Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

27-июнда Бишкекте Борбор Азиядагы маалымат каражаттарынын эл аралык конференциясы өттү.

Анда азыркы медианын өксүктөрү жана өзгөчөлүктөрү талкууга алынып, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев учурунда өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун окуясы жакшы изилденбей жатканы, июнь окуясынан кийин өзбек тилдүү басылмалардын жоголуп кетиши - Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин өксүктөрүнүн негизгилери катары аталды. Ошондой эле сөз эркиндигинин экономикалык өңүтү да талкууланды.

Кесипкөйлүктү жогорулатуу керек

Борбор Азиядагы маалымат каражаттарынын эл аралык конференциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ЖМКлар боюнча өкүлү Дунья Миятович “Борбор Азияда сөз эркиндигин чектөө, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине бийликтин кийлигишүүсү дале бар”, - деп билдирди . Ал сөз эркиндигине болгон кысымды азайтуу үчүн журналисттердин кесипкөйлүгү да маанилүү ролду ойноорун баса белгиледи.

- Журналисттердин жана медиа кызматкерлердин да бул жерде маанилүү ролу бар. “Басма сөздөн колуңду тарт” дей бергендин өзү сөз эркиндиги үчүн жетишсиз. Кесипкөйлүктү жогорулатыш керек. Экономикалык деңгээл начар болсо, журналисттерди кодулап турушса, албетте муну жасоо кыйын. Бирок башка жол жок.

Анткен менен кыргыз бийликтери маалымат каражаттарында такталбаган маалыматтарды жайылтуу өнөкөткө айланып баратканын белгилешүүдө. Бул тууралуу кечээ ЕККУнун медиа өкүлү менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жолугушуусунда да сөз болгон.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун тастыктаганына караганда, Сатыбалдиев Кыргызстандагы сөз эркиндиги алдыңкы өлкөлөрдөн кем эместигин белгилеп, бирок чектен чыгууларга да токтолгон:

- Премьер-министр жолугушууда Кыргызстандагы сөз эркиндиги Европа өлкөлөрүндөгү жана башка өнүккөн мамлкеттердегидей деңгээлде экенин айтты. Ошондой эле Кыргызстан ачыктыгы, эркиндиги жагынан да көп өлкөлөрдөн алдыда тураарын кошумчалады. Бирок ушундай ашыкча эркиндик журналисттердин жоопкерчилигин жоготуп жатканын билдирди.

Сөз эркиндигине доо кетирген учурлар

Интернет журналистикасы, өзгөчө социалдык тармактар аркылуу кабар таратуу маалыматтын ишенимдүүлүгүн чынында азайтаарын конференцияга келген адистер да белгилешти. АКШнын Мичиган штатындагы университеттен келген профессор, журналист Эрик Фридман социалдык тармактар жана аз айлык акы кесипкөй журналисттерди бара-бара бул айдыңдан сүрүп чыгаарын билдирди.

Профессор Кыргызстандагы абалга кайрылып жатып, бул өлкөдө сөз эркиндигине доо кетирген фактыларды атады:

Алардын бири - Бакиев учурунда өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун иши жетиштүү иликтенбей жатышы. Мындан сырткары 2010-жылдагы июнь окуясы жүздөгөн адам өлүп, 100 миңдегени жабыркагандан сырткары башка да терс көрүнүштөрдү алып келди. Биринчиден, өзбек басылмаларынын көп бөлүгү жоголуп кетти. Экинчиден, медиа кызматкерлери арасында өзүн-өзү чектөө пайда болду. Журналисттер менен сүйлөшкөндө ушул сыяктуу талылуу темаларды чагылдыруудан, анын жыйынтыгында күнөөлүү болуп калуудан коркушаарын айтышты.

Борбор Азиянын журналисттери чогулган жыйында Өзбекстанда сөз эркиндиги боюнча абал дале оор экенине басым жасалып, Түркмөнстан экөө керек болсо дүйнөнүн эң авторитардык өлкөсү аталды. Ал эми Казакстанда президент Назарбаевдин кол алдындагылар бардык жеке менчик ЖМКларды өзүнө каратып алганы белгиленди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG