Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:00

Орусия: кыргызстандык бала ата-энесин издөөдө


Сүрөттө: ата-энесин издеп жаткан бала
Сүрөттө: ата-энесин издеп жаткан бала

Екатеринбург шаарында болжол менен 4-5 жаштагы кыргызстандык бала ата-энесин таппай, ооруканада убактылуу баш калкалап жатат.

Кыргызстандык мигранттар аны 10-май күнү видеого тартып, интернет аркылуу ата-энесине издөө жарыялашкан. Бала өзүнүн атын Болсунбек деп тааныштырган. Бишкектен болорун айтып, атасынын ысымын Майрамбек, апасыныкын Гүлмира деп атаган. Баланы 9-май күнү Екатеринбург шаарында эмгектенип жаткан кыргызстандык Эркинбек Курманалиев ооруканадан кокусунан кезиктирип калат. Эркинбектин айтымында, бала көчөдө адашып жүргөн учурда милиция алып келип, бул жакка таштап кеткен экен.

- Ооруканага барып калсам дарыгерлер "ушул жакта бир кыргыз бала ата-энесин таппай жүрөт" деп айтып калды. Анан мен видеого тартып, интернетке жөнөттүм. Кыргыз диаспораларына, консулдарга кабар бердим. Азыр бала ооруканада жашап жатат. Ата-энеси табылбаса, балдар үйүнө өткөрүп салабыз дешти. Бизге берген жок. Эртерээк ата-энеси табылып калса болот эле.

Екатеринбург шаарындагы кыргыз мигранттары учурда баланын ата-энесин издеп жатышат. Шаардын күч органдары ата-энеси табылгыча бала ооруканада болоорун билдиришкен. Аталган шаардагы “Кыргызстан-Урал” кыргыз диаспорасынын өкүлү Матмырза Полотбеков:

- Бүгүн бизде иш күн эмес. Эртең расмий мекемелерге кайрылабыз. Азыр болгон жердин баарына жарыя таратып жатабыз. Радиоузелге, аялдамаларга баракча чаптап жатабыз. Бизге студенттер, жаштар баары эле жардам беришүүдө.

Ата-энеси изделип жаткан бала болжол менен 4-5 жашта, орус тилин билбейт.

Соңку жылдары Орусияга балдарын ала кеткен кыргызстандык мигранттар арбыды. Бирок ал жактан ата-энесинин жумуштан колу бошобой, балдар көңүл сыртында калып жатканы ойлондурат дешет адистер. Алар акыркы учурдагы балдарга карата ар кандай зомбулук күчөп турган маалда, айрыкча бөтөн жерде ата-энелер балдарга сак болушу зарыл экенин эскертүүдө. Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Төлөнбай Кожобаев мигранттарга колдон келишинче түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди:

- Азыр ата-энеси изделип жатат. Баарына тапшырма берилген. Эми бөтөн жерде жүргөндө балдарга өзгөчө сак болушу керек. Биз түшүндүрүп жатабыз, бирок бул жака келе электе кыргызстандан дагы ушундай түшүндүрүү иштери көбүрөөк жүргүзүлсө жакшы болмок.

Расмий маалыматтарга таянсак, Орусиянын аймагында мигранттардын 17 жашка чейинки балдарынын саны бир миллионго чамалайт. Орусиянын мыйзамдары боюнча, ата-энелер каттоосу кайсыл жерде болсо ошол аймакта балдарын мектепке, бала бакчага бере алат. Ошентсе да мигранттар үчүн балдарын Орусиядагы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу маселеси өтө эле татаал экени айтылып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG