Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

"Өмүрүн чек арачынын огу жулуп кетти"


Токоман Акматалиев
Токоман Акматалиев

Өзбекстан чек арачылары атып салган Токоман Акматалиевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн Найман айылында жерге берилди.

29 жашында жан берген Араван районунун тургуну 6-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп айтылууда.

Эскертүүлөргө карабай жолун уланта берген кыргызстандыкка каршы коңшу өлкөнүн чек арачылары курал колдонушканы кабарланды. Жергиликтүүлөр болсо, курмандыктар муну менен гана токтоп калбайт деп кабатырланышууда.

Энеси менен эже-карындаштарын боздотуп коюп Токоман түбөлүк уктап жатат. Ал жакындарына мындай кайгыны каалабаса керек эле. Бирок ажалга айла жок экен. Токоман Акматалиевдин энеси Раат эже:

- Менин баламдын күнөөсү эмнеде? Ушунчалык кор болуп, ушунчалык азап тарткыдай ал эмне кылды эле? Мен баламды ушундай кылып өлтүрүшсүн деп өстүрдүм беле? Баламдын жаны чымчыкчалык да болгон эмес. Карапайым адамдардын балдары ушинтип жаш эле өлүп кетип, энелери минтип боздоп, ыйлап-сыктап эле калып кете берет экенбиз. Болбосо бизге чоңдордон эч кимиси жардам бербейт, коргобойт дагы. Али келечеги алдыда эле го! Көп максаттары бар эле го!

Маркумдун атасы жана 5 жаштагы уулу
Маркумдун атасы жана 5 жаштагы уулу
Маркумдун атасы Бурканбек Акматалиев да эмне болуп кеткенин алигиче толук түшүнө электей:

- Балам ал жакка барбайт болчу. Же жерибиз болбосо, же чек ара тилкесинде бир иши болбосо эмнеге барсын? Чек араны 4-5 метр кылып казып салышкан. Бул жерде бир түшүнүксүз нерсе болуп жатат. Бир нерсени бизге жашырып жатышкандай. Өзбекстандын чек арачылары ар кимиси ар кандай кылып сүрөттөп атышат. Бири "өзү бизге карай чуркаганда атып салдык" дейт, экинчиси "качып баратканда аттык" дейт, үчүнчүсү башканы айтат.

Өзбекстандын чек арачыларынын белгилешинче, Акматалиев алардын чек арасына 150 метрдей кирип кеткен. "Токто" деген буйругуна карабай качып жөнөгөндө эскертүү ок атылган экен. Андан кийин гана ага карата ок чыгарылган.

Бирок каза болгон жарандын жакындары өзбек чек арачылары Токоманды алгач уруп-тепкилеп, өлтүрүп алып, анан гана атып салышы мүмкүндүгүн айтышууда. Анткени анын денесинде ур-токмоктун жана башында автоматтын кундагынын издери болгон. Көгаладан сырткары бир кабыргасы да талкаланып калганын анын сөөгүн жуугандар тастыкташат. Артынан кирген ок далысынын алдынан чыгып кеткен экен.

Маркумдун агасы Маматали Адиев буларды айтты:

- Куралдуу болсо да "мейли, атсын" дейли, бирок куралы жок кишини эмне үчүн атышат? Таң калычтуу болуп жатат. Мындай мыкаачылык Ата мекендик согушта да болгон эмес. Жөн эле кетип бараткан кишини атып сала бергендей адам эмне чымын беле? Чек арасына 150 метрдей кирип кетиптир дейт, каяктан кирет? Үкөмдүн машинесин биз Кыргызстандын чек арасынан 200 метрдей бул жагында таптык. Бут кийимдери ошол жерде калып кетиптир. Аны уктап аткан жеринен атайын эле кармап кетишкен. Муну алар атайын акча өндүрүү максатында кылышкан. Анткени өзбек чек арачылары мындай нерсени буга чейин көп эле кылышкан. Анан сабап атышып өлтүрүп алгандан кийин айтып койбосун деп, атып салышкан болушу мүмкүн.

Найман айылында дыйканчылык менен жан багып келген Токоман Акматалиев ушул эле жерде Төө-Моюн чек ара заставасында аскер кызматын өтөгөн. Кийинчерээк милицияда да иштеген. Артында 5 жаштагы уулу атасыз калды. Кырчындай кезинде жашоо менен кош айтышкан жигиттин тагдыры жалпы айыл элин кайгыга салууда. Найман айылынын тургуну Акматжан Досматов:

- Бул үй-бүлөгө эле эмес, айыл үчүн да чоң жоготуу. Жөн өлгөн мааниге ээ эмес, бул киши колдуу болуп, чек арачылардын колунан бейажал өлдү. Кыргызды малчалык көрбөй атып салса, билген кишиге намыс өлдү.

Досматов бул окуя биринчиси, же акыркысы эмес экендигин, мунун баары кыргыз бийликтеринин алсыздыгынан, Өзбекстандын Кыргызстанды тоготпогонунан орун алып жатканына токтолду:

- Кыргыздар байлык, бийлик талашып бири-бирин өлтүрүп атканда коңшу мамлекеттин адамдары келип элди чекеден кырып атат. Эмнеге казактар, тажиктер, кытайлар чек арасында ок атпайт? Келип-келип ушул өзбектер ок чыгарып атышат…

Анжиян, Фергана облусунан келип кыргызстандын жаранын, бир эле кыргыз эмес, өзбектерди деле, алып барып тыгып коюп атышат. 100 миң сомдой акча берип атып, жалдырап-ыйлап атышып араң чыгарып келип атышат. Алар жөн келет дейсиңби, таяк жеп келишет. Булар кыргызды камоо боюнча план толтуруп атышабы? Акыры баарыбыз келип эле мусулман калкпыз го.


Чек араны мыйзамсыз бузуп өтүүлөрдөн буга чейин да коңшу өлкөнүн аскерлеринин огунан жараат алгандар болгон. Кыргыз-өзбек чек арасынын Ош облусунун ушул эле Араван районуна караштуу Чек-Абад бекетинде үйүнө келе жаткан Фатима Абдукахарованы коңшу өлкөнүн аскерлери "чек ара тилкесинен мыйзамсыз өтүп баратасың" деп атып салышкан болчу. Абдукахарова тилекке жараша аман калган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG