Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

2010-жылдын апрель, июнь окуялары маалында жалданма көзгө атарлар болгонбу же болгон эмеспи?

Башкы прокурор Аида Салянова да “Азаттыктын” интернет окурмандарынын суроолоруна жооп берип жатып жалданма снайпер болгон эмес деп билдирди. Калайманда адам өлтүрүүгө снайперлер жалданган деп эсептегендер тергөө тыянактарына ишенбей турушат.

2010-жылы апрелдеги элдик козголоңдо жана июнда улут аралык жаңжалда чоң жоготуулар болгону жалпыга маалым. Бишкекте өкмөт үйүн алууда 70тен ашуун, Оштогу жана Жалал-Абаддагы кагылышта 400 чамалуу карабашыл адам октон ажал тапкан эле. Алардын көбү талылуу жерине таамай атылган октон жан беришкен.

Бул калабаларда атайын даярдалган жергиликтүү жана чет жердик жалданма көзгө атарлар кармалып жаткандыгы жөнүндөгү ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн маалыматтары азыр тергөөдө далил таба элек. Жалданма снайперлер болгону тууралуу маалыматтар улуттук, парламенттик комиссия баштаган ондон ашык комиссиянын баяндамаларында да көрсөтүлгөн жок.

Айтор, жалданма көзгө атарлар болгон деген расмий маалыматтар эки жылдан кийин төгүнгө чыгып, ар кандай күдүк жоромолдорго жем таштап турган чагы. Ошол кезде билдирүү жасаган айрым расмий өкүлдөр бүгүн снайперлер маселесин күчөткөн журналисттер деп кутулууда.

Убактылуу өкмөт мүчөсү, ошол кездеги күч түзүмдөрүнүн координатору Азимбек Бекназаровду тыңдайлы:

- Жалданма көзгө атарлар тергөөдө аныкталган жок. Жалданма көзгө атарлар болгон эмес. Бирок СГО менен "Альфанын" кызматкерлери элди снайпер катары аткан да. Алар отурбайбы, сегизи соттолуп атпайбы. Калганын да издеш керек. Анткени алар биз эле атыптырбызбы, бизден башкалар да аткан дешүүдө. Мына ошону бизден кийин келген кызматкерлер издеп тапсын. Болгонбу, болгон эмеспи деп. Анткени маселе ачык турат. Жыйынтык кылыш керек.

Жалал-Абад, 19-май, 2010-жыл

Жалал-Абад, 19-май, 2010-жыл

Ошол эле мезгилде Бекназаров коогада кармалгандар боюнча снайпердикти кесип кылган, жарандыгы белгисиз бир адам кармалган деп оозеки тастыктап, бирок иштен кеткендиктен шектүү адамга байланышкан кийинки жагдайды билбей калганын айтып отурат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин азыркы төрагасы Шамил Атаханов, тескерисинче, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү оңду-солду билдирүүлөрдү жасап, бирок билдирүүлөрдү тастыктай турган бир да материал калтырган эмес деген кинесин айтты:

- Алар (снайперлер) бутаны эмес, адамдарды мээлеп атышкан. Эмне үчүн аларды кармашкан эмес? Бул өтө маанилүү маселе. Алар (снайперлер) кайда жоголушту? Бул да маанилүү, бирок алар жоголуп кетишти. Баарыбыз көргөнбүз, биз аны танган жокпуз. Мен материалдарды иликтедим. Менде хронологиясы турат: Бекназаров адегенде июнда 11 снайпер кармадык деп билдирген, андан кийин 15и кармалганын, баллистикалык экспертиза өтүп жатканын айткан. Бул Убактылуу өкмөттүн жооптуу мүчөсүнүн өзүнүн сөзү.
Мен Коопсуздук комитетиндеги болгон тергөө материалдарын карап чыктым. Снайперлер болгон эмес деп айткан жерибиз жок, бирок материал жок. Эмне үчүн материалдар жок? Бул ошол кезде органдарды жетектегендерге чоң суроо. Эмне үчүн убагында карап, тергешкен эмес? Башкы маселе ушунда.


