Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Жалал-Абадда кыргыз тарыхын терең изилдеп-үйрөтүүгө арналган илимий-практикалык конференция өттү.

Талкууда кыргыз тарых илими советтик идеологияга ылайыкталып жазылганы белгиленди. 1989-жылы уюшулган жаш тарыхчылар жамааты кыргыз тарыхынын бөксө барактарын толтуруу аракеттерин көрүп келди. Бирок саясий жана каржылык колдоонун начардыгынан тарыхта изилденбеген жагдайлар али толтура дешет.

"Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин (КТК) президенти, КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин оболу Борбор Азия аймагынын анык тарыхын изилдөө зарылдыгына токтолду:

- Нумизматика тармагында, археологиянын бир катар эң байыркы доорунан берки иликтеген тармактар боюнча адистерибиз, тибет, монгол, согду тилинде булактарды изилдеген адисибиз жок. Ушул сыяктуу нерселерди биз азыр талдап, көтөрүшүбүз керек. Бул – өзүбүздүн гана тарыхыбызды изилдебестен, бүткүл ички, Борбор Азияны иликтөө үчүн кадрларды даярдашыбыз керек. Андан тышкары дүйнөнүн тарыхын кыргыздын көзү менен изилдей турган учур келди.

Бишкектеги Дипломатиялык академиянын биринчи проректору, профессор Ташманбет Кененсариев таптык-идеологиялык көз караштан четтеп, калыс изилдөө ыкмаларын иштеп чыккан экен:

- Субъективдүүлүктөн, партиялуулуктан алыстоо керек. Бизде тарыхта кээде көптөгөн адамдар, журналисттер, акындар, космос менен сүйлөшкөндөр деле тарыхты жазып, килейген-килейген китептерди чыгарышып, мифтештирип жиберишти.

КУУнун тарых факультетинин деканы Бектемир Жумабаев тарыхты уламышка айландырып жазуу өнөкөтүн белгиледи. “Тарыхты тактоодо кыргыздар артта калды", - дейт ал:

- Туура сөгүп атышат. Анткени кыргыз тарыхынын академиялык басылмасын даярдап, басып чыгара элекпиз. Актуалдуу маселелерди, концепцияларды тактап алгандан кийин кыргыз тарыхын жазууга киришибиз керек. Кыргыз тарыхынын актуалдуу маселелери менен концепцияларын, деталдарын талкуулап тактамайынча, кыргыз тарыхын жазуу мүмкүн эмес.

Тарыхчы Асыкбек Оморовдун айтымында, тарыхка төп келбеген белгилер тышкы саясий күчтөрдүн таасири менен жергиликтүү адистердин кайдигерлигинен улам орнотулууда:

- Ар бир адамдын ички дүйнөсүн, руханий, дух байлыгын, идеологиясын байытууга биз, тарыхчылар көмөктөшүбүз керек. Тарыхчылар бийликке жолдомо беришибиз керек. Кыргыздар боз үйүн кара жүндөн көтөргөн эмес. Идеологиябыз жок болуп атат. Улуттун идеологиясы мамлекетти түптөйт, бекемдейт. Ошонун башында сөзсүз тарыхчылар туруш керек.

Акын-окумуштуу Асанбай Жусупбеков адабият тарыхы бурмаланган жагдайларга бурду. Анын айтымында, Токтогул жана Мураталы Күреңкеев тууралуу эмгектерде жалган фактылар орун алган:

- Азыркы доордун эркиндигинен пайдаланып, өзүнүн таятасын чоң акын катары көрсөтүп, китебин чыгарып, кыргыздардын энциклопедиясына киргизип жибериптир. Тарыхчылар кайсы жакты карап отурасыңар? Ошол Нурмолдо Жеңижокту да, Токтогулду да окуткан имиш. Ой, Токтогул өзү да "мектепке атам берген жок, даанага тилим келген жок. Ак кагазды каралап, кат билбеген айыбым. Мен өлгөн соң ырымдын, таба албайт го дайынын", - деп айтып атат. Булар болсо ошо Токтогулду да сабаттуу кылып таштаган. Мураталы Күреңкеевдин туугандары Таш-Көмүрдүн жанында жашайт.

Жалал-Абад форумунда тарыхты так чагылдыруу үчүн мындан ары кандай иштер жасалары талкууланып, сунуштар кабыл алынды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG