Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Келдибековдун аялы догдурларды куугунтуктап жатабы?


Аида Токтоматова
Аида Токтоматова

Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун айрым кызматкерлери былтыр күздө өткөн шайлоонун жыйынтыгын таанууну өкмөттөн талап кылышты.

Ушул эле күнү борбордун онго чукул кызматкери Токтоматова өзүнө каршы добуш бергендерди негизсиз куугунтуктап, өз тааныштарын ишке алып жатканын айтып чыгышты.

Өкмөткө караштуу Репродукция борборуна жетекчини шайлоо былтыр 7-октябрда өткөн. Анда эки киши: Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Акматбек Келдибековдун аялы Аида Токтоматова жана азыркы орун басар Арстанбек Атыканов ат салышкан. Токтоматова 29 добуш алып, жеңүүчү болгон эле. Бирок эмдигиче шайлоонун жыйынтыгы өкмөт тарабынан таанылбай, жетекчинин кызмат ордуна бекитилбей жатышына борбордун айрым кызматкерлери нааразы болуп чыгышты.

Бөлүм башчы Айгүл Керменбаева, мекеменин мурдагы жетекчиси Тимур Сартбаев баш болгон кээ бир адистер кимдир бирөөнүн заказын аткарып жатышы мүмкүн деп эсептейт:

- Сартбаев Аида Токтоматованын эң жакын кишиси. Эмнегедир шайлоого бир жума калганда ал өз каалоосу менен арыз жазып кызматтан кеткен. Ошондуктан биз муну саясий заказ деп ойлоп жатабыз. Ал жакында төрөт залга дарыгер болуп которулган. Бирок бөлүм санитардык себептерден улам жабылган. Ошого карабай эки-үч кишини чогултуп алып, Дамира Ниязалиевага (вице-премьер-министр – авт.) кирген го. Анын макулдугун алып, бөлүмдү өз алдынча иштетип жатат.

Мындан сырткары ушул эле топ Токтоматованын илимий даражасы таанылбай жатканына да нааразылык билдиришти.

Илимий мекемелерге жетекчини шайлоо жобосуна ылайык, талапкер илимдин доктору болушу керек. Ал эми Репродукциялык борбордун жетекчисинин орун басары Атыкановдун белгилешинче, Токтоматова диссертациясын Эл аралык илимдер академиясынын Борбор Азиядагы филиалынан жактаган. Бирок Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы аны текшерип чыгып, жоболорго туура келбейт деген тыянак чыгарган. Мунун себебин комиссиянын жетекчисинин орун басары Бакыт Тыналиева мындайча түшүндүрдү:

- Аттестациялык комиссия анын диссертациясын кабыл алды. Беш айдан бери текшерип жаттык. Эксперттер текшерип чыкты. Карасак, биздин жоболорго такыр туура келбейт экен. Ошондуктан ушундай терс корутунду чыгардык. Ал диссертациялык кеңеште эмес, эксперттик кеңеште жактаптыр. Илимий иштердеги бирөөнүн эмгегин көчүрүп алуу фактылары текшерилип, 47,8% плагиат болгондон кийин эксперттер такыр карабай койгонго акысы бар болчу. Ошого карабай эксперттер текшерип, корутунду чыгарып берди.

Ушул эле күнү Репродукция борборунда иштеген кызматкерлердин экинчи бир тобу маалымат жыйын өткөрүп, Токтоматова шайлоодо өзүнө каршы добуш бергендерди куугунтуктап, негизсиз кызматтан алып, сөгүш берип жатканын билдирип чыгышты.

- Шайлоо бүткөн учурда эле “мен мындайды күткөн эмесмин, эми көрөм силерди” деп туруп кеткен. Көп жылдан бери иштеген, тажрыйбалуу медайымдарды, дарыгерлерди куугунтукка алып, “сен башкы медайым менен тил табыша алган жоксуң”, “сен бизди укпай койдуң” деген шылтоолор менен баарыбызды жумуштан чыгарып же башка жакка которуп жатат. Жөндөн жөн эле сөгүш берүүдө. Биз, карапайым жөнөкөй медиктер кыйналып жатабыз. Ошондон бери борбордо ишти ойлогон киши жок, ушак-айың гана болуп калды,- деди нааразылардын бири Роза Көчөркулова:.

Бул сын-пикирлер боюнча Аида Токтоматованын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ошол эле кезде борбордун башкы врачы Ирина Баранова андай кысымды, куугунтукту байкабаганын, кээ бирлери өз каалоолору менен кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

Токтоматованы жактагандар да, анын ишине нааразы болгондор да өкмөткө кайрылып, маселени чечип берүүнү өтүнүштү. Өкмөттүн социалдык маселелер боюнча орун басары Дамира Ниязалиева кызматкерлердин арыздары менен таанышканын билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча жакын арада Аттестациялык комиссия жана Саламаттыкты сактоо министрлиги өз чечимин чыгарышы керек. Кайрадан шайлоо уюштуруу керекпи же жокпу деген маселе ошонун жыйынтыгына жараша болот.

Аида Токтоматова 2010-жылдан бери аталган борбордо иштейт. Ал күйөөсү Акматбек Келдибеков коррупцияга шектелип, кармалган учурда коомчулукка көбүрөөк таанылган. Сотко кайрылып, күйөөсүн жана үй-бүлөсүн каралап жазган журналисттерди чөгөлөтөм деп айтканы белгилүү. Андан кийин "эмоцияга алдырдым" деп жергиликтүү маалымат каражаттардын биринен кечирим сураган болчу.

Экс-спикер Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова. 22-ноябрь, 2013-жылы тартылган видео.
Келдибековдун жубайы: Жалаа жапкандарды чөгөлөтөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

XS
SM
MD
LG