Мындай дооматтарды төгүндөгөн Бекназаров тергөөнү улантууга материалдар жетиштүү экенин белгилеп, 2010-жылкы окуяларды териштирүү Убактылуу өкмөт ишин өткөрүп бергенден кийин токтоп калды деген жообун узатты:

- Бул иш боюнча иштеген киши жок. Ошол Шамил Атаханов да иштебей атат. Иштесе кишилерди таап, өткөрсө болот эле да. Интернетти карасаң көрүнгөн жерде эле мылтык көтөрүп жүрүшпөйбү. Интернетти карагыла кээ бирлери мен аткам деп мактанып атышат. Эмне үчүн ошолор боюнча иш жүрбөйт?

Мурда жана азыр тергөө милдетин аркалаган аттуу-баштуулар минтип бири бирине таш ыргытып жаткан кезде коомдук активисттер окуялардын мурда тергегендери деле, азыркылары деле жеке жана саясий кызыкчылыктарга алдырып, атайын бурмалап жатышат деп күмөн санашууда. Алардын баамында ишти изи сууй электе кесипкөй тергегенде бүгүнкүдөй башаламандык чыкмак эмес. Маселен, улуттук комиссиянын мүчөсү, саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай ойдо:

- Элди атты деген фактыларды көп эле кишилер айтып беришкен. Алар снайпер эмес дегенден кишини аткылоо фактысынын мааниси төмөндөп калбайт. Снайпер бар-жок деген факт менен эле негизги тергөөнү башка жакка буруп кетип атышат. Бул даярдалбаптыр, кокусунан чыгып кетиптир дегенге алып баргысы келгендер бар да.

Табышмак: кайсынысы туура?

Эмне үчүн тастыкталбаган маалыматтар расмий таратылган, эмне үчүн таратылган маалыматтар кийин төгүнгө чыгып калды, жалданма снайпер деген шек менен кармалгандарды чет өлкөлөр тымызын чыгарып кетишти деген имиштин чын-төгүнү канчалык, кандай себептен өз маалында көз карандысыз баллистикалык экспертиза өткөрүлбөй калган деген сыяктуу суроолорго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевден жооп алуу аракетибизден майнап чыкпай жатат.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Досмир Өзбеков өзү иштеп турган 2011-жылдын январына чейинки убакта жалданма снайперлерге таандык эч кандай документ жолуктурган эмесмин деп ишендирди:

Д.Өзбеков: Мен андай документ көргөн эмесмин.

"Азаттык": Силердин аскерий түшүнүктө снайпер деген ким?

Д.Өзбеков: Ал аскерий жашыруун атуучу ыкмаларды үйрөнгөн жоокер.

"Азаттык": СГО менен “Альфанын” камактагы балдары - снайперлерби?

Д.Өзбеков: Алардын арасында снайперлер бар, бирок мен аларды катышты, же катышкан жок деп айта албайм.

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Андай болгондо буга чейинки билдирүүлөр – куру сөзбү? Маселен, мурдагы биринчи чекист Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдын 21-июнунда уюштурган маалымат жыйынында журналисттерге ошол тапта июнь окуясынын жыйырмадай активдүү катышуучусу кармалгандыгын, алардын жетөө чет өлкөлүк экенин айткан.

Журналисттин “кармалгандар снайперлерби?” деген суроосуна “Келгиле, мурда күнөөсүн далилдейли, сот болсун. Билесиздер, жакында менин биринчи орун басарым Байболов Тажикстан жарандарына карата мезгилинен эрте, этият эмес сөз айтып алып биз бир аз ыңгайсыз кырдаалга тушуктук” деп жооп берген.

Бирок ошол чет өлкөлүк шектүү жети жарандын кийинки тагдыры аликүнчө беймаалым. Апрель, айрыкча июнь окуяларында бир топ чет өлкөлүктөр, алардын ичинде славян, балтика, африка, азия калктарына түспөлдөш шектүү адамдар кармалгандыгы, бир топтору депортациялангандыгы, буга мамлекеттик, жеке кызыкчылыктар таасир эткендиги тууралуу кептер көп эле чыккан.

Парламенттик комиссия да көп маалыматтарды тактабай, арабөк калтырууга аргасыз болгондугун анын төрагасы Токон Мамытов билдирди:

- Аты-жөнү кана, ким кармады, кайдан кармадыңар, Сулайман-Тоодон атты дедиңер эле, ал ким деген суроолорубузга алар биз жаңылып калыптырбыз, алар биздин чек арачылар экен, ошол жакта күзөттө жүрүп шам күйгүзүп, тамеки тартса, биз аларды снайпер деп эсептеп алыптырбыз дешти. Ошто аткандарды да снайпер экен деп кармасак алар да снайпер болбой калды, ошон үчүн снайпер жок дешти. Комиссия да Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө эмне үчүн кайра конкреттүү, төгүндөгөн маалымат берген жоксуңар деген суроону коюп, жооп ала албай койду.

Токон Мамытов билдирүүлөрдүн далилсиз калышы жергиликтүү кызматкерлердин көбүртүлгөн маалыматтарын текшербей жарыялагандыктан же шектелгендерди кармай албай, качырып ийгендиктен да болушу мүмкүн деген ойдо:

- Эки өзбек жаранын кармашыптыр. Бирок ИИМ менен Коопсуздук комитетинен алар снайпер эмес, аскерий кийимчен, эч нерсеге тиешеси жок кишилер экен. Аларды койо берип ийдик деген жооп алдык.

Адистердин баасы

Негизи 2010-жылдагы окуяларда көзгө атарлар жалдангандыгын эксперттер да болжоп жүрүшөт. Орусиялык талдоочу Аркадий Дубнов маселен, окуяда мүнөздүү белгилер бар дейт:

- Муну мен жокко чыгара албайм. Июнь окуясынын же Ак үйдүн айланасындагы атышуулардын мүнөзү снайперлер катышкандыгынан кабар берет. Мен кайсы өлкөлөрдөн келгендигин айта албайм, бирок алыскы өлкөлөрдөн келди деп ойлобойм.

Ошого жараша чуулуу маалыматтарды тастыктай турган далилдердин жиксиз болуп калышын ансыз да боосу бекий элек Убактылуу өкмөттүн чет өлкөлөр менен мамилени татаалдаштырбоо аргасынан болду деген божомолдор пайда болду. Бул жагынан Дүйшөбаевдин кабатырлануусунда да негиз бар. Тажикстан Тышкы иштер министрлиги Бишкекке кат жолдоп, анда тажик жарандарынын июнь окуясына тиешеси жок экендигин тастыктаганын дароо эле маалымат булактары жарыялашкан.

Анын алдында июнь окуясына тажик тектүү жыйырма чакты көзгө атар катышкан деген маалымат тараган. Тажик көзгө атарлар тууралуу алгачкылардан болуп ошол кездеги Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов ачыктап, снайперлерди президент Курманбек Бакиевдин жакындары жиберип жатышы мүмкүн деп болжогон. Атүгүл далилдөөчү мезгил алыс эместигин да белгилеген.

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин апрель окуясынан кийин Тоолуу-Бадахшанда баш калкалап жүрөт деген имишти эске алганда бул чындыкка жакындай сезилет. Ал эмес айрым талдоочулар июнь окуясына Тажикстандагы жарандык согуштун катышуучулары тартылышы мүмкүн деп, анын артында мурдагы оппозициячы, майдан колбашчысы Абдулло Назаров турарын жоромолдошкон.

2010-жылы июнда Жалал-Абадда комендант болгон Кубатбек Байболовго чет жердик ыктымал снайперлерге байланыштуу бир катар суроолор жолдодук:

К. Байболов: Кармалбагандан кийин, жалданма снайперлер кармалгандыгы тууралуу документтер болбогондон кийин айтыш кыйын да.

"Азаттык": Ошол эле кезде көргөнбүз дегендер көп болуп атпайбы?

К. Байболов: Чындыгында болгондугу тууралуу оперативдүү маалыматтар, эл арасында сөз, уламыштар көп.

"Азаттык": Бирок сиз бир жолу снайперлер болгонуна ишенем, себеби Борбор Азияда снайпер жалдаш кымбат эмес деп айтпадыңыз беле?

К. Байболов: Азыр деле айта алам, жалданма снайперлердин болгонунда менин күмөнүм жок, бирок, документ жок, кыйналып атпайбызбы. Болбосо аянтта каза болгондор менен кармалган курал-жарактагы октор дал келбей жатпайбы. Демек башка мылтыктан атылган да.

"Азаттык": Демек сиз ошол кездеги жооптуу кызматкер катары жалданма снайперлер болгондугу далилденген жок деп айта аласыз?

К. Байболов: Ооба, тилекке каршы. Мындайда оперативдүү иштердин бардыгы атайын кызматтарга жүктөлөт. Массалык баш аламандык болгондо атайын кызматтардын бирден-бир милдети - сүрөткө, киного тартуу. Тилекке каршы биздин ошол учурдагы атайын кызматтар ишин бул жаатта жасай алган эмес.

Тергөө: апрель, июнь окуяларында снайпер болгон эмес

Апрель жана июнь окуяларын иликтеген тергөөчүлөрдүн айтымында, тергөө маалында жалданма снайперлер болгондугун тастыктаган видеотасма да, фотосүрөттөр да табылган жок. Чет элдиктерди көрдүк дегендерден сөздөн башка бир да далилдүү документ өткөрүлгөн эмес. Колдогу видео, фотоматериалдар болгону апрель окуясында демонстрацияга чыккандарды мээлеп атты деп, аскерий “Альфа” тобунун жети, Мамлекеттик күзөт кызматынын жети кызматкерине айып тагууга гана жарап жатат.

Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкери Учкун Каримов да кызматкерлердин арасында атайын снайпердик машыгуудан өткөндөр бар экендигин тастыктады. Ошол эле мезгилде айып тагылгандар адамдарга мээлеп ок аткан биз эмес деп, сотто айыпты мойнуна албай жатышпайбы.

Эгер алар атпаганы чын болсо, анда ким атты деген суроого апрель окуясынын катышуучусу, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева да жооп издеп жүргөн экен:

- Видеокадрлардын бардыгын өткөрүп бербедикпи. Керек болсо сатылган видеолордо көп материалдар жүрөт. Демек Коопсуздук комитети муну иликтетпеш үчүн атайын иликтөө иштерин башка жакка буруп атат. Балким азыркы саясий лидерлердин бул ишке байланышы бардыр.

Курманбек Бакиев, Тейит айылы, 14-апрель, 2010-жыл

Курманбек Бакиев, Тейит айылы, 14-апрель, 2010-жыл

Окуяларды иликтеген улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев апрель окуясынан кийин бийликке келгендердин саясий же жеке кызыкчылыктары бар дегендерге анча ишене бербейт. Анын баамында, снайперлердин из жашырып кетишине Убактылуу өкмөттүн жармачтыгы себеп болгон. Убактылуу өкмөттүн жармачтыгын Жекшеев атайын кызматтарды кезинде каалагандай калчаган Марат, Жаныш Бакиевдердин кадрларына такоот бере албагандыгынан көрөт.

Жалданма снайперлерди Бакиевдер алып келгендигине саясат таануучу Орозбек Молдалиев да ишенет:

- Жалдап алып келди дегенге ишенсе болот, анткени буларда акча, криминал менен байланыш өтө чоң болгон. Адамдарды өлтүртүп атышса... Аны алып келүүнүн дагы бир себеби – жергиликтүү балдардын оозунан эртеби-кечпи сөз чыгып кетет. А башка жактан келгендерге акчасын берет да, кетирип иет, анан эр болсоңор таап көргүлө.

Далилиңиз барбы?

Апрель окуясынын жабырлануучулары Бакиевдер чет жактан көзгө атарларды алып келди деген кепти эл ойлоп чыгарган деп эсептешет. Алардын жактоочусу Осунбек Жамансариевдин айтымында, бул маселени көтөрүүгө дегеле негиз жок, ондогон жүздөгөн тасмалардын ичинен сот жалданмалар жөнүндө бир дагы далил тапкан жок:

- Апрель окуясына кайра кайрылып көрсөк: башында өзүбүздүн эле жарандар өзүбүздүн эле жүздөгөн жарандарыбызга каршы ок атты дегенге эч ким ишенген эмес. Муну биздин балдар аткан жок, сырттан алынып келинген адамдар айосуз атып өлтүрдү деген сезим пайда болгон. Мен тергөөгө барып сурасам кармалгандыгын айтып, өзүбүздүн эле жаш балдар деп, бирок кимдер экенин бүдөмүк кылып айтышкан эмес. Башкы прокуратурадан Учкун Каримов деген тергөөнүн башында турган, алар айтышты коркобуз, азыр абал курч болуп турат, өлгөндөрдүн туугандары үйүнө барып кол салып ийишет деп, алар кимдер экенин айтпай коюшту. Бирок мен болбой, эч жакка чыгарбайм деп сөз берип, тизмесин алгам.

Атайын кызматтагы жоокерлерден башка да жалданма снайперлерди көргөн-билгенбиз дегендердин айткандарын келтирип көрөлү.

Табылды Акеров, талдоочу:

- Түн жарымынан оогон кезде көпчүлүктөн снайпер кармалды кыйкырыктар чыгып калды. Анан эл аянттан Агропром менен Башкы прокуратураны карай жөнөштү. Ондой бала бир баланы жетелеп келатышыптыр. Мылтыгын жанында бирөө кармап келатыптыр. Өңү-түсү боюнча араб деп да, кавказдык деп да айтууга болбойт. Ушул Борбор Азия элдерине эле окшош, тажик түспөлдөш бала экен, орто бойлуу. Ортого салып тепкилеп киришти, бирок көпчүлүктөн беш-алты бала урбагыла, өлтүрбөгүлө деп арачы түштү. Кайсы тилде сүйлөйт дешип, орусча ар кандай суроолорду беришти. Бир да сөз оозунан чыккан жок.

Манас Акматов, коомдук активист:

- “Илбирстин” үстүнөн ыргытылган, канжалап жатканын көрдүм. Анан “Илбирстин” өөдө жагындагы “Бейиштин” жанындагы эки кабат имараттардан атып аткан снайперди байкап калышкан экен, аны кармап, тепкилеп атканын өз көзүм менен көрдүм. А музейдин үстүндөгү негрди өлтүрдүк деген балдар ошол напиток, аркы-беркилерди коюп алышкан экен, ошолордон бери алып, мына өлтүрдүк деп келишти.

Ольга Миронова, кошумча күбө, апрель сотундагы сөзүнөн:

- Мен риэлтер болуп иштейм. Биздин кеңсе кесиптик кошуундар имаратынын жанында. Саат 11ге чукул биздин кеңседен 15 метр алысыраак милициянын 2 автоунаасы токтоп, биринчисинен 6, экинчисинен 7-8 киши чыкты. Баары кара кийимчен, куралчан экен. Алардын үчөө каскасын чечкенде бири сары, скандинав өңдүү, экинчиси азиат, үчүнчүсү афроамерикалыктай көрүндү. Милиция аларга кесиптик кошуундар үйүнүн чатырын көрсөттү. Калган экөө Логвиненко-Чүй тарапка, калганы Ак үйгө кетишти.

Бул өңдүү билдирүүлөрдү апрель жана июнь окуяларына күбө болгон жүздөгөн кишилерден укса болот. Бирок алардын чын-төгүнүн, албетте, тергөө гана сары изине түшүп, аныктай алат. Укук коргоочулар арасында тергөөнүн көз карандысыз өтүп жатканына ишенбегендер да аз эмес. Алар тергөөнүн сыры деген шылтоону бетке кармаган бүгүнкү тергөөчүлөрдүн арасында сөзсүз кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын жактагандар табылат деп шектенип келатышат.

Өз атын атоону каалабаган тергөөчүлөрдүн биринин айтканына караганда, тергөө өтө оор болуп, көптөгөн талылуу маселелер далилсиз калды. Маселен, таамай атуулардын көп болгондугу атайын даярдыктагы көзгө атарлар болгондугун айкындады, ошол эле мезгилде баллистикалык экспертизада атылган ок менен куралдын дал келбей калган учурлар бар. Бул - жалданма снайперлер болгон эмес деп кескин айтууга тоскоол болчу элементтерден. Көптөгөн имиштер, анын ичинде апрель окуясында мамлекеттин колунан чыгып кеткен куралдар, анын ичинде снайпер мылтыктар июнь окуясында пайдаланылган деген жоромолдор да тактала элек.

Калабанын калабадай азабы

Улуттук комиссиянын мүчөсү, саясат таануучу Орозбек Молдалиев чындыкка жетүү үчүн биринчи кезекте так фактыларды таап жана аны тергөөдө тастыктоо зарыл. Айрыкча чоң калабаларда катылган фактыны чыгарууда тергөөчү окуялардын күбөлөрүнүн жардамына муктаж. Тилекке каршы тергөө шек туудурганы аз келгенсип, бул эки окуяда тең саясий кызыкчылыгы бар аттуу-баштуулар арасында да, эл ичинде да далилдерди жашырган учурлар арбын дейт Молдалиев.

Ошентсе да 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынын чыгуу себептери жана табияты ар башка болгону менен, адамдарга кыргын салуу ыкмаларында окшоштуктар бар экени шексиз. Ошондон улам суроо чыгат: адамдарды туш келди атуу кайсы бир күчтөрдүн Кыргызстанга каршы кыянат максаты болгонбу же алар күтүүсүз жагдайдын курмандыктары болуштубу? Бул суроого так жооп табуу керектир. Анткени адегенде максат болот, ага жараша ыкмалар колдонулат эмеспи. Демек Бишкекте да, Ош менен Жалал-Абадда да атайын даярдалган жалданма көзгө атарлар болгон-болбогондугу, болсо аларды кайсы күч жалдагандыгы табылса ал аркылуу чоң карта ачылчу сыягы бар.

Ош, 17-июнь, 2010-жыл

Ош, 17-июнь, 2010-жыл

Баса, президент Алмазбек Атамбаев алгачкы маалымат жыйынында Кыргызстандын эгемендигине каршы күчтөр кошуналар менен кагыштырууга кызыкдар болгонун, анын тамырына чейин издеп табуу максатын билдиргени бар. Ал эми жазгы интервьюларынын биринде июнь окуясынын хронологиясы кайра каралып, анын артынан жаңы фактылар ачылып жаткандыгын айткан эле.

Атамбаевдин таламын талашкандар мындай билдирүүлөрдүн артында олуттуу далилдер жатса керек деп, ага үмүт байлап турушат. Ошентсе да көз карандысыз эксперттердин баамында, окуялардан алыстаган сайын чет жердик жалданма снайперлер болгон-болбогон деген суроо да эскирип бараткандай туюлууда. Ага жараша бул фактыларды чыгарбай коюуга өтө салабаттуу күчтөрдүн кызыкчылыктары бар деген жоромол улам ишеничтүү угулаары турулуу иш.

Эмне дейбиз, кан алыс узатпайт же кыңыр иш кырк жылдан кийин деген сыңары жүздөгөн өмүрдү алган бул кыянатчылыктын да жүзү ашкереленээр деген илгери үмүт менен баяныбызга чекит коё туралы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG