Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Кыргызстанда пенсияга чыга элек Баатыр энелердин көбү жакыр турмушта жашайт. Сентябрдан тарта аларга айына миң сомдон берилгени жатат.

Жети баланын энеси Гүлмира Алимбаева Баатыр эне наамын 2010-жылы алган. Наамы гана болбосо анын орденин деле, жеңилдиктерин деле көрө элек экен. Көп балалуу бул үй-бүлөнүн төрт баласы мектепте окуса, экөө сентябрда мектеп босогосун аттаганы турат.

- Эч кандай жеңилдик жок. Мен болсо балдарды карап үйдө отурам. Былтыр гана бир мүшөк ун алганбыз. Мисалы, мен балдарыма 1900 сом пособие алчумун. Акимияттан эки аял келип “телевизоруң бар экен, салат жасап атыпсың, ушунча помидорду канчадан алдың" деп, ал акчаны 1500 сом кылып кыскартып коюшуптур. Ага бир мүшөк ун алам. Билбейм эми кимге, каякка барам.

"Азаттык": Балдарыңыз мектепке барат экен. Мектепте жеңилдиктер барбы?

- Балдарга фондго, ремонтко төлөйсүңөр дейт. Быйыл үч баламдын ар бирине 250 сомдон төлөдүм. Бул биз үчүн чоң акча. Тамак-аш жагынан деле кыйналабыз. Бир айда бир эт жесең деле курсантсың да.

Бул үйдө бир гана Гүлмира айымдын жолдошу иштейт. Ал да курулушта иштегендиктен сезон жокто иш да токтойт. Үй-бүлөдө кичүүсү 3 жашта, бала бакчага барбайт.

- Бала бакчага барса жакшы болот эле. Бергенге каражат жок. Барсаң эле киргизгени үчүн алты миң дейт. Үч баламды берсем жакшы болот эле, мектепке даярданып калмак.

Эми сентябрдан тарта Баатыр энелерге камкордук көрүү үчүн аларга айына миң сомдон берилгени жатат. Буга байланыштуу мыйзам долбоорду депутаттар да колдоп беришти.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, өкмөт буга чейин жүз сом төлөп келген.

- Ай сайын ар бир Баатыр эне өзүнүн күбөлүгү болсо эч бир справка жана башка документтерди чогултуп, жыйнабастан жашаган жериндеги Социалдык фонддун бөлүмүнөн миң сомго чек жаздырып алганга укугу бар. Бюджет дефицити болуп аткандыктан муну да көп талашып-тартышып атып араң өткөрдүм. Өкмөт деле “жок” деген жок, алар 700 сомдон гана бөлүп бере алабыз дешкен. Эми бул төрт айга жетет, эмдиги жылы дагы кошумча ресурстарды табышыбыз керек. Баатыр энелерге он миң сом берсе деле көп болбойт эле, бирок алыбызга жараша ышкыралы дегендей болду.

Анткен менен кыргыздардын санын мындай жол менен көбөйтүү мүмкүн эмес экенин айрым саясатчы, серепчилер белгилешүүдө. Маселен депутат Ширин Айтматованын айтымында, Кыргызстанда эмес бир катар өнүккөн өлкөлөрдө деле бир-эки баланы багып, жетиштүү билим берүү кыйынчылыкка турат.

“Балдардын тагдырын эске албай көп бала төрөгөндөрдү колдой берсе, каралбай калган жана социалдык жетим балдардын саны көбөйөт”, – дейт депутат.

- Биз жөн эле реалдуу жашоону карашыбыз керек. Өлкөдө азыр акча жок. Мындай абал эң аз дегенде дагы беш жыл уланышы мүмкүн. Биз элге көп балалуу болгула, биз жардам беребиз деп айта албайбыз. Себеби мындай болбойт. Биз өзүбүздүн эле жарандарды алдабашыбыз керек. Биз аларды да сыйлап, реалдуу жашоо менен эсептешишибиз керек. Мен Кыргызстан элин ар кайсы жакта балдарын багуу үчүн миргант болуп, оор иштерде иштеп жүргөнүн эмес, алдыңкы өлкөнүн эли катары көргүм келет.

Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен Орусияда калктын санын көбөйтүү жана демографиялык кырдаалды жакшыртуу максатында 2008-жылдан тарта “Үй-бүлө жылы” деп жарыялап, ар бир экинчи балага 50 миң, ал эми жетинчи балага 700 миң рубль төлөп берүү каралган.

Кыргызстанда “Баатыр эне” ордени жети жана андан көп балалуу энелерге ыйгарылат. Жеңилдик катары Баатыр энелердин пенсиясына 20 пайыздык үстөк каражат кошулат.

Кыргызстанда жалпысынан 15 миң Баатыр эне бар. Алардын көбү айыл жергесинде жашайт, иштебейт. Адистер пенсияга чыга элек көп балалуу энелер жакыр турмушту башынан кечирип жатканын белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG