Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Кыргызстан мурдагы советтик республикалардын ичинен космостогу орбиталдык энчисин ээлеген Борбордук Азиядагы биринчи жана жалгыз өлкө, бирок ушул артыкчылыкты пайдалануу үчүн космоско колу жетпей келатат.

Мындан он беш жыл мурда Silksat спутнигин космоско учуруу боюнча долборлоо иштери башталып, же каражат, же инвестор табылбай токтоп калган.

Кыргыз окумуштуулары Кыргызстандын өзүнүн жасалма жандоочусун (спутнигин) космоско учуруу куру кыял эмес, саясий жетекчиликтин активдүү дипломатиялык иш-аракеттерине жараша жанданып ишке ашып кете турган идея экенин белгилешүүдө.

Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин, 90-жылдардын орто ченинде Женевадагы Эл аралык электрбайланыш уюму менен менен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүп, космостогу геостационардык орбитадан бир точканы алууга жетишкен. Максат - Жердин орбитасына өзүнүн спутнигин учуруп, космостук технологиялар менен өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу эле.

Кыргызстан мурдагы союздук республикалардын ичинен биринчи болуп, геостационардык орбитадан өзү түбөлүк ээлик кыла турган жайга ээ болушу эгемендик доорундагы эң алгачкы жетишкендиктердин бири эле.

Эл аралык электрбайланыш уюму менен 97-жылы башталган сүйлөшүүлөргө "Кыргызтелекомдун" башкы директору Салмор Алымкулов, Кыргыз Улуттук байланыш агенттигинин төрагасы Орозбек Кайыков, анын орун басары Байыш Нурматов катышкан.

- Silksat долбоору Кыргызстан үчүн абдан жакшы долбоор болуп саналат. Бул идея 97-жылдары башталган болчу,-деп айтып берди “Азаттыкка” азыр Улуттук Илимдер Академиясынын физика-техникалык институнун директорунун орун басары, профессор Салмор Алымкулов. - Спутникти учуруш өтө чоң каражатты талап кылат.

Экинчиден, геостационардык орбитадан өзүнчө жай алыш керек. Аны каалаган эле өлкө ала бербейт. 190 өлкө мүчө болгон Электрбайланыш боюнча эл аралык союз уюмунун чечими менен берилет. Спутникти чыгарууга жай алыш үчүн беш-он жылдап аракет кылыш керек.
Келечекте электрондук өкмөт түзүлүп иштей баштаганда миллиондогон каражатты үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк болмок.


Биз билебиз, ошол эле орустар, америкалыктар, кытайлар бир точканы алыш үчүн беш-он миллион доллардан каражат жумшайт. 190 өлкөдөгү байланыш министрлеринин, өкмөт башчыларынын макулдугун алыш үчүн ушунча каражат кетирген учурлар бар. Ал эми спутникти чыгарыш үчүн 300-400 миллион доллар каражат кетет. Жөнөкөй сөз менен айтканда космостон атайын жай алып, завод курган сыяктуу иш бул.

Спутник ошондой завод сыяктуу, эгер аны космоско чыгарып алса ал өлкө үчүн жакшы иштеп берет. Эми биз башка өлкөлөргө окшоп 5 миллион доллар берген жокпуз, болгону активдүү аракет көрдүк. Беш жүз доллар кетти өз чөнтөгүбүздөн. Б. Нурматов, О. Кайыков жана мен дүйнөлүк уюмдар менен активдүү иштеп, ошонун натыйжасында алдык.

Алгачкы кадамдар

Кыргызстан Жердин орбитасында өзүнө туруктуу позиция алууга жетишкенден кийин Орусиянын Космостук изилдөөлөр институтунун директору Роалд Сагдеевдин акыл-кеңеши боюнча Орусия жана АКШнын космостук мекемелери менен бирге космоско жаңы муундагы спутникти учурууну долбоорлоп баштаган.

Окумуштуулардын ою боюнча кыргыз спутниги орусиялык жана америкалык эң алдыңкы технологиялардын негизинде курулушу керек эле. 1996-жылдан баштап Кыргызстан, Орусия жана АКШнын адистеринен куралган эксперттик топ үч баскыч менен иш баштаган.
Советбек Токтомышев
Биринчи баскычта спутникти башкаруу үчүн жер үстүндөгү инфраструктурасын түзүү керек эле, экинчи баскычта Кыргызстандын орбиталдык позициясын тактоо боюнча укуктук маселелер чечилмек жана акыркы баскычта улуттук спутниктин конструкциясы жана куруу технологиясы иштеп чыгуу, спутникти учуруу иштери бүткөрүлмөк.

1996-жылы Улуттук университетте техникалык көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөлүк стандарттарга төп келген спутник байланыш борбору түзүлгөн.

Ошол учурда академик Советбек Токтомышевдин жетекчилиги астында Кыргыз улуттук университетинде дистанттык билим берүү борбору, телерадиостудия, Кыргыз-америка, кыргыз-европа факультеттери, фундаменталдуу илимдердин институту, Жапан борбору, “Ысык-Көл” озон катмарларын изилдөө борбору сыяктуу бир катар маанилүү илимий жана билим берүүчү жайлар ачылып, 1997-жылдын соңунда спутник каналдарын иштетүү үчүн тийиштүү инфраструктуранын алгачкы илимий жана билим берүүчү базасы пайда болгон.

Кыргыз спутнигин учуруу долбоорунун акыркы баскычында 1997-жылы Кыргызстан, АКШ, Орусия ортосунда үч тараптуу протокол түзүлүп, декабрь айында Москвада тиешелүү адистер, уюмдар катышкан техникалык кеңешме өткөрүлгөн.

Натыйжада телекоммуникация жана байланыш үчүн чакан сателлитти (жандоочуну) долборлоо иштерин баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Сателлит Орусия жана АКШнын жогорку технологиялары боюнча жасалмак, космостук аппаратты башкаруу борбору Кыргызстанда болмок.

Миллиондогон чыгымдар азаймак

Профессор Салмор Алымкуловдун айтымында, космоско спутник учуруу Кыргызстанда жакынкы келечекте ишке аша турган идея. Бирок спутник кирешелүү иштеши үчүн Кыргызстан анын изилдөө-байкоо аймагына Кытай, Индия, Борбордук Азия аймагы бүтүндөй камтыганга жетиши керек. Ошондо спутник дүйнөдөгү үч миллиард элдин керектөөсүнө иштеп, кеткен чыгымдарды актап, миллиондогон пайда алып келет.

Silksat спутнигинин жардамы менен жаратылыш жана минералдык ресурстарды дистантык изилдөө, Интернет, спутник телевидениеси, дистантык билим берүү, телемедицинаны ыкчам өнүктүрүүгө жол ачылмак.

Атайын адистердин эсептөөлөрү боюнча кыргыз спутниги кызмат көрсөтүүдөн жылына ондогон миллион доллар пайда алып келмек жана космостук байланыштын башка түрлөрү боюнча миллиондогон чыгымдарды кыскартууга жетишмек.

- Биринчиден, Кыргызстанда спутник каналдарын ижарага алып пайдаланууга кеткен миллиондогон чыгымдар кыскармак.

Азыр Кыргызстандын байланыш ишканалары чет элдик спутниктерди, мисалы Intelsat, Turksat жана орусиялык спутниктерди пайдалангандыгы үчүн миллиондогон көп акча төлөп жатат. Интернетти пайдалануу акысы жана космостук байланыштын башка түрлөрү, уюлдук байланыш, дистанттык билим берүү, телемедицина, минералдык ресурстарды дистанттык изилдөө иштери аябай арзандамак.

Келечекте электрондук өкмөт түзүлүп иштей баштаганда миллиондогон каражатты үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк болмок. Өзүбүздүн спутникти учурууга жетише алсак, андан Кыргызстан жылына 200 млн доллар пайда көрүп турмак,
-дейт академик Советбек Токтомышев.

Илимий-интеллектуалдык даярдык бар

Кыргыз окумуштууларынын терең ишениминде Борбордук Азиядагы мунайзат менен газга бай өлкөлөрдүн жанындагы тоо арасындагы чакан өлкөгө жогорку кирешелүү технологиялар менен куралдануу аркылуу гана өнүгүү жолу буйруган. Бул үчүн Кыргызстан орбитадагы өзүнүн энчисин жерден карап отура бербей, Кытайдын, АКШнын, Орусиянын техникалык космостук жетишкендиктеринин көзүн таап, тилин таап биринчи кыргыз спутнигин Жердин орбитасына учуруу идеясын ишке ашыруунун үстүндө натыйжалуу иштеши керек:
Спутникти чыгарууга жай алыш үчүн беш-он жылдап аракет кылыш керек.


- Кытай, Индия, Казакстан, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагында төрт миллиард эл жашайт. Кыргызстан дал ушул аймакта маалымат чордонунда турабыз. Кыргызстан Жердин геостационардык орбитасында өзүнүн позициясына ээ болгон Борбор Азиядагы жападан жалгыз өлкө.

Биз ушул спутник байланышындагы артыкчылыгыбызды пайдаланып, Кытай, Индия, Пакистан жана бүтүндөй Тынч океан аймагында космостон жол салышыбыз керек. Ырас бул долбоор спутник каналдарын башкаруу үчүн жер үстүндөгү тийиштүү өнүккөн инфраструктураны талап кылат.

Ушул жерде спутник байланышынын операторун биринчи уюштурган Кыргыз Улуттук университеттин мааниси абдан чоң. Быйылкы жана эмдиги жылдар Улуттук университет үчүн мааракенин жылдары. Демек президент жаан өкмөт тараптан спутник идеясын алга жылдыруу боюнча иштиктүү чаралар биз үчүн чыныгы мааракелик белек болуп калмак
, -дейт академик Советбек Токтомышев.

Космоско Кыргызстандын жолун чабууга кыргыз окумуштуулары аздыр-көптүр илимий-интеллектуалдык даярдык бар деп белгилешүүдө. Академик Советбек Токтомышев 40 жылдан бери жакынкы космосто, башкача айтканда Жердин атмосфералык катмарына, озон катмарларына изилдөө иштерин жүргүзүп келатат. Анын изилдөө натыйжалары, ыкмалары дүйнөнүн 12 өлкөсүндө колдонууга коюлган.

Кыргызстан Эл аралык университети жакында эле “Максим” эл аралык космостук программасына катышууга арыз берди. Ушул университеттин президенти академик Асылбек Айдаралиев эл аралык астронавтика академиясына мүчө болду. Эл аралык электр байланыш уюмунда алатоолук эки окумуштуу Орозбек Кайыков жана Байыш Нурматов иштеп жатат.

Мына ушунун баары кыргыз окумуштууларынын өзүнүн баасында космоско кол созууга Кыргызстандын илимий даярдыгын көрсөтүп турат. Бирок беш жылда эки революцияны баштан кечирип, кайнаган саясий окуялардын чеңгелинен чыга албай жаткан Кыргызстандын жетекчилеринин жердеги түйшүктөн баш көтөрүп космосту ойлогонго чолоосу тие элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG