Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

"Пара бердим дегенди да кармаш керек"


Депутат Өмүрбек Текебаев 25-апрелге чейин камакка алынды. Оппозициялык депутаттын камалышынын укуктук жактары кандай?

Депутат Текебаевди аэропорттон кармап-камоого юридикалык негиз бар беле? Кылмыш иши аны атайын операциянын негизинде кармап кетүүгө жол береби? Пара бердим деген киши жоопко тартылышы керекпи? Үй камагына чыгарып коюуга болор беле?

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы:

Юридикалык жагынан чет өлкөлүк жаран ушундай көрсөтмө берди деп камап койгонго болбойт. Себеби, далил базасы аябай жарды.

Экинчиден, ошондой болгон күндө деле ал башкесер же жанкечти эмес. Жагабы-жакпайбы Жогорку Кеңештин төрагасы, бир канча чакырылыштарга депутат болгон, азыркы фракция жетекчиси. Үй камагына алып, же Бишкектен сыртка чыкпоо кагазына кол койдуруп деле иликтөө-тергөөнү жүргүзө берсе болмок.

Кээ бир учурда белгилүү аткаминерлер тууралуу шек саноолор болгондо убактылуу кызматтан бошотулуп турду деп бир ай отуруп, кызматтарына кайра келип жатпайбы. Ошондой эле кылып, баарына бирдей мамиле жасаганда нааразылык мындай деңгээлге көтөрүлмөк эмес.

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:13 0:00
Түз линк

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, пара бердим деген киши да кармалышы керек. Мына, өзү келип көрсөтмө берип жаткандан кийин аны дагы жок дегенде Кыргызстандан сыртка чыкпоо жөнүндө кагазга кол койдуруп алып, кармап туруу керек.

Эртең иликтөө-тергөө башталганда улам аны Орусиядан чакырса ал келеби-келбейби? Келсе жол киресин, чыгымын ким көтөрөт? Кетип калып, бир канча убакыт өткөндөн кийин мага ушундай деп айтасың дегенинен айтууга мажбур болдум десе эмне кылабыз? Мына ушундай бүдөмүк маселелер көп.

Менин билишимче, бул чуу 2010-жылы да чыккан. Эмнеге анда будуң-чаң түшкөн жок? Же анда эмне бирге беле алар? Мына ушундай суроолор элдин башын айландырууда.

"Муну Аксы окуясы менен салыштырам"

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Марат Иманкулов, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрага орун басары:

- Текебаев кармалганга чейин эле маалымат каражаттарында ага карата иш козголду деген кабар чыккан. Ошол кылмыш иши аны кармап, суракка алганга негиз. Бирок өзгөчө коркунучтуу кылмышкер, куралдуу террористтерге окшотуп кармап, алып кетиши абийир алып келбейт. Белгилүү саясатчы, фракциянын лидери жана депутатты мындай жол менен кармаштын кажети жок болчу. Шыкмаматовду, Салянованы чакыргандай эле суракка чакырса болмок. Андан кийин күнөөлүү деген далилдери жетиштүү болсо гана, эгер тергөөдө кармоого туура келсе 48 саатка камоого болот эле. Эгерде келбей койсо, же кылмыш ишинин үстүндө кармалса гана аны күч менен кармап кетүүгө укугу бар эле.

Экинчиден, акча алганы тууралуу негиздүү далилдер жок. Ошол киши пара бергенин, аны Текебаев алганын кантип далилдейт? Алынган акчаны көрсөтүшү керек да. Кана ал акча? Алынган акча жок болсо сотто эмне деп жооп берет? “Бирөө бирөөгө беш ай мурун, же беш жыл мурун акча бергем, бербей кетти, камагыла” десе, анда бардык оппоненттерди ошол шылтоо менен камай бериши мүмкүн да.

“Пара алды” деп алты жылдан кийин соттош өтө опурталдуу. Ошону кантип далилдеп берет, көзүм жетпей турат. Бир-экөөнүн көрсөтмөсү менен эле камап жиберүү 1937-жылдагы СССРдин прокурору Вышинскийди эске салат. Ал кыйнап, моюнуна алдырып эле соттой берген. Укуктук мамлекетте андай болбошу керек.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:36 0:00
Түз линк

Мен бул окуяны 2002-жылкы Аксы окуясы менен салыштырдым. Ошондо да Бекназаровду ордуна коебуз, аша чаап кетти деп депутаттыгына карабастан кармап, камап койгон. Аягы Аксы окуясы менен бүттү. Миңдеген адам нааразылыкка чыгып, киши өлүмүнө чейин болбодубу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG