы адамдардын турмуш-тиричилигин көрсөтүп, кыргыздын боз үйүнүн ичинде аксакалдар менен отуруп бирге чай ичип, кемчиликтерин талкуулап, ошол жерден чечип берген.

Жаңыл Жусупжан: Согуш мезгилинде көп кыргыз Жерге-Талдан кетип калды, көпчүлүгү Кыргызстанга кетти. Алардын тагдыры эмне болду? Азыр канча эл бар?
Жерге-Тал айлындагы Хасановдун согуш мезгилинде өрттөлгөн үйү бүгүнгө чейин оңдолбой турат. Оппозициячыл согушкерлер кол салып, үйүн карактап кеткенден кийин, раис Хасанов алгач Кыргызстанга качып, кийин Дүйшөмбүдө туруп калган.

Жерге-Тал айлындагы Хасановдун согуш мезгилинде өрттөлгөн үйү бүгүнгө чейин оңдолбой турат. Оппозициячыл согушкерлер кол салып, үйүн карактап кеткенден кийин, раис Хасанов алгач Кыргызстанга качып, кийин Дүйшөмбүдө туруп калган.

Нусротулло Хасанов: Чындап айтканда, согуш мезгилинде эле кетишкен жок. Согуш мезгилинен видео запистерим бар. Элдин арасына барып, “Барчылык да, токчулук да баары Жерге-Талда, эч кайда кетүүнүн кажети жок. Ушул жерде жашай бергиле. Буюрса алла-таала айткан дегени бар” деген насаат сөздөрдү айтып жүргөн убактарым болгон, бирок Алланын буйругу, азыр өзүмдүн уул-кыздарым Кыргызстанда жашап жатат.

Бизде эң негизги көйгөй - свет көйгөйү. Кыргызстанда күн-түн жарык бар, кааласа 20-50 гектар ижарага болсо да жер алып иштете берет экен. Ушул сыяктуу мүмкүнчүлүктөргө карап Кыргызстанга кеткендер болду. Кыргыздар эле эмес, тажиктерден да Кыргызстанга барышкан. Азыр да барып жатышат, айылдардан кетип жатышат. Жерге-Тал аралашып кеткен эл. Мен тажикче билген сыяктуу, ал жактын тажиктери да кыргызча мендей эле билишет.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанга келгенде кандай кызык окуялар болду?

Нусротулло Хасанов: Кыргызстандын эли таң калаарлык эл да. Бир жолу кызыма той кылып базарга балдарымдын апасы менен бардык, бир топ килограмм анар алышыбыз керек болду. Бир жерден барып анар сатып алдык. Сатуучу “Мен сизге эле баасын түшүрүп берем” десе мени “ии, аксакал деп урмат кылып жатат го” деп, “Кел, байбиче, ушунун анарын алалы, баасын бизге түшүрүп берип жатат” деп 14 сомдон алдык. Анан 15 метр арыраак бассак, бир сулуу, татынакай кыз анар сатып отурат. Ошол эле анар. “Канчадан сатып атасың?” десем, “8 сомдон” дейт. “Ой, бул кандай? Биз 14 сомдон албадыкпы?” десем, “Менден алып, ары алып барып, сиздерге кымбат сатып жиберди” дейт. Кыргыз кыз болчу. Кыргыз эли акты ак, караны кара деп эки сүйлөбөгөн адамдар экен. Мага ошол жагы көбүрөөк жакты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG