Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

“Арай көз чарай” талкуусу дин темасына, мектепке жоолук салынууга болобу, жокпу деген маселеге арналды.

Студиянын коноктору: Мусулман аялдарынын укуктарын коргоочу “Мутакаллим” уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы, Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова, жазуучу жана публицист Кален Сыдыкова.





“Азаттык”: Ысык-Көл районунун Шабиров орто мектебинин окуучусу, ислам динин туткан Амина аттуу кыздын ата-энеси “кызымды мектеп окутпай жатат” деп сотко берген экен.

Амина: Форма-фартукту кийип баргам, “сумкаңды ал да, кет” деп кетирип жиберди. Кийинки күндөрү бир сабак өтө электе эле “үйүңө кет, жоолук салынып келбе, же чечип отур” дейт. Ислам динин тутуп атам, балагатка толдум, ошондуктан чечкенге болбойт.

“Азаттык”: Ушул эле мектептин директорунун пикирин угалы:

- Облустук Юстиция тарабынан мектептин Уставы көрсөтүлгөн, анда мектепке окуучу форма менен келиш керек деп айтылат. Ошол себептен бизде жыл башында кичи жыйын каралат, кыздар ак фартук, көйнөгү, ак бантик менен келиш керек. Балдар костюм-шым, ак көйнөк, галстугу менен келиш керек. Ушуну биз түшүндүрүп айтканбыз. Мен райондук билим берүү башкармалыгына барып айттым. Мени бүгүн саат экиге райондук прокуратурага чакырыптыр, мен аларга Уставды көрсөттүм. Бешинчи күнү кайра чакырып атат, ошондо маселе чечилет.

“Азаттык”: Буга кошумча “Мутакаллим” коому жакынкы күндөрү 150 кыз жоолуктун айынан мектепке киргизилбей жатканын билдирди. Жоолук, хижаб, паранжа деген эмненин белгиси?

Жамал Фронтбек кызы: Жоолук, хижаб, паранжа динге көбүрөк тиешелүү. Кыргызстандын 80 пайызы мусулман болгондуктан биздин шариатыбызда балагатка жеткен кыз жоолук салынышы керек, абыратын жабыш керек. Бул Борбор Азияга тиешеси жок маселелер. Бирок азыр сиз коюп аткан проблема өтө актуалдуу.
Адеп сабагын дин жөнүндө эмес, кыргыздын адеби, салты, тарыхы, кыргыздын даанышмандыгы, жакшы сапаттарын, жакшы жолго үндөй турган, жарыкчылыкка кете турган нерселерди үйрөтүшүбүз керек.

“Азаттык”: Жалпы маалымат агымын карап көргөндө процесс өзүнчө, мыйзам жоболору өзүнчө кетип бараткандай туюм калтырууда. Эмне үчүн жоолук салын, салынба, паранжа, хижаб кий, кийбе деген маселелердин бардыгы убакыт өткөн сайын коомдун чоң талкуусуна айланып баратат?

Кален Сыдыкова: Кыздардын мектепке жоолук салынып барганы туура эмес. Анткени мамлекеттик атайын жобо бар. Биринчиден, кыргыздын кыздары салт боюнча турмушка чыкканга чейин эч качан жоолук салынган эмес. Жоолук салынган кыздар мусулманбыз деп атпайбы. Ал кыздар мусулман эмне экенин түшүнбөйт, азыр бала эле бойдон. Ата-энелери, диний уюмдар мажбурлап жоолук салдырып атат.

Кыргызстандын 60 пайызы мусулманбыз деп эсептейт, анын ичинде такыба мусулманчылыкты карманганы 5 пайыздай эле. Диний уюмдар аларга акча берип, козутуп, атайын мамлекеттик саясатка айландырып атышат. Булардын артында буйрук берген диний уюмдар турат. Бул Кыргызстандын Конституциясына, тарыхына, каада-салтына, тилине каршы чыккандар. Кыздардын мектепке жоолук салынып барышына таптакыр тыюу салыш керек.

Ким кимге баш ийет?

“Азаттык”: Мектепте Билим берүү министрлиги бир түрдүү форма кийгиле, үстү жагы ак, ылдый жагы кара, күңүрт кийим болсун дегендин өзү экинчи жакка тыюу салуу катары эсептелбейби?

Кален Сыдыкова: Ар бир мамлекеттин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Ар бир мамлекетте мектептегилер көбүнчө бирдей форма киет. Бул эң туура.

Жамал Фронтбек кызы: Биздин Конституцияда 16 жана 32-беренелерде ар бир жарандын өзүнүн динге ишенүү мүмкүнчүлүгү бар деп айтылып атат. Кыргызстан мамлекет болгондуктан биздин депутаттар Конституцияны дин эркиндигин, адам укугун “Пекин-Пекин+5” деген эл аралык пактты ратификациялаган.

Биз демократиялык мамлекет болгондуктан ар бир жарандын укугун коргошубуз керек. Устав Конституцияга карама-каршы келсе, ал Уставды өзгөртүш керек. Эгерде протокол Уставга каршы келсе, анын күчү жок болуп калат. Ошол себептен өзгөчө министрликтер Конституцияны бийик коюш керек.
Биз билим берип атабыз, окуучулар талапты аткарыш керек, биз мыйзам чегинде иштейбиз.

Кыздарды диний уюмдар атайын акча берип, мажбурлап киргизип атат деп атасыңар. Мен буга каршымын. Себеби диний уюмдар бир дагы кызга барып акча берген жери жок. Ар бир адам өзүнүн динине ишенет. Азыркы күндө Кыргызстанда 3 миңден ашык мечиттер болсо, аларга жаштар кирип атат. Себеби жаштар азыр интернеттен маалымат алып, ислам динин кабыл алып атышат.

“Азаттык”: Силер менен чогуу жүргөн кезде, түрмөгө баратканда Мусулман аялдар коомунун биринен сүрөткө тартып койгула, биз арабдарга отчет беришибиз керек деген сөз болгон экен. Бул сөздөр эмнеден чыгып атат?

Жамал Фронтбек кызы: Ар кандай долбоорлор болот. Семинар, конференция өткөргөндө видеого, сүрөткө тартып, биз бул акчаны жеген жокпуз деп отчет беребиз.

“Азаттык”: Ислам баалуулуктарды жайылтуу үчүн атайын долбоорлор иштейби?

Жамал Фронтбек кызы: Ислам баалуулуктарды жайылтуу үчүн атайын долбоорлор жок. Себеби бул долбоорлор иштеш үчүн муфтиат Тышкы иштер министрлик менен биргеликте долбоорлорду жазыш керек. Бирок дин мамлекеттен бөлүнгөндүктөн андай долбоорлор жок.

“Азаттык”: Кылым, жанагыдай жобо чын эле министрликте барбы, ал кандай чечмеленет, эмне максат менен кабыл алынган?
Баласы бейбаш, сабак окубайт, каяша айтат десе мектепти күнөөлөйт. Анан хижабга келгенде эле кайра ата-эне башын көтөрөт, мен балама тарбия берем, өзүм билем деп.

Кылым Сыдыкназарова: Министрлик Конституцияга ылайык саясатын жүргүзөт. Акыркы мезгилде өлкөбүздө тыюу салынган ар кандай диний экстремисттик уюмдар өнүгүп атканы баарыбызга маалым.

Акыркы мезгилде ошол диний уюмдар мектепке да таасир тийгизе бешташты. Мектепке окуучулар хижаб кийип келе башташты. Дене тарбия, музыка сабагына, ар кандай иш-чарага катышпай, мугалимге оорчулук келгендиктен 2009-жылы министрлик атайын буйрук чыгарган. Анда биз окуучулар диний көз караштагы кийим кийбей, мектеп формасын кийиш керек деп белгилегенбиз.

Акыркы мезгилде бул өтө курч маселеге айланып кетти. Биз мектептерге киргизбей койгон кыздар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин кайра мектеп формасын кийип келип атышат. Айрымдары мектеп формасын кийип, бирок башына жоолук салынып келип атышат. Жоолукту салынып келгендерге биз уруксат бергенбиз. Бирок быйыл бул чоң маселеге айланып кетти.

2002-жылдан бери диний-экстремисттик уюмда жүргөн ата-энелердин тизмесин алдык. Ошол ата-эне баласына мектепте айрым сабактарга катышуусуна тыюу салган учурлар бар. Ошолорду биз изилдеп көрсөк, ата-энелери “Хизб-ут Тахрирде” турат экен.

Кален Сыдыкова: Бул мамлекеттик деңгээлдеги чоң маселе. 16 жашка чейинки балдар кылмыш кылса да жашы жете элек, акыл-эси кире электигине байланыштуу деп күнөөгө тартылбайт. Ошол балдар мусулман экенин биле элек, ата-энелери агрессивдүү диний уюмдарга кирип алып, балдарын мажбурлаган учурлар бар. Диний уюмда болсо да диний ишеними мектептен тышкары болуш керек. Мектептин эрежесине баш ийиш керек.

Диний уюмдар миллиарддаган акча чачып, Кыргызстанды бөлүп-жарып, талкалоо боюнча чоң долбоорлор жүрүп атат. Өз билемдикке чек коюш керек. Кыргыз кыздары жоолук салынган эмес, татынакай болуп тебетей кийген.

Тарбия башаты

“Азаттык”: Бүгүнкү окуучу Амина, “Мутакаллим” айткан 150 кыздын келечеги кандай болот? Алардын аял катары укугу чектелип калбайбы? Мисалы, ислам өлкөсү Ирандан тышка чыгып кеткен аялдар ошол аялдардын укугун коргоп, радикалык диний эрежелерге каршы аракеттерди жасап атышат.

Жамал Фронтбек кызы: Иран шийиттер, Кыргызстан суннилербиз. Ишенимге келгенде айырмабыз асман менен жердей. Мисалы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Эмиратты алып көрсөк, ал жерде депутат аялдар бар. Алардын жоолук салынса да эч укугу тебеленген жок. Мен 15 жылдан бери жоолукчан жүрөм, эч бир укугум тебеленген жок. Тескерисинче 3 кызыл дипломум бар, билим алып атам.

Бул ислам дини деген эмне экенин көпчүлүгүнүн түшүнбөстүгүнөн чыгып атат. Өспүрүмдөр балагатка жеткенден кийин жоолук салыныш керек. Амина "мен балагатка жеттим, ошондуктан жоолук салынып атам" дейт. Бул кыздын кудайдан корккону болуп атат. Мугалимдер “мектепке киргенде жоолукту чечип кой, чыкканда кийип ал” деп атат. Бул эки жүздүүлүк, кудайды алдагандык болот.

Жоолукчан кыздын жүрүш-турушу жаман, арак ичет, анаша чегет, рэкеттик кылат деген бир да факты жок. Тескерисинче ал бешке окуйт, ыймандуу, эч ким менен катышпайт, сабагын бешке тапшырат. Ушул да мектеп директорлоруна жакпай атат. Мисалы мектепке чачын койо берип, бойонуп, кыска көйнөк менен келсе да киргизебиз. Эмнеге кудайдан корккон кыз формасын, жоолугун кийип келсе аны кубалайбыз? Министр жоолукчан кыздар мектепке кире берсин деп атат, бирок сурасак бирин да киргизбей атат.
Ар бир адам өзүнүн динине ишенет. Азыркы күндө Кыргызстанда 3 миңден ашык мечиттер болсо, аларга жаштар кирип атат.

“Азаттык”: Ошол эле мезгилде радикалдык-экстремисттик күчтөр да бар. Экинчисинен айрым өлкөлөр, ошол эле өнүккөн Францияда жоолук салууга тыюу салып койду. Өзбекстан, Тажикстан да тыюу салып атат. Бул эмнеден кабар берет?

Жамал Фронтбек кызы: Биз тажик, өзбек, же казактын кызы эмеспиз. Биздин тарыхыбыз бар, Курманжан датка энебизге 200 жыл болуп атат. Ал кыргыздын аброюн кандай көтөргөн аял эле! Азыр Борбор Азияда бир дагы аял президент жок болсо, бизде болуп атат. Биз жоолукту бир мамлекет үчүн, бирөөгө жагыналы деп салынган жокпуз, биз кудайдан корккондуктан салынып атабыз.

Кален Сыдыкова: Жоолук салынган кыз ыймандуу, же мектеп формасын кийип жүргөн кыздын баары бузулуп калбайт да. Экстремисттик диний уюмдардын көп болуп атканы, мусулман дини бүгүн 99 сектага бөлүнүп атканы жөнүндө эмне үчүн айтпайбыз? Суннит болуп калса эле баары жакшы эмес да.

“Азаттык”: Балким момун мусулмандардын жүзүнө көлөкө түшүрүп аткан башка агымдар бардыр?

Жамал Фронтбек кызы: Экстремисттик уюмдар болуп атканда УКМК менен ИИМ иликтеп, бул нерсени чечип атат. Эгерде “Хизб-ут Тахрирге” кире турган болсо, ал кишилер соттолуш керек. Анан кичинекей баланы “сен экстремистсиң, жоолук салынып келип атасың, мектепке кирбейсиң” деген Билим берүү министрликтин саясаты туура эмес.
Жоолукчан кыздын жүрүш-турушу жаман, арак ичет, анаша чегет, рэкеттик кылат деген бир да факты жок. Тескерисинче ал бешке окуйт, ыймандуу, эч ким менен катышпайт, сабагын бешке тапшырат.

Кылым Сыдыкназарова: Билим берүү саясаты динден тышкары. Мектепке келген окуучу билим алыш керек, өзүнүн тартибин мугалим үйрөтөт. Бизде эки түрдүү көрүнүш болуп атат – хижаб анан жоолук. Кыргыздын жоолугун башына жакшынакай салып алса, мындай көйгөйлүү маселе көтөрүлмөк эмес. Бул бизге жаңы келди. Илгертеден кыргыздар каада-салтыбызды сактап, кыргыз экенин билдирген башыбызга кийген жакшынакай такыябыз, энелер кийген элечеги бар эмеспи.

“Азаттык”: Билим берүү министрлиги бир форма кий деп жобо чыгаруу аркылуу башка кийим кийүүгө тыюу салып, алардын укугун чектеп жаткандай сезилген жокпу?

Кылым Сыдыкназарова: Биз билим берип атабыз, окуучулар талапты аткарыш керек, биз мыйзам чегинде иштейбиз.

“Азаттык”: Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылда жоолук салынуулар боюнча тенденция кандай?

Кылым Сыдыкназарова: Мен аны эсептеген жокмун. Бирок быйыл бир кыз мектепке хижабчан келсе, эмки окуу жылында дагы бир кызды тартат деп айтышты мугалимдер. Ошол болбошу үчүн ушундай иш-чара жүрүп атат. Жоолук салынган ыймандуу, жакшы окуйт, тартиптүү деген маалымат жок.

“Азаттык”: Бул мектептин, билим берүү тармагынын кемчилиги эмеспи, окуучулардын ишеним жоготуп, динден адепти, абийирди издеп аткандай туюлган жокпу?

Кылым Сыдыкназарова: Жок, туюлган жок. Бизде адеп сабагы бар, ал жерде адепке үйрөтөт. Баласы бейбаш, сабак окубайт, каяша айтат десе мектепти күнөөлөйт. Анан хижабга келгенде эле кайра ата-эне башын көтөрөт, мен балама тарбия берем, өзүм билем деп.

“Азаттык”: Бүгүнкү проблеманы кантип чечиш керек?

Жамал Фронтбек кызы: Адеп сабагы деп айтып атабыз, аны сааты жетпеген мугалимдер берет. Бул жерде динибизди туура эмес түшүндүргөндөн ушундай маселелер чыгып атат, ар кайсы секталар Кыргызстанга кирип атат. Ошондуктан 20 жыл мурда эле дин сабагын киргизип, балдарга дин деген эмне экенин түшүндүрүп койсок, алардын арты менен мугалимдер да түшүнөт эле, азыркы учурдагы проблема болбойт эле.
Диний уюмдар миллиарддаган акча чачып, Кыргызстанды бөлүп-жарып, талкалоо боюнча чоң долбоорлор жүрүп атат. Өз билемдикке чек коюш керек.

Кылым Сыдыкназарова: Бул министрликтин күн тартибиндеги маселе. Адеп сабагында мугалимдер программа менен иштейт. 2011-жылы январь айында атайын жумушчу топ түзгөнбүз. Бул жумушчу топ дин таануучулук билим берүү концепциясын иштеп чыкты. Азыркы учурда бул талкууда турат. Бул боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Бирок тилекке каршы, биздин окуучулардын окуу жүктөмү дүйнөдөгү эң чоң окуу жүктөм экен. Дагы саат кошсок кандай болот? Ар бир диндин тарыхын окутат деген ой менен долбоор иштелип чыкты.

Кален Сыдыкова: Бул жерде чоңдор менен кичинекей балдардын диний ишенимин аралаштырып кереги жок. Балдарды атайын светтик мектептерде окутуш керек. Бардык диндердин тарыхын билиш керек. Адеп сабагын дин жөнүндө эмес, кыргыздын адеби, салты, тарыхы, кыргыздын даанышмандыгы, жакшы сапаттарын, жакшы жолго үндөй турган, жарыкчылыкка кете турган нерселерди үйрөтүшүбүз керек. Бизге терең сиңбеген нерселерди балдарга үйрөтүүнүн кереги жок.

Кылым Сыдыкназарова:Урматтуу ата-энелер, туура түшүнүңүздөр, бала мектепке билим алганы келет, татыктуу тарбия үйдөн башталат, үйдө тарбия беришсе жакшы болмок. Ар бир кыргыз кыргыз экенин билип, биздин атадан калган салтыбызды сакташыбызды суранат элем.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG