Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Китеп жетишсиздиги кыйнады


Жалал-Абаддын мектептери китеп менен 83% камсыз болду. Мектептерге кыргыз тили, адеп, химия, физика, башталгыч класстардын китептери жетишсиз.

Бишкектен облуска быйыл 37 наамдагы 327 миңден ашык китеп жиберилип, ал облустун усулдук борбору аркылуу мектептерге бекер таратылууда. Азыр облустагы кыргыз жана өзбек тилдүү мектептер дээрлик толук, орус тилдүү мектептердин жарымынан көбү жабдылып бүтүп калды. Бул тууралуу Борбордун жетекчиси Акылбек Токтосунов билдирди. Анткен менен бир катар сабактар боюнча китептер жетишсиз:

- 5-класстан 11-класска чейин кыргыз тили, чет тили, химия, математика, география сабактарынын окуу китептеринин жетишсиздиги байкалууда. Бир заматта бардык наамдагы китептерди басмакана чыгара албайт экен. Өкмөттөн бөлүнгөн акчага жараша Билим берүү министрлиги окуу китептери менен толук камсыздоого аракеттенүүдө.

Мектептерге быйылкы окуу жылында 72 аталыштагы окуу китеби керек. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозбай Шеров:

- Ноокен районундагы кыргыз тилинде билим берген мектептер 69%, орус тилдүү мектептер 50%, ал эми окутуу өзбек тилинде жүргөн мектептер китеп менен 54% камсыз болду. Китептер беш жылга жетет. Ага чейин керектен чыгып калган китептер бар. Бүгүн бизге 1-класстардын окуучулары үчүн жазуу дептерлери, кыргыз жана орус тилдериндеги табият таануу китептери түштү. Билим сапатынын жетиштүү болбой жатканына биринчи кезекте китептердин жетишсиздиги себеп болуп жатат. Бир класста отуз бала болсо, ошолордун жыйырмасы китеп алып, калган ону китепсиз отурат деген кеп. Анын үстүнө окуу пландары кескин азайганы менен окуу программалары камсыз болбой, азыр райондо да, облуста да "биз кантип окуу программаларын жөнгө салабыз, китептин кайсы темасын окутабыз, кантип интеграциялайбыз" деген сөз болуп жатат.

Ушул райондогу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору Дарыя Төлөшованын баамында, окуучулардын колуна китептердин толук жетпей калышы мугалимге да кошумча түйшүктү жаратууда:

- 5-класска адеп китеби чыгарылганы менен 6-7-8-класстарга ал окуу куралы дегеле болгон эмес, азыр да жок. Адеп сабагын окуткан мугалим көбүн эсе материалдарды көркөм адабияттан, массалык маалымат каражаттарынан жана турмуштан алат. Тогузунчу класста өтүлө турган үй-бүлө деген сабакка бизге кыргыздын каада-салт, үрп-адаттарын үйрөтүүгө туура келет. Бала адептүү болууну мектептен, үй-бүлөдөн, айлана-чөйрөсүндөгүлөр жана китептен үйрөнбөсө, кайдан үйрөнөт?

Билим берүү кызматкерлерин китептин тартыштыгы эле эмес, колго тийген китептердин начар сапаты да тынчсыздандырууда. Мектепте китепканачы Нуржамал Төлөшованын айтымында, тышы жука китептер бат керектен чыгып, китеп таңсыктыгын ого бетер арттырууда.

Мугалим Кымбат Зулпиева окуу программасына дал келбеген китептерге чек коюуну сунуштайт. Анын айтымында, химия сабагы боюнча төрт башка автордун китебинин чыгышы - тапшырма берүү менен сабакка даярданууда педагог жана окуучуларды чаташтырат:

- Китеп жетиштүү болгон күндө деле ар түрдүү авторлордун китебинин айынан балдар да кыйналат. Көнүгүү, маселе чыгартып, үйгө тапшырма бергенде окуучулар мугалимден "кайсы китеп боюнча даярданып келебиз" деп сурайт. Окуу программасына ылайык, бир автор эле жакшылап чыгарып берсе. Быйыл келген химия китептерин да барактап көрсөк көпчүлүк материалдар окуу программаларына дал келбейт, окуучулардын өздөштүрүүсүнө кыйын, татаал.

Анткен менен облустагы усулдук борбор дагы беш-алты жылдан кийин китеп жетишсиздиги болбой турганына, бул багытта билим берүү тармагында жетиштүү аракеттер көрүлүп жатканына ишендирүүдө.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG