Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктарына арналган Варшава жыйынында июнь окуясы боюнча соттолуп, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров менен чогуу отурган деп сындалып жаткан укук коргоочу, "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Сентябрда Варшавада өткөн ЕККУ жыйынында сиз менен катарлаш отурган Кадыржан Батыровдун видеосу элге тарап, катуу сын пикирлер айтылган болчу. Карапайым адамдардан тартып, депутаттар, айрым мамлекеттик кызматкерлер да бул айыптоолорго кошулган. Ошол эле учурда чет жакта баш калкалап жүргөн Батыров жакында эле “Азаттыкка” курган маегинде сизди жана Азиза Абдирасулованы “менин мүлкүм таламайга түшүп, өзүм куугунда жүрсөм бир да жолу укугумду коргошкон эмес” деп айтып, Варшавадагы жыйында силер ыңгайсыз абалда калганыңарды айткан эле. Сиз өзүңүз бул сындарды кандай кабыл алдыңыз?

Төлөкан Исмаилова: Мен эч кимден уялбайм. Бул жөн гана Батыровдун ою болсо керек. Биз Азиза экөөбүз укук коргоочу катары уялууга эч кандай негиз жок. Укук коргоочу дайыма бейтарап. Душман болобу, дос болобу биз бардык адамдардын укугун коргойбуз.

ЕККУ кеңсесинде атайын жазылган принциптер бар. Биз ошого гана таянабыз. Ал эми сессия тууралуу айтсам, бул чоң платформада 57 мамлекет 10 принцип боюнча, анын ичинде экономикалык, гуманитардык, коопсуздук, адам укуктары жана демократия боюнча аткарылган иштер тууралуу отчет беришет.

20-сентябрда жыйын башталарда орун алып жатканбыз. Кадыржан Батыровду көрүп биз да таң калдык, жанаша отуруп калган экенбиз. Анан ошол жерден колун кайрып, кармагандай биз милиция, коопсуздук кызматкери же прокурор эмеспиз да.

Сын пикирлер боюнча айта турган болсок, чоң сабатсыздыкты байкадым. Казакбаев, Алтыбаева жана башка депутаттар бизди күнөөлөп, ички иштер министринин орун басарын чакырып алышып, “буларды карагыла, Кылмыш кодексинин алдында жоопко тарткыла”, - деп тапшырма беришти. Бул сабатсыздык деп ойлойм. Бир нерсе деп айтардан мурда эл аралык уюмдардын иши менен таанышып, ЕККУ миссиясын, эл аралык келишимдерди окуп алышса болмок.

Мыйзамдуулук жок мамлекетте укук коргоочу болуу өтө кооптуу. Укук коргоочулар аркылуу мамлекетте мыйзамдуулук орноп, өнүгүү болушу шарт.

Экинчиден, Казакбаев, Алтыбаева жана башка депутаттар эл алдына чыгып, бул айыптоолору үчүн кечирим сурашсын. Болбосо сотко беребиз. Жетишет, ушунча убакыттан бери басынтып, депутаттык статуска таянып, бизди коркутуп жатышат. Эч ким эч кимден коркпошу керек, биз жалгыз гана кудайдан коркобуз.

Ал жыйынга мен миграцияда жүргөн кыз-келиндердин укуктары тууралуу анализдерим менен бөлүшкөнү баргам. Орусияда, Казакстанда адамдар кул болуп сатылып, каза болуп жатышат. Ошол жерде Казакстандан барган делегация “бул маселе аябай орчун, биздеги мигранттарга көңүл буруп жатабыз, карайбыз”, - деп жооп берди.

Кыргыз делегациясы эки жолку революциядан мандаттарын жоготуп алганбы, түшүнө албай жатабыз. Биз эч нерсени бузган жокпуз, тескерисинче, алар бузуп жатышат. Укуктук принциптерди бузуу менен, статусун жоготуп эми бизди күнөөлөп жатышат.

Бир нерсе деп айтардан мурда эл аралык уюмдардын иши менен таанышып, ЕККУ миссиясын, эл аралык келишимдерди окуп алышса болмок.

Ал эми Батыров тууралуу айта турган болсом, прокуратура, Ички иштер министрлиги, жада калса Интерпол уюму да “биз Батыровду кармай албайбыз” деп жооп берди. Варшавадагы эл аралык жыйын - бул диалогго чакыруу аянтчасы. Согуш талаасы эмес. Мындай жыйындарга маселелерге жооп издегени барышат. Биздикилер, тескерисинче, эки жаат кылып кайраштырып жиберишти.

“Азаттык”: Көп жылдардан бери сиз укук коргоо жаатында иштеп келесиз. Кыргызстанда укук коргоочулардын саны да өсүүдө. Алардын арасында жаштар да арбын. Айтсаңыз, укук коргоочунун миссиясы кандай?

Исмаилова: Мен үчүн бул абдан оор жана терең суроо. Анткени эркиндик үчүн укук коргоочу үй-бүлөсүнөн да айрылышы мүмкүн. Укук коргоочу болом дегендер көп, бирок аларды эч ким үйрөтпөйт, атайын окуу жайлар да жок. Бул жумуш адвокат же журналисттер сыяктуу эле оор кызмат. Сен аркылуу башка адамдардын тагдыры чечилет. Мыйзамдуулук жок мамлекетте укук коргоочу болуу өтө кооптуу. Укук коргоочулар аркылуу мамлекетте мыйзамдуулук орноп, өнүгүү болушу шарт.

“Азаттык": Президент Алмазбек Атамбаев менен болгон соттук териштирүүлөр тууралуу пикириңизди билгим келет. Соңку кароодо сот сиздердин арызды канааттандырбай койду эле. Кийинки кадамыңыз кандай болот?

Исмаилова: Ооба, Бишкек сотунан өттүк. Биз бул процесс аркылуу соттордун деңгээлин көрдүк. Жакында Жогорку Сотко кайрылабыз. Азыр мунун үстүнөн адвокаттар иштеп жатат.

“Азаттык”: Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын вице-президенти болушуңуз менен куттуктайбыз. Ал жердеги делегаттар сиз үчүн добуш берген экен. Бул уюмдун иштери, пландары кандай болду экен?

Исмаилова: Бул уюм (FIDH - International Federation for Human Rights) түптөлгөнүнө 90 жыл болгон. Уюмга эки жүзгө жакын мамлекеттен коомдук уюмдар мүчө. Бул уюмдун алкагында атайын эксперттик топтор да иштейт жана эл аралык соттордун бир бөлүгү кирет. Мисалы, Украинага Орусиянын кылмышын ачканга жардам берип келген.

Ошондой эле мигранттардын тагдырын бөтөнчө талдап, жардам бергенге да көп аракеттерди жасап келет. Адам укугу боюнча укук коргоочулардын укугун карайт жана запкы көргөн адамдардын, кыйын турмушту өткөрүп жаткан адамдарды карайбыз.

Былтыр мигранттар маселесин изилдеп жатканыбызда Орусия жана Казакстандан интервью аркылуу бир топ тагдырлар каралган. Анда аябай кайгылуу сүрөттөр түшкөн. Канчалаган кыргызстандыктардын үй-бүлөсү талкаланган. Чоң ата, чоң энелер, улгайган адамдар жакшы жашоонун ордуна кайрадан неберелерди багып, жоопкер болуп, ого бетер кыйын жашоолорун баштан кечирип жатышат.

Учурда кыргыздар акча, жумуш издеген эле адамдар болуп калды. Өкмөт Орусия менен экономика менен акчаны эле карабай, элдин жашоосун да карашы керек. Стратегиялык долбоорлор, жок дегенде бир жылдык, жарым жылдык отчеттор жок. Улуттук укук коргоо институттары иштеши керек. БУУ өкмөткө 664 сунуштама берген. Биз болсо коомдук башталышта Улуттук план даярдап бергенге даярбыз. Бирге иштешкенге биздин бийликте болгону саясий эрк жетишпей жатат.

XS
SM
MD
LG