Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Кыргызстан ЕАЭБнын Бажы кодексине кол койду


Олег Панкратов
Олег Панкратов

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине кол койду. Санкт-Петербургдагы Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынына катышып жаткан вице-премьер-министр Олег Панкратов “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынында Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине кол койбогону тууралуу маалымат тарады. Эмнеге негиздеп кол койгон жоксуздар?

Олег Панкратов: Жок, биз аталган кодекске кол койдук. Ал жерде биз такташыбыз керек болгон айрым маселелер болуп калды. Биз ал маселелерди тактаган соң Бажы кодексине кол койдук.

"Азаттык": Айрым маалымат каражаттары Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянга таянуу менен Кыргызстан Бажы кодексине кол койбой койгонун жазып чыгышкан эле.

Олег Панкратов: Бул кодекске башка президенттер кол койгон учурда биздин президент кол койгон эмес. Анткени, биз сунуштаган маалыматтарды тактап жатканбыз. Качан гана биздин айткан сунуштарыбыз эске алынганын, кызыкчылыктарыбызга төп келерин билген соң президентибиз кол койду. Бул кодекске бардык өлкөлөрдүн президенттери кол койду.

"Азаттык": Буга чейин аталган кеңеш жыйындын жүрүшүндө казак-кыргыз чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алуу маселеси көтөрүлөрү айтылды эле. Бул маселе боюнча кандай чечим кабыл алынды?

ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

​ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

Олег Панкратов: Ветеринардык көзөмөл боюнча маселе талкууланып жатат. Бул боюнча чечим кабыл алына элек. Ал эми темир жолу боюнча унификацияланган тариф боюнча жана Казакстан тараптан техникалык жардам боюнча 100 миллион доллар бөлүү боюнча келишимге кол койдук.

Маалымат үчүн: Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси уюмга мүчө өлкөлөрдүн бажылык мамилелерин аныктаган негизги документ. Аны даярдоого биримдик мүчөлөрү үч жылга жакын убакыт сарпташты.

Кодекс уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы бирдиктүү бажы чөлкөмүн түзүү, соода жүгүртүүнүн бирдиктүү эрежелерин камтыйт. ЕАЭБга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения мүчө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG