Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:30

Эксперттердин эсебинде Кыргызстанга ташылып кирген күйүүчү майдын 30% жашыруун алып келинет.

Кыргызстандын кара майга керектөөсү 1,2 миллион тоннаны түзөт. Анын 60-70 тоннасын “Кыргызмунайгаз” казып алат, бул муктаждыктын 1,5% гана жабат.

Кара-Балтадагы кара май иштетчү завод курулушуна чоң үмүт артылган эле. Адистердин айтуусунда, ал завод ишке кирсе, күйүүчү майга болгон керектөөнүн 60% жакынын жапмак. Азырынча заводдун иши илең-салаң.

Дизелдик жана башка күйүүчү майдын көбү бизге Орусиядан ташылып келет. Анын баары Казакстанды кезип өтүп, темир жол аркылуу жетет. Казак тараптын каалоосу болсо жакын коңшусунун кыйла керектөөсүн камсыз кылмак. Тилекке каршы, ал жерде күйүүчү-майлоочу майларды сыртка чыгарбоо тууралуу катаал мыйзам кабыл алынып калган.

Мына жарым жылдан бери Кыргызстан ЕАЭБ мүчөсү. Биримдикке кирген өлкөлөр ортосунда бажы тоскоолдору алынды, андай болгон соң буюмдар менен жүктөрдү жашыруун ташуу да токтошу керек эле.

Бирок айтылган сөз менен реалдуу жагдай ортосундагы абал асман-жердей. Кыргызстанга жашыруун ташылган буюм-тайымдар, анын ичинде күйүүчү майлар арбыгандан арбып баратат. Мурда бажы тоскоолу турганда деле ушундай иштер жасалчу. Республика Евразия экономикалык биримдигине киргени аткезчилик менен кирген товар агымы күчөп баратат.

Аткезчиликке той түшүп эле калды

Кеп бул жерде терең тамырлаган, бекем жолго салынган схема тууралуу болууда. Красная Речка, Чалдыбар, Сосновка дагы башка чек ара өтмөгү аркылуу күн сайын күйүүчү май ташыган оор жүк машинелер өтүп турат. Май ташып келүүнүн схемасы деле жөнөкөй, ташылып келинген товар майда, ири партияларга бөлүнүп “базаларга” түшөт да, ал жерден кайсы бир фирмалардын коштоочу документтери менен кайсы жерден келгени белгисиз май, (көбүнчө солярка) республиканын май куюучу жайларына жөнөтүлөт.

Евразия экономикалык биримдигине кирип жатканда кыргыз өкмөтү эске албаган кемчиликтердин бири - Казакстандан күйүүчү майларды Кыргызстанга экспорттоого тыюу салууну алып коё албагандыгы болгон.

Алыскы аймактарды айтпай эле коёлу, мына ушул экономикалык кылмыш менен аянбай күрөшчү өкмөт жана салык, күч кызматтарынын көз алдында Бишкек боюнча күйүүчү майларды сатуучу түйүндөр ачык эле иштеп жатпайбы.

Шаар четин кыдырсаңыз маршруттагы автоунаалар токтоочу жерлер менен оор жүк ташуучу машинелер чогулчу кычыктарда, башка соода түйүндөрүндө канистр жана цистернага куюлган арзан солярканы жайма-жай сатып аткандарды каалаганча тапса болот.

Албетте, эки-үч сомдук айырма айдоочуларды абдан кызыктырары талашсыз, андыктан арзан баага азгырылгандардын катары аткезчилердин жанынан үзүлбөйт.

Мындай мисалдар толтура. Бул ишти тескей турган кызматтар баш калаада болуп аткан кыңыр иштерден кабарсыз дегенге мен ишенбейм. Тек, баарын байкамаксанга салышат. Бул иштин чоо-жайын жакшы билгендердин айтуусунда, күйүүчү майлардын тымызын ташылып келип сатылышына ошол эле салыкчы, күч, мыйзам коргоо органдардын кызматкерлеринин катыштыгы бар, өкмөттүк аткаминерлер да мындан куру калышкан эмес.

Эмнеликтен мындай иштин болуп жатышынын себеби деле жөнөкөй, күйүүчү май бизнесинде баарынын кызыкчылыгы бар.

Бул иш өлкөдө кандай жайылганын бу сүрөттөн деле байкоого болот. Керектүү кишилердин баарынын сөзү бир, май сатып отургандардын мурдун балта кеспейт, себеп дегенде, аларды канатына калкалап алчулар жогору жакта жана күч кызматтарында отурушат. Айла жок жылмаюуга аргасызсың, алар камерадан деле сестенбейт, корко турган эч нерсе жок.

Уурулук жол түштүккө жетти

Күйүүчү май базарындагы абал акыйкатта да, ойлонтчу маселеге айланууда, жашыруун май ташып келүү азайгандын ордуна көбөйүүдө.

Жагдайдын жайылып баратышына Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы кабатыр. Алар Казакстандан мыйзамсыз мунай продуктыларын ташуу арбып баратканы боюнча быйыл жыл башында кыргыз өкмөтүнө кайрылган.

"Министрлер кабинети тарабынан мунай продуктуну мыйзамсыз ташып келүүгө каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүп, көмөк көрсөтүлүп жатканын белгилей кетүү керек" деп айтылат аталган уюмдун билдирүүсүндө.

"Ошондой иштердин бири катары ассоциациянын сунушу менен өкмөт 2015-жылдын 13-ноябрында жүктү алуучу менен аны ташып жеткирүүчүнүн салык каттоосу жана коопсуздук талаптарын аткаруу максатында товардык-коштом документтери жок автоунаа менен мунай продуктыларын ташып келүүгө тыюу салуу тууралуу токтомун таасир көрсөтүүчү чара деп айтууга болот. Анткен менен, тийиштүү органдар тарабынан мунай продуктыларын мыйзамсыз ташып келүүнү токтотуу жана аларды аныктоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер күйүүчү-майлоочу майларды жашыруун ташып келүүгө толук бөгөт коё албады".

2016-жылдын январына карата өткөн жылдын ушул кезине салыштырганда мунай продуктыларын ачык ташып келүүнүн көлөмү 26 миң тоннага азайган. Быйыл 1-февралдан 15-февралга чейин күйүүчү май импорту 9 миң тоннага кем болду. Мунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке 340 миллион ашуун сом түшпөй калды (200 миллион сом акцизге, дагы 140 миллион сом кошумча нарк салыгынан).

Ассоциациядагылардын айтуусунда, күйүүчү майды аткезчилик менен ташып келүү Кыргызстандын түштүк облустарын да каптады.

"Мындай шартта мыйзамдан чыкпай ак иштеген нефтетрейдер-компаниялары бардык салыктар менен милдеттүү төлөмдөрүн кечиктирбеген ишкерлер ири чыгашаларга кабылууда",- деп билдирди Нефтетрейдерлер ассоциациясы.

Күрөш эми өкмөттүк деңгээлге чыгышы керек

Маселе опуртал мүнөз алып баратканы Жогорку Кеңеш депутаттарын да ойлонтууда. КСДП фракциясынын мүчөсү Азамат Арапбаевдин ырасташынча, Казакстандан жашыруун ташылып аткан күйүүчү майлар агымы арбын.

- Мурдагы жылдарда Орусия менен Казакстандан ташылып келген күйүүчү-майлоочу майлардын көлөмү менен алардын сатылган баасын эсептеп, андан канча салык түшкөнүн тактап чыкканда республика бир жылда 3 миллиард сом киреше албай калганы ачыкка чыгат. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн толбой калышынын салакасы айлык акы тууралуу корголгон беренени айтпай эле коёюн, капиталдык курулуш беренесинин жарым-жартылай каржыланышына алып келет, - дейт эл өкүлү.

Социал-демократтын ырасташынча, Кыргызстанга мыйзамсыз жүктөр укук коргоо органдары менен Чек ара кызматкерлеринин колдоосу же байкамаксан болушунун натыйжасында ташылып кирүүдө.

- Баары текшерүүчү органдардын ортолук жүгүртмөсүнө такалууда. Туура, күйүүчү май баасы ушу тапта арзан. Казакстанда мындан да арзан. Ошондуктан шылуун соодагерлердин кыйласы аны бир жерден экинчи жерге ташып келүүгө жан үрөп жатышат. Бир литр майдын баасынын айырмасы 10 сомго жетүүдө. Бул ишке тартылгандардын баары пайдага тунууда, муну баары эле билишет. Эгер бул маселени азыртан чечпесек, жыл аягында казынага түшчү итапкан акчадан кур калабыз. Айласы куруган салык кызматы ар кыл чараларды сунуштоодо, бирок буга системалуу мамиле жасалмайын жыйынтык чыгышы кыйын. Ишкерлер ташып келаткан товарды чек арадан өткөрүүдөн кыйла мурун салык кызматкерлерин кабардар кылып коюу демилгеси туура эле болчу, деп ойлойм, бирок да айрым күчтөрдүн кысымынан улам өкмөт аны толук ишке ашыра албай калды, - дейт Азамат Арапбаев.

Депутаттын ырасташынча, негизги продукт менен товарлардын өздүк наркы күйүүчү майдын баасына көз каранды, ошондуктан өкмөт ириде атамекендик өндүрүшчүлөрүн коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашырышы керек.

- Мына биз ЕАЭБге мүчө болуп калдык. Бажы тоскоолдору алынып салынды, бирок да кошумча нарк салыгын эч ким алып салган жок го. Ар бир өлкөнүкү өзүнчө, аны төлөбөй коюу мыйзамсыз иш-аракет катары бааланат. Салык кызматы ушу тапта КНС менен акциз салыгын чогултуу планын аткара албай отурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринде көп айтылат. Мыйзамсыз товар ташуу боюнча бизге да көп арыздар келет, аны биз министрлер кабинетинин алдына коёбуз, - дейт Азамат Арапбаев.​

Маршрутканын салонундагы колонка

Маршрутканын салонундагы колонка

Ушундай эле пикирди “Бир Бол” фракциясынан депутат Исхак Пирматов да карманат. Анын оюнча, ЕАЭБ ичинде аткезчиликтин чайлап-коолап кетиши таңкалыштуу жорук.

- Оор жүк ташуучу машинелер күйүүчү майлары менен чек арадан эч кандай келишими, коштоочу документтери жок ээн-эркин эле өтүүдө, анан да алар Кыргызстан аймагына киргенден кийин эч кандай салык төлөбөйт. Бул өзү таптаза аткезчилик, салык төлөөдөн качуу. Мунун арифметикасы деле жөпжөнөкөй: жашырынбай ачык ташылып келген күйүүчү-майлоочу майлардан акцизге 5 миң сом, ага кошуп КНС деп 12% акча алынат. Эгер бааны 400 доллар деп эсептесек, алынчу төлөмдөрү 48 доллар же 3500 сом. Салыкчылар 1 тонна күйүүчү майдан 8,5 миң сом алууну алдын ала болжоп коюшат. Биз болсо жылына 1,2 миллион тонна майды керектейбиз. Эгер алып келинген майлардын 30% жашыруун, мыйзамсыз деп эсептесек, андан мамлекеттик казына канча зыян тартарын оңой эле эсептеп коюуга болот. Салыкчылар болжолдонгон акчаны чогулта албай калышат, ал каражаттын баары кайсы бир шылуундардын чөнтөгүнө түшөт. Бул жерде өтө көп акча тууралуу сөз жүрүүдө, 10 сомдук айырма 1 – 3 сомдон кимдир бирөөлөргө кетүүдө. Бул эмне, экономикалык бүлгүн эмеспи? Кыргызстандын түштүгүнө күйүүчү майларды жашыруун ташып келүүнүн кандайлыгын аңдаш үчүн алыска барбай эле тийиштүү текшерүүчү органдар Сосновкадагы өткөрмөгө бир күн туруп хронометраж жүргүзгөнү жетиштүү. Коштоочу документтерин текшерип деле убара тартуунун кажаты жок, кайсы бензин ташуучулар жашырын товар алып баратканын биздегидей кичине өлкөдө жашырып-жаап коюш кыйын, оперативдүү кызматкерлер ансыз деле билишет, утурумдук пайда үчүн жаманатты болгусу келбеген компаниялар деле белгилүү. Каалоо болсо жашыруун ташылып келаткан майларды чек арадан эле кармап койсо болмок, кимдер андай оңой оокаттын артынан түшүп алганы ансыз деле белгилүү, алар аз эле, - дейт Исхак Пирматов.

Эл өкүлү проблеманы өкмөттөр ортолук деңгээлде чечүү керек деген пикирде.

- Евразия экономикалык биримдигине кирип жатканда кыргыз өкмөтү эске албаган кемчиликтердин бири - Казакстандан күйүүчү майларды Кыргызстанга экспорттоого тыюу салууну алып коё албагандыгы болгон. Эгер ушул маселе боюнча келишимге жетишкенде, баары базар шартына жараша жүрмөк, аткезчиликке жол жабылмак. Ушу тапта Кыргызстандын нефтетрейдерлери темир жол аркылуу жүгүн ташып өткөнү үчүн 90 доллардан ашуун акча төлөшөт. Ал эми өлкө ичинде ташыгандар үчүн тариф мындан үч эсе арзан. Эмне үчүн өкмөт тарифтерди азайтуунун жолу тууралуу маселени көтөрбөйт? Баарыбыз бир биримдикте болсок, коңшуларды ынандырып биздин кызыкчылыкка түшүнүү менен мамиле кылышына жетишибиз зарыл. Ошондо бизде да күйүүчү майлардын баасы арзан болмок, андайда аны алыстан ташып келүүнүн кереги деле жок болуп калмак.

Депутат Азамат Арапбаевдин пикиринде, ортодон пайда көрүп жаткан салык жана күч органдары өкмөт курамына кирет.

- Министрлер кабинети тарабынан бекем башкаруу, буга кошумча эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ишин тескеп туруу зарыл,- дейт эл өкүлү.

Салыкчылар кооптонууда

Кыргызстандын салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов “Азаттык” кабарчысынын алдына көңүл тойбос көрсөткүчтөрдү жайды. Осмоновдун ырасташынча, 2015-жылы республикага 2014-жылга салыштырмалуу 225 миң тонна күйүүчү май аз ташылып келген.

- Мунун баары Кыргызстанга автоунаалар арбын ташылып келип жаткан чакта болууда. 2015 – 2016-жылдын көрсөткүчтөрү ушул тапта эсептелүүдө. Бирок да, ушу азыр бизде планды аткара албай калуу коркунучу бар. Мыйзамсыз май ташып кирүү салык жыйымдарын чогултуу, казынаны толтуруу планын үзгүлтүккө учуратууда. Антип мыйзамсыз май ташып келүүнүн бир себеби ортодогу баа айырмасынан чыгууда. Казакстанда күйүүчү-майлоочу майлар Кыргызстандагыдан 10-12 сомго арзан. Бул жагдай өткөн жылдын күзүнөн тарта байкала баштады, - деп билдирди Замирбек Осмонов.

Салык кызматынын жетекчисинин ырасташынча, мыйзамсыз мунай продуктыларынын көбү Таластагы Чоң-Капка менен Чүй облусундагы Кордай аркылуу ташылууда.

- Токмоктун жанындагы кан жолдун 800 метринде эки казакстандык май куюу бекеттери жайгашкан,- дейт Замирбек Осмонов. - Айрым маалыматтар боюнча, ошол жерден Кыргызстанга 70 – 80 миң тоннага чейин күйүүчү-майлоочу майлар ташылып кирет. Бул эки жай коңшу өлкөгө караштуу болгондуктан биз аларды текшере албайбыз. Айрым ишкерлер микроавтобустарга кошумча бактарды коюп, ага бензин менен солярка куюп алып бул жакка ташып келишет.

Салык кызматынын жетекчисинин маалымдашынча, өлкө үчүн ыңгайсыз ушундай жагдайдан чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды.

- Өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзам боюнча күйүүчү жана майлоочу майды чек арадан ташып өткөндөн май куюучу жайга чейинки жолун башкарууну күчөтүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык мурдараак биз ушундай ишти аткарганбыз. Бул ишти бекем жүргүзө баштаганыбызда өкмөткө арыздар жаай баштады, Салык кодексинде мындай иш-чара белгиленбегени айтылды. Мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды, азыр ал парламенттин комитеттеринде каралууда, - деп маалымдады Замирбек Осмонов.

Азырынча салык кызматы ишкерлер ташып келчү бензин менен дизелдик күйүүчү май тууралуу алдын ала билдирип коюунун механизмин киргизүүнү сунуштоодо. Муну менен эле тим болбой салыкчылар ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө өтүштү.

"Бирок ушундан кийин бизге салык төлөөчү каттоодон өткөн жерге андай билдирүүнү берип туруу абдан ыңгайсыз экенин ырастаган арыздар көп түшүүдө",- дейт Замирбек Осмонов.

- Ошондуктан биз азыр салык төлөөчү катталган жерине эмес, жүгү турган жерге маалымдоосун калтырып кетишине мүмкүнчүлүк түзүү жагын караштырып жатабыз. Эгер ишкер майды Чүй облусуна ташып келе жатса, өзү болсо Талас облусунда катталса, маалымдоосун калтырыш үчүн жер кезип убара тартуунун кажаты жок. Мындан тышкары биз бул ишти автоматташтырууга ниеттенип жатабыз, андайда салык төлөөчү маалымдамасын интернет аркылуу деле калтырып койсо болот. Ушундай сунушубузду өкмөттүн жумушчу тобуна айтып бердик, алар кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоп негизги документти иштеп чыгууда.

Салык кызматынын жетекчиси да эл өкүлдөрүн колдоп, жашыруун май ташып келүү проблемасын өкмөттөр ортолук деңгээлде чечүү керек, деген пикирде.

- Туура, Казакстан күйүүчү майларды экспорттоого тыюу салууну алып койсо жакшы болмок. Бизге ишкерлердин көбү Чымкенттеги мунай иштетчү заводго күйүүчү майларды экспорттоого чектөө салууну алып коюуга көмөк көрсөтүүнү көп сурашат. Алардын айтышынча, эгер чектөө алынып салынса ачык эле келишим түзүп, майды Кыргызстанга коркпой-үркпөй алып кирүүгө болмок, салык да төлөнмөк. Бирок мындай маселелер өкмөт эркиндеги иштер, муну биздин кызмат каалаган күндө да чече албайт, - дейт Замирбек Осмонов.

  • 16x9 Image

    Айзада Кутуева

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG