Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Кыргыз өкмөтү Таластагы Жерүй алтын кени боюнча экинчи жолу сынак өткөрүп, баштапкы баасын түшүргөнү жатат.

Жазында инвестор чыкпай биринчи аукцион үзгүлтүккө учураган болчу. Президент Алмазбек Атамбаев кендин айланасындагы ызы-чууну атайын күчтөр уюштуруп жатат деп айыптаган. Жерүйгө байланыштуу жергиликтүүлөр эки жаатка бөлүнүшкөн.

Баа кайрадан бычылууда

Кыргыз өкмөтү Жерүйдүн баштапкы баасын 300 миллион доллардан 100 миллион долларга түшүргөнү жатат. Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, сынакты келерки айда өткөрүү каралууда:

- Азыр биз Геология агенттигинин деректирин дайындоо боюнча алектенип жатабыз. Ошол кызматка дайындалган адам сынак жарыялашы керек. Буюрса бул иштерди тездетишибиз зарыл. 100 миллион доллар деген баа бекий элек. Муну комиссия карап бекитиши керек.

Май айындагы биринчи сынак үзгүлтүккө учураган. Анда кендин баасы 300 миллион доллар деп бааланган жана бир гана “Контингент финанс” аттуу британиялык компания документ жөнөткөн. Шарт боюнча кеминде эки инвестор катышууга тийиш болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев кендин айланасындагы талаш-тартыштын артында мурунку президенттин үй-бүлөсү аралашкан атайын күчтөр турат деп билдирген:

- Аукцион болбосун, Жерүй кенин иштетүү создуксун, бийлик алмашсын, бийлик алмашса кен апрель окуяларына чейин ээлегендердин колуна кайра өтсүн деп максат койгон адамдар бар. Биз бул жерде Максим Бакиев, Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн “колу” бар экенин жакшы билебиз. Березовский сыяктуу олигархтардын аты да угулган. Мен, таластыктар деле жакшы билет: бул жерде Казакстанда иштеген, жөнөкөй эмес таластык бизнесмен жигиттердин бар экенин билет. Андан да 100 миллион доллар баштапкы баа үчүн арзан дегендер 7 долларга сатылганда унчукпай отурушкан. Таластыктар мен ким тууралуу, эмне тууралуу айтып жатканымды сопсонун билишет.

“Талас ынтымагы” коомдук уюму Жерүйдү иштетүүгө каршы ар түркүн акцияларды уюштуруп келет. Уюмдун төрагасы Серен Шейшенов алардын артында кайсы бир күчтөр турат деген дооматты четке кагууда:

- Ооба, бизге ар кандай күчтөр, ар кандай партиялар “кызмат кылабыз, колдойбуз”, деп чыкканда биз, бизге колдой турган эч кимдин кереги жок, - деп айтканбыз. Өзүбүздүн ата-бабабыздан калган жерди, аманат калган аска-тоо, жайыт, токойлорду коргоп алууга өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз, каалообуз жетет дегенбиз. Биздин артыбызда бир гана Кудай, карапайым эл бар. Биздин максатыбыз – кен ачылбасын эмес, элүү жылдык мораторий жарыялоо. Келечекте кыргыздын мууну жетилет, өсөт. Экологияга зыян келтирбей тургандай кылып жакшынакай кылып, алтынды толугу менен республикалык бюджетке түшүрүп алат. Бул тоонун арасында катылып жаткан Кыргызстандын банкы.

Өзүбүз иштетсек болбойбу?

Азыр Жерүйдү иштетүү боюнча ача пикирлер көп. Техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов кен боюнча элге түшүндүрүү жагы аксап жатат деген ойдо:

- Бул Кумтөргө караганда жөнөкөйүрөөк кен да. Андай деле экологияга көп таасири тийбейт. Дегеле Жерүй эмес бардык кендер боюнча элдин топтолуп чыга калышына өкмөттү эле күнөөлөйм. Элди чогултуп, чогулган жерине барып, адистерди жетелеп алып барып түшүндүрүшү керек. Түшүндүрүүнүн жоктугунан элдер чала түшүнүп алып көп нерсе ошондон пайда болуп жатат. Өкмөттүн өкүлдөрү “эл менен иштеш инвестордун милдети” деп айтканына мен таң калдым. Андай эмес да. Эл деген биздин эл, өкмөттүн эли да.

Геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов Жерүйдү Кыргызстан өзү каза алат деп ишенет:

- Азыр аукционго коюп деле кереги жок. Мен өзүбүз казалы дегенимдин себеби, Макмалда кендин запасы түгөнүп баратат. Эки жылдан кийин жабылат. Ал жакта 1,5 миң киши иштейт. Ошонун 500ү Таласка кетсе, техника эски болсо да өзүбүз иштетсек. Иш да болот, алтын да өзүбүздө калат эле да Макмалдыкындай. Анан Жерүйдү иштете албай койгон “Кыргызалтынды” жазалаш керек. “Кыргызалтын” 32 жылдан бери Жерүйдү улам-улам инвесторлорго берип, өзүнүн кандайдыр бир дивиденддерин алып, азыр эми кымбатка түшүп калды.

2010-жылы бийлик алмашканга чейин Жерүйдүн 60 пайыз акциясы казакстандык “Визор групп” компаниясына таандык болгон. Жаңы бийлик инвестордук милдетти аткарган жок деген жүйөө менен анын лицензиясын жокко чыгарган болчу. Казакстандык компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар доо койгон. Сот процессинин качан болоору азырынча белгисиз.

Жерүйдө болжол менен азыркы баа менен 300 миллион долларлык, 100 тоннага жакын алтын бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG