Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандан барган 2,5 тонна алма, бадырың, 21,5 тонна кургатылган жемиштер менен жаңгак тиешелүү документтери жок деген негиз менен кармалган.

Быйыл жыл ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары Казакстан, Орусиянын чек арасынан өткөрүлбөй, артка кайтарылган же конфискацияланган учурлар көп катталды.

Өкмөт башчы Москвада ЕАЭБ жыйынында Кыргызстан биримдикте толук кандуу мүчө боло албай, өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба азыктары биримдик аймагында сатылуусу оорлогонун белгиледи.

Жашылча-жемиш да киргизилбей турат

Орусияга киргизилбей кармалып турган алманын бир бөлүгү карасуулук Айсалкын Касымовага таандык. Ишкер жашылча-жемиштерин Орусияга мурда кыйынчылыксыз эле сатып келип, быйыл гана кыйналганын айтты:

- Жыл сайын алманы, башкасын деле сатчу элек. Быйыл эми минтип өткөрбөй жатат. Эми жаңы бышкан алма менен жаңгакты киргизбесе, эт менен сүттү эмне дейбиз? Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болсо, 200 миллиондук базар ачылат дешти эле. Тескерисинче, сата албай калдык.

​ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

Орусия буга чейин бир нече жолу миңдеген тонна мөмө-жемишти артка кайтарган. Сентябрда Кыргызстандан барган 20 миң тонна мөмө-жемишти өткөрбөй койгон.

Үстүбүздөгү аптанын башында Новосибирск шаарында Кыргызстандан барган 2,5 тонна алма, бадырың, 21,5 тонна кургатылган жемиштер менен жаңгак тиешелүү документтери жок деген негиз менен кармалган. Ушуну менен Кыргызстандан Орусияга экспорттолгон мөмө-жемиш бешинчи жолу артка кайтарылып жатат. Алгач коонду өткөрбөй койсо, кийин кургатылган мөмө-жемиштерди аймагына киргизүүдөн баш тарткан, андан соң бул жактан барган күрүч артка кайтарылган.

Кыргызстандагы эпизоотикалык абалды себеп кылып, казак өкмөтү да Кыргызстандан эт-сүт азыктарын импорттоого тыюу салган. Сүт заводдордун үчөөнө гана чектеш жайгашкан аймактарга азыктарын алып кирүүгө уруксат берилген, бирок алардын арасында чакан ишканалар жок.

Казакстан Кыргызстандын эт-сүт азыктарын гана эмес, жашылча-жемиштерди да түрдүү жүйөлөр менен киргизбей келет. Алсак, акыркы айларда 500 тоннадан ашуун жашылча-жемиш Кыргызстанга кайтарылып, анын ичинен 330 тоннасы керектөөчүлөрдүн саламаттыгы үчүн коркунучтуу өсүмдүк илдети менен жабыркаган деп көрсөтүлгөн.

Калганы жасалма сертификат менен чек арадан алып өтүүдө деп артка кайтарылган. Өткөн жылы беш айда коңшуларга 6,5 млн долларлык жашылча-жемиш сатылса, быйылкы сатылган түшүмдүн жалпы көлөмү болгону 27,3 миң долларды түздү.

ЕАЭБ: Өнөктөш эмес, атаандаш

Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадагы ЕАЭБ жыйынында бул маселени көтөрүп, Казакстандан тоскоолдуктарды алып салууну сунуштады.

Жээнбеков дээрлик бир жарым жылдан бери кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл алына электигин белгилеп, Кыргызстандын биримдикке толук кандуу катышуусу чектелип жатканын бекемдеди.

Бул маселе 17-ноябрда парламентте да козголду. Депутат Исхак Пирматов кыргызстандык дыйкандар айыл чарба азык-түлүктөрүн, жашылча-жемиштерин сата албай, күйүп жатканын айтты. Ага жооп кылган премьер-министр мында негизги күнөөнү казак тарапка койду:

- Казакстан тарап менен бул маселе боюнча көп жолу сүйлөштүк. Чечебиз дешет, бирок чечилбей кала берүүдө. Бул кырдаал создуктурулбашы керек. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуу үчүн “жол картасынын” бардык талаптарын аткарса да, биримдикке толук кандуу мүчө боло албай жатат. Мен бул маселени кечээ Москвада да көтөрдүм, биримдикке мүчө өлкөлөр маселени биргелешип чечүүсү тийиш деп айттым.

ЕАЭБ көйгөйлөрү Сочиде айтылды

Сочиде, 12-августта Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Кыргызстан менен Беларус премьер-министрлери уюмдун негизги көйгөйлөрүн ортого салышты.

ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстанды өнөктөш катары эмес, атаандаш катары мамиле кылып жатат деген пикирлерин эксперттер да айтып келе жатышат. Алардын белгилөөсү боюнча, бул уюмга мүчө болуу –Кыргызстан үчүн экономикалык эмес, саясий кызыкчылык болгон.

Кыргызстан 6 млрд керектөөчүсү бар дүйнөлүк рыноктон баш тартып, 200 млн керектөөчүсү бар ЕАЭБ алкагын тандап алганы мунун далили деп белгилейт экономист Бактыбек Турдубаев:

- ЕАЭБге мүчө болуп кирүүдөн мурун, Кыргызстан өзүнүн андан көрө турган пайдасын, аткарылчу шарттар тууралуу кенен маалымат топтоп, чечишип алып, анан кирсе болмок. Шашып кирип алып, эми жашылча-жемишин сата албай аткан элди “сапатсыз азык өндүрөт” деп айыптоо туура эмес. ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстанды өнөктөш катары эмес, атаандаш катары мамиле кылып жатканы көрүнүп эле турат.

Каймак май менен сырга жол ачылды

Ошентсе да, айрым ишкерлер акыркы айларда бир аз жылыш боло баштаганын белгилешүүдө. Алардын айтуусунда, орусиялык ишкерлер өздөрү Кыргызстанда өндүрүлгөн сапаттуу азык-түлүктөрдү издеп келип, текшерүүдөн соң, жактырып алып кетип жатышат.

Шашып кирип алып, эми жашылча-жемишин сата албай аткан элди “сапатсыз азык өндүрөт” деп айыптоо туура эмес. ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстанды өнөктөш катары эмес, атаандаш катары мамиле кылып жатканы көрүнүп эле турат.

“Талас даамы” ишканасына Москвадагы “Сырторг” компаниясынын өкүлдөрү өздөрү келип, кызматташууну сунуштаган. Бул тууралуу “Талас даамы” ишканасынын жетекчиси Бакытбек Тууганбаев “Азаттыкка” билдирди:

-Биз чыгарган каймак май менен сырды орусиялык ишкерлер өздөрү жактырып, издеп келишиптир. Бул жактан дагы биздин сүт иштетүүчү жабдыктардын, заводдун мүмкүнчүлүгүн көрүштү. Анан биз менен келишим түзүп, Москвага алып кетип жатышат. Азыктарыбызды ЕАЭБдин макамы берилген лабораториядан текшерүүдөн өткөрүп, атайын сапат сертификатын алганбыз. Ошол документ менен чек арадан кыйынчылыксыз эле кирип жатат. Алгачкы 20 тоннасын жибердик.

Белгилей кетүүчү нерсе, орусиялыктар кызыгып жаткан “Талас даамы” ишканасынын азыктары Казакстанга “талаптарга жооп бербейт” деген себептер менен киргизилбейт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG