Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Чек арада аткезчилик арааны ачылды


Кыргыз-казак чек арасы. "Ак-Жол" бекетинен өтүп бараткан кишилер. 12-август, 2015-жыл
Кыргыз-казак чек арасы. "Ак-Жол" бекетинен өтүп бараткан кишилер. 12-август, 2015-жыл

Казакстандан каттоосуз кирген күйүүчү май, ун жана башка күндөлүк керектөөчү товарлардан салык түшпөй, бюджет куржалак калууда.

Коңшу өлкөдөн арзан баада алынып, салык төлөбөгөн көмүскө атаандаштыктан таза иштеген ишкерлер жабыркап, банкротко учурашы мүмкүн. Өкмөт жагдайды жөнгө салуу боюнча бул багытта тиешелүү чараларды көрүүгө белсенүүдө.

Бюджет миллиондорду жоготууда

Казакстандан каттоосуз кирген күйүүчү май жана ун сыяктуу күндөлүк керектөөчү товарлардын айынан бюджетке бир миллиард сомдон ашуун каражат түшпөй калышы мүмкүн. Айрым ишкерлердин Казакстандагы арзан товарларды чек арадан көмүскө алып өтүп, Кыргызстанда сатуусу бажы өткөрмөлөрү алынып салынгандан бери күч алган.

Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков товарларды чек арадан көмүскө алып өткөн же анын өлчөмүн азайтып көрсөткөн көрүнүштөр көбөйгөнүн мисал келтирди:

Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташып өткөргөн аялдар. 2011-жыл
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташып өткөргөн аялдар. 2011-жыл

- Күйүүчү майды күндө канистрлеп ташымай күчөгөн. Чек арадан ары-бери кирип-чыгып отуруп, сатыкка коё турган бензиндин ири көлөмүн чогулткан жарандар тобу пайда болгон. Мына ушундай күйүүчү майды чек арадан каттоосуз ташыган иш-аракеттерге карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Мындан сырткары унду көмүскө ташыган же көлөмүн азайтып көргөзгөн учурлар болду. Мисал үчүн жакында 1237 тонна унду Кыргызстанга алып киришип, бирок чек арадагы талонго 4 миллион сомдук гана товар киргизилди деп көрсөткөн. Мына ошондо ундун бир килограммы үч сомдон айланып отурат. Бирок ундун базардагы баасы жыйырма сомдон кем эмес да. Мына ушундай жол менен салык жашыруу аракеттери катталууда.

Ак ниет ишкерлер жабыркаганда

Өтүп бараткан жылдын сентябрь айына карата эле расмий кирген күйүүчү майдын өлчөмү 47 миң тоннага кыскарган. Буга байланыштуу өкмөт жакында жарандарга чек арадан 20 литрден ашык бензин алып өтүүгө тыюу салган токтом чыгарды. Казакстанда бензин баасы Кыргызстанга караганда 12 сомго арзан. Ошондуктан ал жактан агылган аткезчиликти ооздуктоо үчүн күйүүчү майдын акциз салыгын төмөндөтүү жагы сунушталды. Учурда күйүүчү майдын акциз салыгы тоннасына 5 миң сомду түзөт. Мындан сырткары ун чыгаруучу ишканалар сырттан көмүскө кирген ундун агымын көзөмөлдөөнү суранышууда.

Ишкерлер сырттан кирген ун жергиликтүү унга караганда арзан болуп жатканын айтышууда.
Ишкерлер сырттан кирген ун жергиликтүү унга караганда арзан болуп жатканын айтышууда.

Кыргызстан ишкерлер бирлигинин төрага орун басары Рустам Жунушев бул тууралуу мындай деди:

- Бүгүнкү күндө унду аткезчилик жолу менен алып кирүү эки эсеге көбөйдү. Алар салык төлөнбөгөн унду алып келип, арзан сатып, натыйжада таза иштеген ишкерлер зыян тартууда. Анткени ак ниет иштеген ишкерлер салыктын бардыгын төлөгөн учурда ундун баасы кымбат болуп калып жатат. Кымбат баадагы ун Казакстандан аткезчилик жол менен алынып келген арзан унга туруштук бере албай калып жатат. Мына ошонун айынан бизде унду иштеп чыгарган ишканалар жабылуу коркунучуна кабылды.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген соң, Казакстан менен чектешкен тилкедеги бажы көзөмөлү алынып салынган. Макулдашуу боюнча товарлар чек арадан эркин өткөрүлүп, аларды каттоо жана кыйыр салыктарды төлөө 40 күн ичинде жүргүзүлөт. Кыйыр салыктарды чогултуу бажы кызматынан салык органдарына өткөрүлүп берилген. Ал эми сырттан киргизилип жаткан товарларды каттоо милдети чек ара кызматына берилген. Чек ара кызматынын бөлүм башчысы Бакыт Жылтыров товарларды алып өтүүдөгү аткезчиликти ооздуктоого багытталган чаралар тууралуу мына буларга токтолду:

- Ири көлөмдөгү күйүүчү жана майлоочу заттарды талонсуз каттоого албай ташып өтүүгө тыюу салынган. Өздүк керектөө үчүн алынган күйүүчү майды гана каттоосуз өткөзүүгө уруксат берилген. Бактагы жана 20 литрлик канистрде болсо, аны өткөзүп жатабыз. Жарандар беш мүшөк унду каттоосуз алып өтө алышат. Андан ашканына талон алууга тийиш.

Адистердин айтуусунда, Кыргызстанга сырттан ташылчу күйүүчү май менен ундан алынчу салык бюджеттин киреше булагынын таасирдүү бөлүгүн түзөт. Мындан сырткары күндөлүк керектөөчү товарларды дагы аткезчилик жол менен ташып кирүүдөн бюджет чоң каржылык жоготууга учурашы мүмкүн экени болжолдонууда. Мына ушуга байланыштуу Экономика министрлиги чек арадагы товарлар агымын көзөмөлдөө сунушун киргизди.

XS
SM
MD
LG