Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Радиотүйүнгө алданган студент


Ош базарындагы радиотүйүн
Ош базарындагы радиотүйүн

Ош базарындагы радиотүйүндүн жарыясы аркылуу Орусияга иштегени кеткен жарандар документтерин алдырып, кайтып келе албай жатканын “Азаттыкка” кабарлашты.

20 жаштагы студент Өткүрбек Маамов Ош базарындагы радио түйүндөгү жарыя аркылуу Орусияга барып, алданып калганын айтууда. Анын ырасташынча, жарыяда "иш жеңил, маяна жогору, бардык шарттар түзүлгөн" деп айтылган. Бирок андай болгон эмес. Ал “Почта России” ишканасында кыйналып жүк ташып иштеп жатканын айтууда.

- Бул жакта 12 саат тыныгуусуз иштейт экенсиң. Эч кандай шарт жок. Биздин паспортторду алып калышкан. Кетели десек, силерге чыгымдарды төлөгүлө деп жатат. Жолубузга, жатакана, кийим-кече, каттоо болуп отуруп 13,5 миң рубль төлөгүлө деп жатат. Андай акчабыз жок. Андай болсо 40 күн иштетем деди. Каршы болсок беш жылга депортация кылып башкача сүйлөшөм дейт. Биз эч нерсе кыла албай отурабыз.

Өткүрбектин маалыматы боюнча, жумушчуларга 24 миң рублдан айлык берилмек. Бирок ал документтерин колуна алса эле башка иш издерин кошумчалады.

Аскат Алиев
Аскат Алиев

Анткен менен Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев консулдук кызмат менен “Почта России” ишканасына барып мыйзамга каршы эч нерсе таппаганын айтып жатат. Бирок ал буга чейин да аталган ишканага нааразы жарандар кайрылганын, бир жигит консулдук кызматтын жардамы менен башка ишке которулганын жашырган жок.

- Биздин жарандын арызы боюнча “Почта России” ишканасына консулдук кызмат менен бирге барып келгенбиз. Режимдеги объект болгондуктан ичине кире алган жокпуз. Ичиндеги кыргызстандыктарды сыртка чыгарышты. Биз ал жердеги отузга жакын жаран менен сүйлөштүк. Баары тең "ишканага эч кандай доомат жок, баары ойдогудай, айлыкты убагында алабыз" дешкен. Ошондон кийин кеткенбиз. Ал жерде кулчулук фактысы жок болчу. Негизи ар бир жаран өзү чечиши керек. Каалабаса кетип калса болот.

Өткүрбек Маамов айткан радио түйүндөгү ортомчу жарандарды табууга мүмкүн болгон жок. Ошентсе да сынамакка Ош базардагы радио түйүндөрдүн бирине жарыя берүүнү эп көрдүк.

Өзүбүз күбө болгондой радиотүйүндүн кызматкери бизден лицензия талап кылбай туруп, жалган маалыматыбызды жүз сом акыга жаңыртты. Биз болсо кызыгып чалгандарга жөн гана эксперимент экенин түшүндүрүүгө аргасыз болдук.

Радио түйүндүн мындай жосуну мыйзамга каршы келет. Бул тууралуу Миграция кызматынын жетекчи орунбасары Алмаз Асанбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ош базардагы жалган жарыячыларга каршы күрөш майнапсыз болуп келет.

- Лицензиясы жок болсо чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча жарнама бере албайт. Муну милиция кызматкерлери менен бирге радиотүйүндөрдүн баарына түшүндүргөнбүз. Бир нече жолу тыюу да салдык. Бир аз тынчып калышат да кайра эле акчага кызыгып мыйзамсыз иштерди жасап жатышат. Мындай жарыя берүү мыйзамсыз. Чет өлкөдө ишке орноштуруу жарыясын лицензиясы бар компаниялар гана бериши керек.

Кыргызстанда чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча уруксат кагазы бар 49 ишкана болсо, алардын жетөө Орусияда. Миграция кызматы иш издеген жарандарды ортомчулардан сак болууга, Өткүрбектикиндей окуяга туш болгондорду 189 түз номуруна чалууну суранышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG