Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

"Жунданын" ишин токтоткон салык чатагы


Кара-Балтадагы кыргыз-кытай "Жунда" мунай иштетүүчү заводу салык төлөбөй, кирешесин жашырууда деген салык кызматынын арызынын негизинде учурда тергөө жүрүүдө.

Кара-Балтадагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводу иштебей токтоп турат деген маалыматты 20-январда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев көтөрүп чыгып, маселе 21-январда парламентте каралды.

Рыспаевдин айтымында, 19-январь күнү Отун-энергетика жана жер байлыктары боюнча комитети аталган заводдо көчмө жыйын өткөргөнү барып, ал жердеги өндүрүш токтоп турганына күбө болушкан.

- Биз ал күнү башка маселе боюнча барган элек. Бирок биз "Жунданын" иштебей турганына күбө болдук. Ал жердегилер бизге “Урматтуу депутаттар, эмне себептен бизди жаап, токтотуп салды? Биз салыкка карыз болсок, Каржы полициясы, Салык инспекциясы ишкананы токтотпой эле текшерсе болбойт беле? Алар биздин өндүрүштү толук иштете турган компьютердик диспетчерликти толугу менен чаптап салып кетип калышты. Биз кире албай жатабыз, иштей албай жатабыз" деп кайрылды.

"Жунда" заводунун жумушчулары

"Жунда" заводунун жумушчулары

Мындан улам парламент бул маселе боюнча тийиштүү кызматтарды, анын ичинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бактыбек Ашыровду чакырып, заводго байланыштуу жагдай боюнча түшүндүрмө талап кылышты.

Бактыбек Ашыров "Жунда" салык төлөбөй, кирешесин жашырууда деген Салык кызматынын арызынын негизинде 2015-жылдын 18-декабрында Каржы полициясы иш козгоп, учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди.

- Текшерүүнүн жүрүшүндө 54 млн. сом салыкты жашыруу болуп жатканы далилденди. Бул салыкты төлөбөй жатат деп салык кызматы күзүндө эле билдирген. Мындан тышкары бензин сакталган резервуарларда 1000 тонна 95-үлгүдөгү күйүүчү май жетишпестиги аныкталды. Бул деген 26 миллион сомду түзөт. Ал эми кассадагы тартип дагы бузулган. Документтер боюнча кассада 2 миллион 600 миң доллар болушу керек деп көрсөтүлсө, ал жерде болгону 600 миң сом болгон. Бул салыкты жашыруу, балким акчаны алып чыгып кетүү аракетидир. Муну тергөө аныктайт. Ошондой ал жерде АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү май өндүрүлмөк. АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин кайдан келгени дагы иликтенет.

"Жунда" заводу

"Жунда" заводу

Депутаттар андан ары эмне үчүн мыйзам бузуулар боюнча ишкананын жетекчиси эмес, анын орун басары суралып, камалганына кызыгышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын жетекчи орун басары Ю Шан Лин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 17-январда эки айга камалган. Ашыровдун билдиришинче, бул кишинин колу дээрлик бардык каржылык документтерге коюлган. Бирок ал жана бухгалтер каржылык мүчүлүштүктөр туурасында суроолорго жооп бере алышкан эмес. Муну менен катар Ю Шан Линдин өлкөдөн чыгып кетүү ниети бардыгы тууралуу ыкчам маалымат болгон үчүн аны соттун санкциясы менен камакка алуу чечими кабыл алынган.

Парламентарийлер жыйында заводдогу өндүрүштүн токтотулушу зыяндуу заттардын абага көтөрүлүшү менен коштолорун, бул Кара-Балтадагы экология маселесин курчутарын белгилешти. Мындан тышкары анда иштеген 600 жумушчунун тагдырын ойлоо керектигин, бюджетке акча алып келип жаткан ири заводдун ишин кризис маалында аксатуунун кесепеттери туурасында ойлонуу зарылдыгына токтолушту.

- Каржылык мыйзам бузууларды органдар карай берсин. Бирок бюджетке киреше алып келип жаткан ишкана токтоп турат, 600 киши жумшусуз отурат. Айлана-чөйрө ууланууда. Ким аны токтотту деген суроого жооп беришибиз керек. Мен эми завод өзү чагым кылып ишин токтотуп койду дегенден алысмын. Ким токтотту же мүмкүн каржы полициясынын кызматкерлери акылы жетпей, чипти алып койсо завод иштебей каларын билбей алып кеткендир. Эми муну моюнга алыңыздар да, - деди депутат Анвар Артыков.

"Жунданын" жумушчулары

"Жунданын" жумушчулары

Каржы полициясы алардын аракети ишти токтотууга негиз болушу мүмкүн эместигин билдирүүдө. Ашыров болгону бухгалтердик тийиштүү документтер камтылган чип гана алынып, кайра кайтарылып бергенин, эгер заводдо өндүрүш токтоп калса, анын чыгымы кандай болорун Каржы кызматы жакшы түшүнөрүн белгиледи. Заводдун ишин токтотуу чечими тууралуу өкмөт мүчөлөрү дагы кабарсыз экенин билдирип, тиешебиз жок деп турган чагы.

Мындан улам депутаттар заводдун токтогон-токтобогонун аныктоо үчүн дагы бир ирет барып, өз көзү менен көрүү чечимин кабыл алып, комиссия түзүштү. Депутаттардан мурда “Азаттык” мунай иштетүүчү заводго барган кезде ал жердеги жумушчулар кирип-чыгып жүргөн экен.

Заводдун профсоюзунун төрагасы Нурбек Сулайманов заводдо иш 11-январдан баштап токтогонун, бирок жумушчулар күндөгүдөй эле жумуш орундарына келип, мындан ары эмне болоруна кызыгып жатканын айтты:

- Өткөндө Финполиция келип, беткапчан кирип, коркутуп-үркүтүп, биздеги борбордук блокту чаптап кеткен. Ошондон бери завод токтоп турат. Азыр жумушчулар бош эле жүрүшөт, бирок жумуш орундарына келүүдө. Алар бизге кайрылып, эмне болуп жатат, алган кредиттерибизди кантип төлөйбүз дешүүдө. Алардын көпчүлүгү үй- бүлөсүн жалгыз баккандар да. Алар акча төлөнбөгөн эмгек өргүүгө кетип калбайбызбы деп коркуп жатышат.

Ишкана жетекчилиги ордунда жок болгондуктан алардан жагдай тууралуу комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Курулушу 2009-жылы башталган "Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкташкан. Бирок былтыр өкмөт завод толук кубаттуулукта иштей албай жатканын моюнга алган.

Бүгүнкү күндө заводдо бюджетке түшкөн салыктын көлөмү боюнча дагы кайчы маалыматтар берилүүдө. Парламентте 2015-жылдын тогуз айында заводдон бюджетке салык түрүндө 1 миллиард 576 млн. сом, камсыздоо төлөмү катары 30 млн. сом түшкөн деген маалыматтар айтылды. Бул деген айына 90 млн. сом салык түштү дегенди билдирет.

Ошол эле учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул маалыматты четке кагып, заводдон бюджетке 2014-жылы 200 миллион сом, айына 17 млн. сом, ал эми 2015-жылы 364 млн. сом төлөгөн, демек айына 30 млн. сом түшкөн деп ырастоодо. Алар текшерүү маалында завод мындан эки эсе көп салык төлөөгө кудурети бар деген тыянакка келишкен.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG