Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому банкорт абалда турат. Ушул тушта ага таандык Макмал, Терек-Сай жана Солтон-Сары алтын кендеринин запасы толук түгөндү, мындан улам кен казуу, ылгоо иштери токтоду.

Макмалдын алтыны какшыды

Макмалда алтындын кору ушул жылдын башында эле түгөнүп калган экен. “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов “Азаттыктагы” маегинде мындай абал тууралуу бир канча жолу кайрылуу болсо да убагында чара көрүлбөгөнүн, ошол убактан бери калган-каткан кен иштетилип келгенин билдирди:

- “Макмал” алтын комбинаты негизи 1996-жылы эле жабылышы керек болчу. Бирок жергиликтүү адистердин, геологдордун, тоо-кенчилердин эмгеги менен бүгүнкү күнгө чейин элди багып келди. Бүгүн баары түгөнгөндөн кийин токтоп жатат. Алтын түгөндү. Бирок кен иштеп жатат. Ушул тушта адистер дагы кайсы жерде алтын бар, мурункудан калган калдыктар барбы, ошолорду жардырып алып чыксак болобу деп изилдеп жатат. Эми аны алып чыкканга үч-төрт ай убакыт керек. Ошон үчүн 1-декабрга чейин токтоп турса, калган-каткан кендин баары чогулса, бир 50-60 миң тоо теги болсо ошону жазга чейин иштетсек деп жатышат. Комбинаттын иши ошону менен бүтөт.

Макмал Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо районунда жайгашкан, анда 22 миңдей адам жашайт. Район акими Тилек Идирисовдун маалыматына ылайык, жергиликтүү казынанын 95 пайызы Макмал менен толот, андан сырткары кенде миңден ашуун адам иштейт:

- Комбинаттан жылына 40 миллион сомго чейин акча түшүп турат. Эгер иш токтоп калса, биз бул акчадан кур калабыз. Бул каражат жол оңдогонго, суу чыгарганга, дагы башка социалдык керектөөгө кетет. Бала бакча да салып жатабыз.

Кылдоо кени казылабы?

“Кыргызалтын” Макмалдын алтыны түгөнгөндөн кийин, анын жанындагы Кылдоо кенин иштетүү тууралуу өкмөткө кайрылып жатат. Бул кенде болжол менен 300дөн 500 тоннага чейин алтын бар. Бирок Кылдоо Саймалуу-Таш коругунун аймагында жайгашкандыктан кенди иштетүүгө тыюу салынган.

Мурунку өкмөт башчы, "Кыргызалтындын" деректирлер кеңешинин мурунку төрагасы Амангелди Муралиев Апрель ыңкылабынан кийин техникалык өкмөттүн тушунда Кылдоону иштетүүгө лицензия берилген себебин түшүндүрүп берди:

- Кылдоо Саймалуу-Таштан 50-60 чакырым алыс турат. Ортосунда дагы тоолор бар. Бюрократтар ушул маселени төрт жылдан бери чечпей келет. Кылдоо үчүн уу зат калдыктарын сактай турган жайдын долбоорун даярдап, курдуруп да салганбыз.

“Кыргызалтын” Макмалдагы уу калдыктарды кайра иштетүүнү да ойлонуштурууда. Кайра иштеткенде болжол менен беш тонна алтын алынышы мүмкүн. Буга да өкмөт уруксат бериши керек.

Март айынан бери Терек-Сай комбинаты токтоп турат. Кен иштегени менен алтын иргеген завод жаздан бери иштебейт. Болбосо, Терек-Сай 50 жылдан бери иштеп келаткан.

Макмалдагы башкы маселе алтын уурдоо болгону айтылып эле жүрөт. “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчилери алтын уурдоого криминал аралашарын билдиришкен. Мындан эки жыл мурун Башкы прокуратура Макмалдан 2010-2011-жылдары 160 килограммадан ашык алтын уурдалганы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок иш сотко жеткени, жоопко тартылгандар болгон-болбогону белгисиз. Экс-премьер Амангелди Муралиев уурулукту токтотууга жетиштүү чара көрүлгөн жок деп эсептейт:

- Жетекчилер уурулукту тыюу боюнча кичине эле катуу иштеп койсо деректирин жамандайт, же коркутат, же дагы башка чараларга барат. Мафиянын өзүнүн мыйзамдары бар эмеспи. Мурунку жетекчилердин баары ИИМге, УКМКга, прокуратурага, кыскасы баарына кайрылган. Бир топ кат жазылган. Уурулукка каршы мамлекеттик деңгээлде “Кыргызалтынга” жардам болгон эмес.

Солтон-Сары менен Терек-Сайда да алтын түгөндү

Учурунда "Кыргызалтындын" кармагында 18 кен бар болчу. Бирок мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын дээрлик баары башкаларга берилип, карамагында Макмалдан сырткары Солтон-Сары менен эле Терек-Сай калган. "Кыргызалтындын" жетекчиси Токон Мамытов аталган кендердеги абалды да өтө оор деп сыпаттады:

- Солтон-Сары утурумдук болуп эле ачылган. Башында жөн эле комбинат деп койгонбуз. Ал жакта да кен түгөндү. Солтон-Сарыдагы Алтын-Төрдүн алтыны түгөндү. Жанында Бучук деген кен бар. Ошол Бучукка “Кыргызалтын” беш-алты миллион доллар сарптап, бир топ даярдоо жумуштарын бүтүрүптүр. Бакиевдин балдары алып туруп башка бирөөлөргө берип салып, “Кыргызалтын” кенден да, каражаттан да куржалак калыптыр. Ал жерде да эч нерсе жок. Март айынан бери Терек-Сай комбинаты токтоп турат. Кен иштегени менен алтын иргеген завод жаздан бери иштебейт. Болбосо, Терек-Сай 50 жылдан бери иштеп келаткан.

“Кыргызалтындын” таржымалы

“Кыргызалтын” алгач 1992-жылы мамлекеттик концерн болуп түзүлгөн. 1999-жылы акционердик коом болуп жаңырган. Ушул жылдары, тактап айтканда жети жыл бою аны Дастан Сарыгулов башкарып турган. Сарыгулов “Кыргызалтындын” таржымалын айтып берди жана кызматтан алынган себебин саясий жүйө менен түшүндүрдү:

Дүйнөдө соңку он жыл ичинде алтындын баасы 350 доллар унциядан 1,5 миң долларга чейин көтөрүлдү. Демек, банкорт болбошу керек эле да. Коррупциянын, уурулуктун айынан ушундай абалга жетип отурат.

- Союз тарагандан кийин беш тоо-кен комбинаты кароосуз калган. Ага чейин алардын ишин Москва өзү тейлеп, өзү башкарган. Союз тарагандан кийин аны эч ким башкара албай иши үзгүлтүккө учурай баштаган. Макмал алты ай иштебей, моюнунда 1 миллион доллар карызы бар болчу. Ошондой абалда тоо-кен комбинаттарын ишин алдыга жылдыруу керек деген максат менен “Кыргызалтын” концерни түзүлгөн. Түзүлгөндө “түзүлсүн, комбинаттар кирсин, буга баланча деген адам дайындалсын”, деген бир эле кагаз болгон. Жетекчи кылып мени дайындашкан. Мен 1999-жылга чейин жетектедим. Мен кетип жатканда банктагы эсебинде 11 миллион доллар бар болчу. Акаев саясий келишпестиктерден улам мени жумуштан алды. Жөн гана корпоративдүү башкарууга байланыштуу деген шылтоо менен кызматтан бошоткон.

"Кыргызалтындын" курамында үч кенден сырткары Кара-Балтада алтынды аффинаждоо заводу, Ысык-Көлдө “Кыргыз деңизи” деген пансионаты, зер буюмдарын жасай турган заводу, мейманканалары, медициналык борбору ошондой эле унаа жана курулуш мекемелери бар. Бардыгы болуп 2,5 миңдей адам иштейт. Эң башкысы "Кыргызалтын" "Центерранын" 33 пайыз акциясына ээлик кылат.

Дастан Сарыгулов ушундай чоң ишкананын банкроттук абалга кептелгенин коррупция менен байланыштырууда:

- Дүйнөдө соңку он жыл ичинде алтындын баасы 350 доллар унциядан 1,5 миң долларга чейин көтөрүлдү. Демек, банкорт болбошу керек эле да. Коррупциянын, уурулуктун айынан ушундай абалга жетип отурат.

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиев болсо “Кыргызалтындын" азыркы абалы боюнча өкмөттү күнөөлөдү:

- Улуттук компанияга сөзсүз жардам берилиши керек. Мына Орусия деле өзүнүн улуттук компанияларына ар кандай жардам берип жатат. Керек болсо нефть, газ боюнча бир топ лицензияларды улуттук компанияларына берген. Соңку үч жылда “Кыргызалтын” тапкан кирешесинин 1 миллиард сомдон ашуунун техникалык реконструкциялоо маселелерине жумшаган. Жакшы эле иштеген. Алтындын баасы да туруктуу болгон. Алтындын баасы азыр деле жакшы. Абалы тууралуу бир топ эле кат жазылган, бир топ сунуш айтылган, далай сөз болгон. Бирок “Кыргызалтындын” шору барбы же өкмөттүн көзүн булут басып калганбы, айтор эч ким улуттук компанияга жардам бербейт.

Банкроттон чыгуунун жолдору

Бирок өкмөт “Кыргызалтынга” жардам бериши керек деген демилгени колдобогондор да бар. Алардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Исабековдун баамында, маселени эң ириде "Кыргызалтындын" өзүнөн издеш керек. Ушул абалга кептегендер жоопко тартылышы зарыл:

- Болгон алтындын баарын “Кыргызалтын” сатат. Кумтөрдүн алтынын да канадалыктар сатпайт, аны да “Кыргызалтын” сатат. Күмүштү да сатышат. Буга чейин бир канча жолу бир нече жетекчилери банкрот болуп жатабыз деген маселелерди көтөргөн. “Кыргызалтын” ар бир унцийден 3,5 долларга чейин пайызын алат. Муну ортомчу ишкана деп айтсак да болот. Анан булар эмнегедир алтынды Орусиянын “Номос” деген банкы аркылуу сатышат. Акаевдин убагында түзүлгөн келишим эмгиче иштеп жатат. Эмне себептен баалуу металл Кыргызстандын өзүнүн банкы аркылуу сатылбайт? Алтын эмнеге эл аралык дүйнөлүк биржалардын баасында сатылбайт? Мына ушундай маселелер бар. Өкмөттөн жардам берилсин, “Кыргызалтынды” багалы деген кандай болот? Алтын саткан ишкана банкрот болуп атса, анда буга кимдир бирөөлөр жооп бериши керек.

Булар эмнегедир алтынды Орусиянын “Номос” деген банкы аркылуу сатышат. Акаевдин убагында түзүлгөн келишим эмгиче иштеп жатат. Эмне себептен баалуу металл Кыргызстандын өзүнүн банкы аркылуу сатылбайт?

Кубанычбек Исабеков мурунку өкмөттөрдүн тушунда “Кыргызалтындагы” чыгашаларды белгиледи:

- Акча керек боло калганда эле мыйзамды бузуп туруп каражатты алып, аны “Кыргызалтындын” моюнуна илген учурлар болгон. Мисалы качып кеткен Данияр Үсөнов премьер-министр болуп турганда 66 миллион сомду Англиядагы бир фирмага которгон. Игорь Чудинов өкмөт башчы болуп турганда 50 миллион сомду которткон. Мына жакында эле Жантөрө Сатыбалдиев премьер болуп турганда, Кумтөр талкууланып жатканда 86 миллион сомду Англиядагы бир компанияларга которуп, эки экспертти алып келди. Алар жыргаган деле эксперт эмес, экөө тең “Центеррада” иштеген. Ошол канадалык компанияга иштеген кишилерди Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт деп 80 миллион сомду төлөп берип, алып келгени үчүн кылмыш ишин козгоп, тиешелүү адамдарды жоопко тартуу керек.

“Эр айдоочу” бейөкмөт уюмунун лидери Качкын Булатов “Кыргызалтынды” жетектеп келгендерге компанияны атайылап банкрот абалга алып келди деген доомат айтты:

- “Кыргызалтынды” ченебей жешти. Баарын түгөтүштү. Эми азыр инвестиция деп, жакыр мамлекетибизден акча сурап отурушат. “Кыргызалтын” деген завод да. Бир киши бир жабдуу сатып алса ошону менен үй-бүлөсүн багат. Союз салып берген завод мамлекетке иштебей, үч-төрт гана киши пайда көрдү. Амалдуулук менен баарын алып тынышты. Ал жактагы абалды Токон Мамытов деле оңдоп жиберээрине көзүм жетпейт. Себеби, ал өмүр бою чекист болуп иштеди. Бул болсо өндүрүш да. Өндүрүш оңой нерсе эмес.

Кен маселелери боюнча эксперт Кубан Ашыркулов толугу менен мамлекетке караштуу ишканаларда башкаруу аксаарын айтууда. Анын баамында, “Кыргызалтындын” үлүшүн сатуу менен абалдан чыкса болот:

- Тоо-кен тармагы инвесторлор үчүн абдан эле кызыктуу тармак. Жалаң эле инвесторлор эмес, чоң, дүйнөлүк, эл аралык каржы уюмдар менен кызматташса деле болот. Алардын программасынын негизинде жабдууларды жаңыртып, менеджменттин жаңы ыкмаларын колдонуп, “Кыргызалтындын” ишин жандантса болот. Алар эми өкмөт бир нерсе кылайын десе, Жогорку Кеңештен уруксат алышы керек. Ошондуктан өкмөт чечкиндүү болуп, ушул маселени кырынан коюп, биротоло чечип чыкса инветорлор табылат. Бирок азыркыдай абалда эч бир инвестор келбейт. Же нары, же бери кылып, мисалы 49 пайызын инвесторлорго берип ишканаларды иштетип, чалгындоо жумуштарын жүргүзүп, жаңы жабдууларды алып иштесе эле ийгилик чыкчу нерсе.

Ушул жылдын май айында "Кыргызалтындын" мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров камакка алынган. Ал өкмөт менен макулдашпай туруп "Кумтөр" ишканасынан “Центеррага" 200 миллион долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон”,- деп айыпталып жатат.

“Кыргызалтындын” азыркы жетекчиси Токон Мамытов өнүктүрүү стратегиясын даярдап, өкмөткө жөнөткөнүн билдирди. Чыгашаларды азайтуу максатында бир топ иштер жасалып жатканын, анын алкагында борбордук аппараттан 35 адам кыскарганын маалымдады:

- Ревизия комиссиясынын актысын карасак, былтыр 140 миллион чыгаша менен чыгыптыр. Мисалы, жазында эгин айдасак, аны күзүндө жыйнап алып пайдасын көрөсүң да. Ал эми тоо-кен тармагында болсо азыр акча салсаң, үзүрүн үч-төрт жылдан кийин көрө баштайсың. Мына азыркы таз кейпибиздин себеби, мындан үч-төрт жыл мурун бул маселеге эч ким көңүл бурган эмес. Эгер азыр да тиешелүү көңүл бурулбаса, кийинки муун кыйналат. Учурунда деле көрүнгөн эшикти каккылап, болгон кат парламентке, өкмөткө жөнөтүлгөн экен. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бирөө да ушул маселени көтөрүп, оңдош керек деп сөз кылбаптыр. Биз 2010-жылдан бери өкмөткө 350 миллион сом төлөп бериптирбиз. Андан сырткары өкмөткө 10 миллион сомдой карыз бериптир. Эми карызыбызды өкмөттөн ала албай жүрөбүз. Жок дегенде ошол аласабызды алсак, кичине оокат кылып турат элек.

Былтыркы жылдын отчету боюнча "Макмалдын" жетекчиси иштен алынды, алтын комбинаттагы башкы инженер, бөлүм башчылар сөгүш алды. Ошондой эле "Кыргызалтындын" жетекчи орун басарларына, бөлүм башчыларына да сөгүш берилди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG