Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

10-сентябрда Бишкекте өткөн Улуттук улуу курултайдын уюштуруучулары Баш мыйзамды өзгөртүп, ага курултай институтун көзөмөл органы катары киргизүүнү сунуш кылышты.

Айрым саясатчылар бир жыл мурда кабыл алынган учурдагы Конституцияны өзгөртүүнүн зарылчылыгы жоктугун айтышууда.

Уюштуруучулардын ырасташынча, Улуттук улуу курултайга жер-жерлерден 900 делегат жана 400 жакын конок чакырылган.

Курултайчылар эмне дейт?

Курултай институтун күчөтүүнү сунуш кылгандар анын бийликтин бардык бутактарынын үстүнөн көзмөлдөөчү орган болушу керектигин айтышууда.

Улуттук улуу курултайдын уюштуруучуларынын бири Кадыр Кошалиевдин айтымында, азыр Баш мыйзамды өзгөртүп, курултай институтун киргизүүнүн үч башка варианты сунуш кылынууда:

- Үч түрдүү пикир болууда. Биринчиси, кыргыз менталитетине, табиятына ылайык, жаңыланган Конституция. Экинчилер, "1993-жылкы Конституция жакшы болчу, ошону калыбына келтирип, ага кошумча курултай институтун киргизели" деп жатат. Үчүнчүлөр, "биз жашап жаткан азыркы Баш мыйзамдын ичине эле элдик курултай институтунун укуктарын, макамын жогорулатып, киргизели" дегендер.

Бул варианттардын кайсынысы коомчулукка сунуш кылынарын курултайдын алдында түзүлгөн Улуттук кеңеш аныктайт.

"Азаттыктын" архивинен: Курманбек Бакиев жаңы Конституцияга кол коюуда, 23-октябрь, 2007-жыл
Ахунбай Кошоев Кыргызстанда курултай институту аркылуу бийликти көзмөлдөө зарыл деп эсептейт:

- Кыргыздар өз-ара мунасага келип, аксакал-көксакалды, оозунда сөзү барды угуп келген. Демократия деген биздин кулк-мүнөзгө жарашпай жатпайбы. Ошон үчүн адегенде элдик көзөмөл болгон мыйзамдуу түрдөгү курултай болушу керек.

Курултайдын Баш мыйзамда көзөмөлдөөчү орган болушун айткан 60 адамдан турган демилгечи топ буга чейин эле Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүп, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча кол топтошорун билдиришкен.

Курултайдын мамлекеттик башкаруудагы ордун жана вазийпасын Кадыр Кошалиев мындайча чечмеледи:

- Албетте дүйнөдө бийликтин классикалык үч бутагы бар. Курултай ал бийлик бутактарынын озуйпа-милдеттерин кайталабаш керек. Болгону бир жылда бир, ошол бийлик башчыларын эл алдындагы жоопкерчилигин карап, жасаган иштери кызматына туура келеби, келбейби деп баа берип, анан тарап кетиш керек.

Өзгөрүп турган Баш мыйзам

Өткөн жылы референдум аркылуу кабыл алынган Конституциянын 52-беренесинде, курултай элдик жыйын катары белгиленип, жазылган. Ошондуктан курултай институтун кайра киргизүүнүн зарылчылыгы жоктугун Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов айтууда.

- Азыркы Конституцияга курултай институту киргизилген. Ар бир жаран, жарандардын топтору, ар бир кесипчил топтор, курултай өткөрүп, анда бардык мамлекеттик маселелерди карап, өздөрүнүн көз караштарын элге жана бийликке жеткиргенге укуктуу.

Өмүрбек Абдрахманов
Азыркы Баш мыйзамда 2020-жылга чейин аны өзгөртүү аракети референдум жолу аркылуу гана ишке ашары жазылган. Ошол эле кезде референдум өткөрүү үчүн 300 миң кол чогултуу талап кылынат.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов Конституцияны кайра-кайра өзгөртө берүү мамлекет үчүн жакшы болбойт деген пикирде.

- Конституцияны өзгөртүүгө эч кандай зарылчылык жок. Бул Конституцияда бардыгы жакшы жазылган. Биз чындыгында эле ага он жылга чейин тийбешибиз керек. Анткени ошол Баш мыйзамды кабыл алган элди да сыйлашыбыз керек. Анан күн сайын эле “мага бул жагат, бул жакпайт, желегибиз кызыл эмес, көк же жашыл болуш керек” дей берүү жакшы, туруктуу саясат болуп эсептелбейт.

Кыргызстандын жыйырма жылдык эгемен тарыхында Баш мыйзам референдум жолу аркылуу эле 5 ирет өзгөрүүгө учураган. Ал эми жалпысынан 8 жолу өзгөртүлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG