Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мар Байжиев -1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө байланышкан тарыхый маалыматтарды айтып, жазып, сактап келе жаткан чыгармачыл чөйрөдөгү сейрек инсандардын бири.

Жазуучу “Азаттыкка” курган сыябан-маекте кыргыз элинин жүз жыл мурдагы көргөн запкысына улуттук биримдиктин жоктугунун кесепети да тийген деп эсептеп, андан сабак алуу азыр да керектигин айтты.

Мар Байжиев: Үркүн эсинде калган чыгармачыл адамдардан тирүүлөрдөн бирөө-экөө эле калдык окшойт. Анан да Үркүндүн изи калган меникиндей тагдыр болбосо керек деп ойлойм. Анткени менин чоң чоң атам Байажы 1913-жылга чейин бий, азыркыча айтканда, сот болуптур. Анда бий үч жылдан шайланчу экен. Дегеле үнү чыгып, катуу сүйлөбөгөн киши болчу дейт. Анан бий кылып шайлап коюп атпайбы. Көрсө калыс киши экен да.

Үркүндө Кытайда ошол чоң чоң атамдын 35, 33, 31 жаштагы үч уулу (анын бири менин чоң атам Искак) бирдей эпидемиядан өлгөн. Үчөө тең орус-тузем мектебинде окуп, билимдүү болушкан. Бир карыя ошол учурду “Барсам Байажы бий чимирилип, боздоп турган экен. “Ой, эмне болуп кетти, Бажаке, кокуй” десем, "бир жумада үч баламдан ажырап калдым" деп сыздады дээр эле.

“Азаттык”: Ошентип кыргыз кайгылуу окуяга кабылды. Анын көп себептерин айтышат. Сиз кандай дейсиз?

Мар Байжиев

Мар Байжиев

Мар Байжиев: Азыр кээ бири тереңирээк окубай эле ар кайсыны айтып атышпайбы. Бу кыргыз деген оруска аргасыз багынып берген да. Кыскасы, кылжырдын балдары бугу менен сарбагыш (мен өзүм бугумун) бири-бири менен куда-сөөк туруп салгылашып, кан төгүшүп калганда, адегенде, орустарга Атаке баатыр, андан кийин көлдүктөр, артынан солтолордон Байтик баатыр (менин чоң кайнатам), андан кийин түштүктөн Курманжан даткалар барышкан. Анткени көлдүк, чүйлүк кыргыздар өз ара эл-жер талашып кырылышып атса, түштүктү Кокон хандыгы мыжып турган. Анан аргасыз оруска багынып берип атпайбы.

“Азаттык”: Ошол биригүү өзүн актадыбы анан?

Мар Байжиев: Молдо Кылычтын жазганы бар:

“Тарыткан менен жериңди,

Арзан баа кылды эгинди,

Тынчытып койду бул орус,

Чабышып жаткан элиңди”.

Адегенде ушундай эле болгон. Кыргыздар 1858-жылы кирип атат. Орустар келип кыргыздарга бизге кошулсаңар баары жайында болот деп, сунуш кылып атпайбы. Бул жөн жерден эмес. Орустардын өз саясаты болгон. Тентип калган крестьяндарды жайгаштыруу керек эле да. Ошон үчүн жанагы География коому аркылуу Чокан Валиханов, Семенов-Тяньшанский, Пржевальский өңдүүлөрү көл жээгин кыдырып келип, анан укмуштай сонун жер деп жазып атышпайбы. Анан орустар келгиле, бизге кошулгула деп кыргызды чакырып атат.

Үркүндүн символу – “Ажар”. Ошондуктан, Боомдун кире беришине Ажардын укмуштуудай эстелигин орнотуш керек. Ошол жерге барып чокунганы чокунуп, куран окуганы куран окуп турушат. Эгер ушуну азыркы президент жасап койсо өзүнө эстелик болот.

Азыркы күпүлдөгөндөр бир нерсени эске албай жатат. Орустар менен кыргыздардын ортосунда келишим болгон. Анда жериңерди коргойбуз, ал орус империясынын карамагында болот, Кокон, Кытай тараптан бирдеме болсо чек араны коргойбуз, балдарыңарды аскерге албайбыз, бирок, кол салуу болсо курал беребиз, өз жериңерди өзүңөр коргойсуңар деп айтылат. Анан орустар келет да көл жээкти тегерете ээн жаткан жерлерге аштык айдай башташат. Кыргыздар эмне, малы менен кыштоого келет да, жайкысын жайлоого чыгып кетип калат. Молдо Кылычтын айтканы ошо да. Жер тарыды, бирок, нан жеп калды деп. Көрсө кыргыздар Кытайга жармаңкеге барып, малын сатып, буудай алып келишчү экен да.

“Манастын” керээзи бар. Анда Бакай минтип айтып атпайбы:

“Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,

Бөлүнүп кетти кыргыз деп,

Бөлөк элге кеп кетет,

Аңдып турган жырткычтар

Кешигиңди жеп кетет.”

МАр Байжиевдин чоң чоң атасы Байажы

МАр Байжиевдин чоң чоң атасы Байажы

Бул бекер сөз эмес. Тарыхка келсек, Кыдыр аке, менин чоң чоң атам Байажы, кадимки Зыяш Бектеновдун атасы Бектен (Байажыдан кийинки бий) баштаган аксакалдарды Караколдун орус губернатору башыбызга иш түшүп атат деп кеңешке чакырат экен. Балдарыңарды эмгек армиясына алабыз, ат багат, тамак жасайт дейт. Аксакалдар жоок, бере албайбыз, келишим бар дейт. Губернатор, ооба, келишим боюнча фронтко барбайт дейт. Анан макул болушат. Аңгыча баягы “бул манаптар, тиги манаптар” деген көралбастык балээси бар да, манаптар өз балдарын алып калып, каратамандарды согушка кетиргени калды деген кеп тарайт экен. Ага орустар жерибизди ээлеп, аштык айдап алды деген ич күйдүлүк да кошулат. Анан башталат.

“Азаттык”: Бирок, кыргыздарды орустар согушка киргизбей турганына кепилдик жок эле да?

Мар Байжиев: Бар болчу. Келишим бар да. Анан мылтык кармаганды билбеген кыргызды согушка алмак беле, аны орус үйрөтүп отургандан көрө ат бактырам дейт да. Атургай Ата Мекендик согуш башталганда Жусуп Турусбеков, Жума Жамгырчиев, менин атам Ташым Байжиев, Зияш Бектенов баштаган жазуучуларды Чаржоуга алып барып, үч ай даярдап, анан согушка жиберген.

“Азаттык”: Ушунчалык оор жоготуу, зыян алып келген көтөрүлүштү болтурбай койсо болот беле?

Мар Байжиев: Болмок. Эл обдулуп калган кезде Кыдыр аке “ай, койгула, кырыласыңар, орус деген зор эл” дейт экен. Орустарды талкалайбыз, согушка Кыдыр акенин баласы барып атты беле, биздин балдар кеткени калды деп кыргыздар болушпайт. Көрсө Кыдыр акенин баласы 16 жашта болуп калат, орустар эмгек армиясына 18 жаштан алат. Ошондо Кыдыр аке Маман айылынан бир кишини жылдырбай туруп, Орусияга мурдараак Николайдын коронациясынын (Романовдор падышалыгынын-авт.) 300 жылдыгына барганда алып келген орденин тагынып, орустардын салты менен туз, токочун көтөрүп, келаткан орус аскерлердин алдын тосуп чыгат. Ошентип, орустар аларга тийбей, арык тукумун кыргындан сактап калган деп айтылат. Орустар бери жагын (тескей тарабын-авт.) укмуштай кырган дешет, ал эмес, Караколдогу уйгур, дунган, өзбектерди өзүнө кошуп алып, Кытайга алар качкан эмес. Анан аргасыз качкан кыргыздар жанагинтип кырылып отурбайбы.

“Азаттык”: Кандай сабак алыш керек эми ошол Үркүндөн?

Мар Байжиев: Мен жазып атам, болору болду, боёсу канды. Бөлүнүп-жарылып атып, оруска өзүбүз багынып бердик. Эсибизди жыйбасак, дагы эле ошо болот. Өткөндү чукугандан пайда жок. Кыргыздын “энеңди өлтүргөнгө атаңды алып бер” деген кылым карыткан насааты бар. Андан көрө бийлик талашпай, ар-намыстуу болуп, эл-журтту сакташ керек. “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет”. Үркүндүн символу – “Ажар”. Ошондуктан, Боомдун кире беришине Ажардын укмуштуудай эстелигин орнотуш керек. Ошол жерге барып чокунганы чокунуп, куран окуганы куран окуп турушат. Эгер ушуну азыркы президент жасап койсо өзүнө эстелик болот.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG