Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Чек арадагы кырдаал парламентте


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 30-январда Жогорку Кеңеште чек ара маселелери, кырдаал боюнча маалымат берди.

Өкмөт башчы катышкан парламент жыйыны жабык өттү. Талкуу маалында сыртка чыгып журналисттерге комментарий берген депутаттар арасында өкмөттү чек ара көйгөйлөрүн, жаңжалдарды чечүүдө чечкиндүү боло албай жатат деп сындагандар болду.

Ал арада кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалды талкуулоо үчүн Бишкекке Дүйшөмбүдөн делегация келди.

ЖК: чек ара маселесин чечүүдө өкмөт сөздөн ишке өтсүн

Быйыл кыргыз өкмөтү Баткендеги чек арага байланышкан маселелерди чечкенге 600 миллион сом бөлгөнү жатат. Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитетинин төрага орун басары, “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаевдин билдиришинче, буга чейин деле каражат бөлүнүп келген, бирок өкмөт натыйжалуу иштебей, мунун айынан чек арада жаңжалдар азая элек:

- Өкмөт “чечебиз, жасайбыз, ишке ашырабыз”, деген баягы эле куру сөздөрдү айтып жатат. Менимче, бул өкмөт мындай маселени чече албайт. Анткени мындай сөздү айтып эле келе жатат. Чечкиндүү аракеттер жок. Өкмөтүбүз атүгүл Баткенде канча жараныбыз бар экенин билбейт.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары жакында эле Баткенге барып, чек ара көйгөлөрүн жеринен көрүп, таанышып келген. Аталган фракциянын депутаты Дамира Ниязалиева жергиликтүү тургундар чек аранын тезирээк такталашын талап кылып жатканын айтты:

- Жергиликтүү эл чек арадагы өткөрмө бекеттерди чек ара такталгандан кийин гана ачкыла деп талап коюп жатат. Ал жакта жер-суу, жумуш маселеси курч. Бирок ошого карабай патриот болуп, үйлөрүн сатпай, элдин, мамлекеттин чек арасын сактайбыз деп ошол жерде отурушат.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал иликтенип, күнөөлүүлөр аныкталышы зарыл деп эсептейт:

- Кыргызстандын аймагын миномет менен аткылоо эл аралык эрежелерге жатпайт. Өзүмбилемдик кылып, эл аралык эрежелерди бузган тарап күнөөсүн мойнуна алышы шарт. Бул биздин мамлекетке кол салуу катары эсептелет. Биз алардын кадамдарын күтүшүбүз керек. Чек ара маселелерин чечээрден мурда, күнөөлүү тарапты аныктап, чек ара маселелерин чечкенге даярдыгын билгенден кийин гана биз кадам жасашыбыз керек.

Чек ара тагдыры оңой чечилбейт

Тышкы иштер министри Аскар Бешимов эки тараптуу сүйлөшүүлөр оңой-олтоң болбосун айтууда:

- Бул кыйын маселе. Ар ким өзүнүкүн бербейт. Эгер биз улуттук кызыкчылыкты коргобогон адис болсок, чек ара эбак эле сызылып калат эле. Ошондуктан биз өзүбүздүн позициябызды катуу коргоп жатабыз.

Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров чек араны тактоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр укуктук жактан туура эмес башталганын белгиледи:

30-январда Бишкекке чек арадагы кырдаалды талкуулоо үчүн тажик вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон баштаган делегация келди.
30-январда Бишкекке чек арадагы кырдаалды талкуулоо үчүн тажик вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон баштаган делегация келди.
- Дүйнөлүк тажрыйбада чек ара маселелери боюнча сүйлөшкөндө биринчи укуктук маселени чечип алат. Бир документ менен макулдашып, ошону менен иштейли деп негиз кылып алат. Калган иштерди, мисалы, союз учурунда алмашкан жерлерди өкмөттөр аралык комиссия жолукканда тактап кетсе болот. Азыр эми тажиктер 1924-1927-жылкы документтерди көтөрүп жатат. Ал документте биринчиден карта так болгон эмес. Ал жерде Кыргызстандын чек арасы бул чекиттен бул чекитке чейин деп эле жазылып калган. Ал чекиттердин ортосунда жүздөгөн чакырымдар калып калган.

Жогорку Кеңеште чек ара маселелери буга чейин деле бир канча жолу талкууланган. Өкмөткө көйгөйлөрдү чечүү үчүн тапшырмалар берилген. Соңку жылдары көбүрөөк көңүл бурула баштады деген менен коңшу өлкөлөр менен чек арага байланыштуу жаңжалдар азая элек.

30 - январда Бишкекке кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышты талкуулоо үчүн Тажикстандан өкмөттүк делегация келди. Эки тарап бул окуяга эки башка баа берип келгенин эске алганда сүйлөшүү оор эле болчудай.

XS
SM
MD
LG