Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:47

Жалал-Абад: кенемте күткөн элеттиктер


Жалал-Абад - Балыкчы жолу
Жалал-Абад - Балыкчы жолу

Жалал-Абад - Балыкчы түштүк-түндүк альтернативдүү жолунун курулушунда трассанын жээгинде бузулган короо сарайлар үчүн кенемте төлөп берүү маселеси каралган эмес.

31 адамдын маселеси азыр өкмөттүк деңгээлде каралып, каражат изделип жаткан убагы. Ал арада кенемте алчулардын тизмесине кирбей калган жашоочулар жергиликтүү бийликти айыптап чыгышты.

Төрт түтүн капа

Cузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну Нурбек Баев түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу башталган кезде турак жайынын короосундагы беш сотыхка жакын жер тилкесин трассанын кеңейиши үчүн ажыратып бергенин айтат. Өкмөт өз кезегинде тургундарга бул үчүн кенемте төлөп берүүгө милденттеме алган. "Бирок ушул күнгө чейин ал убадалардан кабар жок", - дейт Баев:

- Убагында курулуш иштери башталганда чыгымдардын баарын төлөп беребиз деп жазып кетишкен. Бирок арадан эки жылдан ашык убакыт өтсө да андан кабар жок. Буга чейин айыл өкмөткө, райондук бийликке үч жолу кайрылдык. Жыйынтык чыкпаган соң эми облус жетекчисине кайрылалы деп турабыз. Кезегинде бул жерге чоң аталарыбыз мээнет кылып бак тиккен. Бирок аларды да жолдун кеңейиши үчүн кыйып салдык. Комиссия келип 390 миң сом деп эсептеп, баарын жазып кетишкен. Бирок азыркыга чейин дайыны жок.

Унаа жолунун курулушу жүрүп жаткан Таран-Базар айылында 16 үйдүн короо жайлары бузулуп, айрымдарынын бак-дарактары кыйылган. Бирок кезегинде бардык жашоочулардын документтери такталып, комиссияга жөнөтүлгөнү менен, төрт үйдүн тизмеси кенемте алуучуларга кошулбай калганын айыл тургуну Сайдулла Юсупов айтат.

- Жолду сүрдүрө баштаганда баарыбыздыкын текшерип жазып кетишкен. Эми болсо бул кошунамдыкы тизмеде бар, ал эми биздики жок болуп жатат. Бул жерде терип эле тандап алгандай болуп жатат. Төрт адамдыкы жок. Районго барып териштирсек биздин документтер ошол жерде калып кетиптир. Кандайдыр бир кызыкдар адамдар барбы деп шектенип жатабыз. Анан 2-этап менен берилет деп бир айтышкан. Бирок качан экенин эч ким так кесе айта албай жатат.

2014-жылы курулуш иштери башталган Жалал-Абад-Балыкчы трассасынын учурда 1-этабындагы иштер аткарылууда. Анда 148 чакырым аралыктагы Жалал-Абад-Казарман жолун куруу пландалган.

Курулуш иштеринде Сузак району боюнча жалпы 25 адамга жер тилкелери сүрдүрүлгөн үчүн компенсация төлөө жагы өкмөткө сунушталганын район акими Абдумуктар Маматов белгилейт.

- Бул процесс аябай көп убакытты талап кылат. Анткени жашоочулардын короо сарайларындагы жер тилкелерин өкмөттүк комиссиянын кароосунан өткөрүш керек. Учурда район боюнча 25 адамдын тизмеси берилген. Ал эми Таран-Базар айылындагы төрт адам тизмеде жок экен. Анткени алар убагында кайрылышкан эмес жана кызыккан да эмес. Эми гана башкалар компенсация алат деген кабар келгенде кыймылдай башташты. Алардын документтери 2-этап менен өкмөткө сунушталат.

"Каражат карала элек"

1-этаптагы Жалал-Абад-Казарман альтернативдүү жолунун 26 чакырымы учурда асфальтталып бүттү. Ошондой эле Көк-Арт ашуусунда 3,7 метр келген туннелдин 600 метрден ашыгы казылды.

Жол жээгинде жер тилкелери бузулган адамдар үчүн жол куруу долбоорунда компенсация маселеси каралбагандыктан тургундарга азырынча каражат төлөнүп бериле элек. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев буларды айтты:

- Учурда Жалал-Абад облусу боюнча жол курулушунда компенсация ала турган 31 адамдын тизмесин тактаганбыз. Алардын жалпы чыгымы 8 млн 677 миң сомду түзгөн. Бирок долбоордо аны каржылоо булагы көргөзүлбөгөндүктөн ушул күнгө чейин маселе жаратууда. Кечээ эле мен жол министрине бул маселени койдум. Бул жагдай азыр өкмөттүк деңгээлде чечилип жатат. Азырынча каражат карала элек.

433 чакырымга созулган Жалал-Абад-Казарман-Балыкчы унаа жолунун 1-этабы 2018-жылы бүтөөрү пландалууда. Андан соң 2-этабында Казарман-Арал, үчүнчүсүндө Арал-Кочкор-Балыкчы аймактарында жол куруу пландалган. Жол куруу иштерине Кытайдан алгачкы фазасына деп 400 млн доллар каражат каралган.

Жалал-Абад: кенемте маселеси чечиле элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG