Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Июнь коогасынын сабагы


Энелердин көз жашы монументи. Ош шаары
Энелердин көз жашы монументи. Ош шаары

Бүгүн Ош шаарында 2010-жылдагы июнь коогасынын курмандыктары эскерилди. Президент Алмазбек Атамбаев буга байланыштуу кайрылуу жасады.

Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуясында каза тапкандарды эскерүүгө маркумдардын үй-бүлөлөрү, жакындары, жабыркагандар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишти.

Митинг-реквиемде “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл коюлуп, улуттар аралык ынтымактын символу катары “Тынчтык коңгуроосу” кагылды.

Вице-мэр Замирбек Аскаров 2010-жылы жеке кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн сөзүнө кирип, араздашкан эки элдин мамилеси бүгүн мурдагы калыбына келип, ынтымак-ырашкердик менен чогуу жашап жатканын айтты.

Аны менен катар бийлик өкүлдөрү Ош окуясында каза болгондордун үйлөрүнө барып куран окутушту.

Президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунда ​алты жыл мурдагы окуя түштүктөгү соӊку жарым кылымдагы этнос аралык үчүнчү ири жаӊжал болуп калганы, анын биринчиси 60-жылдардагы адам курмандыгына алып келген кагылыш бийликке да, коомго да сабак болбой, 1990-жылы кайталанганы айтылат.

- Бул көрүнүштөн улам 20 жылдан кийин – 2010-жылы июнда кайрадан этнос аралык араздашуу чыкты. Анткени, өчүрүлбөй калган чокту тутандыруу оӊой экени эске алынган эмес. Анын үстүнө акча менен бийлик дегенде баарына даяр сепаратисттер менен улутчулдар араң эле турушкан,- деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Мамлекет башчы азыркы кезде улут аралык биримдикти бекемдөө боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, көптөгөн мекендештер өздөрүн кыргыз жараны катары сезе баштаганын да белгилеген.

Ошондой эле кызыкдар күчтөр кандуу жаңжалдарды улут аралык алакадан баштай турганын айтып, бул нерсе өтө аялуу экенин унутпоого элди чакырган. Ар бир жаран өзүнүн сөзүнө, жасаган ишине жооптуу экени эскертилген.

2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда укук коргоо органдарынан жана аскер бөлүктөрүнөн 1058 ок атуучу курал жана жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон. Мындан сырткары алты чопкутталган аскер техникасы тартылып алынып, кийин кайтарылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 632 курал-жарак жана ар түрдүү калибрге түшчү 90 миңге чукул ок-дары кайра кайтарылган.

Курал-жарактарды тартып алуу жана шалаакылык боюнча 66 кылмыш иши козголуп, анын 52си ачылган. Сотко мына ушундай мүнөздөгү 38 кылмыш иши берилип, 55 аскер адамына айып коюлган. Алардын арасынан куралды тарттырып жиберүүгө өбөлгө түзгөн кырдаалга жараша деген негиз менен 27 аскер адамынын кылмыш иши кыскарган.

2010-жылдагы июнь окуясында расмий маалыматтар боюнча 446 адам каза болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда элүү жети адам дайынсыз жоголуп, учурда алардын саны он тогуз адамга кыскарган. Ушул күнгө чейин 18 адамдын жасатынын өздүгү аныктала элек. Июнь окуясында жарандарга жана мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү төрт миллиард сомдон ашуун экени жарыяланган болчу.

XS
SM
MD
LG