Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

Ош: автотыгынды азайтуу айласы


Навои көчөсүнүн жабылган тарабы.
Навои көчөсүнүн жабылган тарабы.

Ош шаардык мэриясы калаадагы автотыгынды азайтуу максатында көпүрө курулуп жаткан Навои көчөсүнүн бир ыптасын убактылуу ачты.

Атайын буйруктун негизинде бир катар унаа токтоочу жайлар жылдырылды. Бирок айрым айдоочулар буга нааразы. Ошол эле маалда шаар тургундары көчөлөрдөгү автотыгындардан жедеп тажаганын белгилешет.

Эстакадалык көпүрөнүн курулушу башталган күндөн бери Алишер Навои көчөсү эки тарабынан тең жабылган. Мунун айынан көчөнүн ортосунда жайгашкан “Аргымак” бекети да ишин токтотуп, андагы эл ташыган унаалар сыртка чыгарылган болчу.

Учурда шаар бийлиги Навои көчөсүн жарымына чейин ачты. Ал эми аталган бекетке атайын каттамдагы унааларды кайра киргизүүгө аракет кылууда.

Ош шаардык мэриясынын Чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Романов шаар бийлигинин чечимин мындайча түшүндүрдү:

- Суукка байланыштуу көпүрөнүн курулушу токтоп турат. Ал башталгыча Навои көчөсүнүн баш жагын ачтык. Ош-Алай, Ош-Чоң-Алай, Ош-Алайкуу багытындагы жеңил таксилердин баарын "Аргымак” бекетине киргиздик. Ал жерде Бишкек, Токмок, Кара-Балтага кетчү таксилер да турат. “Алыш” спорттук клубунун жанында дагы кичине жер бар экен, ага Ош-Өзгөн, Ош-Жалал-Абад багытындагы таксилерди койдук. Кара-Сууга кете турган автоунаанын баарын Привокзал көчөсүнө жылдырмай болдук.

Навои көчөсүнүн жабылышы менен каттамдагы таксилердин каалаган жерге турушу күч алган. Шаар бийлиги бул башаламандык иретке келсе, жолдордо тыгын азаят деген ойдо.

"Аргымак" автобекети.
"Аргымак" автобекети.
Романов бул иштер көпүрөнүн курулушу башталганга чейин гана бекитилгенин билдирүүдө:

- Бул жакты тартипке салгандан кийин, Ак-Буура дарыясынын сол жээгине өтөбүз. Филармониянын, Курманжан датка эстелигинин жанында турган таксилер үчүн да өзүнчө жер табабыз. Көпүрөнүн шылтоосу менен таксилер көрүнгөн жерде турушкан. Мэрдин 7-февралдагы №10Б буйругунун негизинде ушундай иштерди аткарып жатабыз. Бул иштердин баары ушу көпүрө бүткүчө, автотыгындарды азайтуу үчүн жасалууда.

Бирок бул өзгөртүүлөргө айдоочулардын айрымдары нааразы. Алардын бири - Ош-Кара-Суу багытында каттаган кичиавтобустун ээси Мырзамат Чыңгараев:

Привокзал көчөсү.
Привокзал көчөсү.
- Кара-Суу каттамын Привокзал көчөсүнө чыгарып салган таптакыр туура эмес. Анткени, ал жакка эл барбайт. Бул жерден эле таксиге отуруп кетип калышат. Анан биздин каттамдагы 90дон ашуун айдоочу жумушсуз калабы? Биз шаарга салык төлөп аткандан кийин ошол эле жерди берсин. Мындай чечимди биз менен кеңешип кабыл алышса болмок. Биз буга каршыбыз.

Жол жабылганга байланыштуу Навои көчөсүнүн бир башын айрым соодагерлер көчмө базарга айлантып жиберишкен эле. Күркөлөрүн алып салганга алар да капа болуп турушкандай:

- Навоиге көпүрө курулат деп, базар жабылганда ушул жерге келген элек. Эки күндөн бери “Борбордук базарга киргиле” деп бизди кубалап жатышат. Ал жакка барганыбыз менен базарга кетчү жол жабык, эл кирбейт. Зайнабидинов көчөсүндө турган соодагерлерден эле бизге кардар ашпай калат. Моюнубузда кредит деген бар, жыргагандан турган жокпуз,-деди ушул жерде соода кылган Таберик Базарбаева.

Ошого карабай бийликтер бул жолду көпүрө курулушу башталганга чейин ачып турууну көздөөдө. Тартипти камсыз кылуу үчүн 10 чакты жол кайгуул кызматкерлери да таңдан кечке Навои көчөсүн кайтарууда. Ош шаардык жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков көчөдө тартип орномоюн иштей беришерин билдирди.

Көпүрө бүтмөйүнчө автотыгын азайбасын айткан шаардыктар да көп. Оштун тургуну Айбек Боронбаев бийликтер бардык күчүн эстакадалык көпүрөнү бүткөрүүгө жумшаса деген пикирде:

- Кайда караба автотыгын. Бул азыр биздин шаардын №1 көйгөйү болуп калды. Бир жакка шашып атканда ушуну ойлоп, жүрөкзаада болосуң. Бир-эки саат кармалып, нервди короткуча жөө басып кеткенди артык көрө баштадык. Шаар бийлиги таксилерди нары-бери түртмөктөгөндүн ордуна биринчи көпүрөнү куруп бүтүрсө жакшы болот эле.

Ош шаардык кеңеши жана мэрия Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн долбоору кайрадан каралып чыккандан кийин гана, курулуш башталарын билдирген. Навои көчөсү шаардын эки тарабын, Ак-Бууранын эки жээгин бириктирип турган эң негизги 4 жолдун бири.

Буга чейин шаардагы унаа жана автобус токтоочу жайларды шаардын сыртына чыгаруу демилгелери көтөрүлүп, бирок колдоого ээ болбой калган. Борбордук автобекетти “Таатан” базарына, же Манас-Ата кичирайонуна которуу керектиги айтылып келген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG