Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

"Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо процедурасына даярдык тууралуу айтып чыкты.

Импичмент тууралуу мыйзамда кандай деп жазылган? Буга чейин өлкө тарыхында мындай болду беле?

"Азаттык" мурдагы юстиция министри Марат Кайыповду кепке тартты.

"Азаттык": Кыргызстандын шартындагы импичмент табияты кандай?

Кайыпов: Деги эле импичмент деген эмне? Бул – иштеп жаткан президентти кандайдыр бир кылмыш жасаганын далилдеп, ошого байланыштырып мөөнөтүнөн мурда кызматынан четтетүү.

“Азаттык”: Ошол нормалар мыйзамда кандайча жазылган?

Саясий оппоненттер ынтымакка келеби?

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев башкы саясий оппоненти, президент Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосундагы саясий чыңалууну басаңдатууга мүмкүн экенин, бирок мунаса табылбай турган маселелер бардыгын билдирди.

Кайыпов: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесинде жазылган. Демилге топ Жогорку Кеңеш депутаттарынын үчтөн биринен кем эмес болушу керек. Алар комиссия түзүүгө милдеттүү. Кылмыш жасаганы чынбы же жокпу, ошол комиссия жыйынтык чыгарышы керек. Ошонун негизинде депутаттардын көпчүлүгү импичмент процедурасын баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы керек.

Көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынгандан кийин үч айдын ичинде депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес добуш менен импичмент жарыяласа болот. Бирок, ушул эле 67-беренеде буга Кыргыз Республикасынын баш прокурору корутунду бериши керек деп да жазылган.

“Азаттык”: Мындай демилге буга чейин Кыргызстандын тарыхында болду беле?

Кайыпов: Оозеки түрүндө Акаевдин тушунда кээ бир депутаттар бул тууралуу айтып жүрүшкөн. Бирок бир да жолу бул процедураны колдонушкан эмес. Демилге топ да түзүлгөн эмес. Жогорку Кеңештин күн тартибине коюлуп, каралган эмес бул маселе.

“Азаттык”: Конституция буга чейин бир нече жолу референдум аркылуу өзгөртүлдү эле. Бул норма башынан эле ушундай келе жатабы же өзгөрүүлөргө дуушар болду беле?

Себеби Баш мыйзамда Башкы прокурор президенттин кылмышы чын же жок деп сөзсүз түрдө айтышы керекпи же жокпу, так жазылган эмес. Ал жерде корутунду жөнүндө сөз болот. А корутунду колдогон же колдобогон болушу мумкүн.

Кайыпов: Бул норма эң башында, биздин легендарлуу парламент 5-декабрда кабыл алган Конституцияда жеңилирээк болчу. Себеби ал жерде көпчүлүк добуш менен күн тартибине коюп туруп, үчтөн эки добуш менен алып салат деген жөнөкөй тартип бар болчу.

Кийин референдумдар менен өзгөрүүлөр киргенде бул норма татаалдаштырылды. Мисалы, сөзсүз Башкы прокурордун корутундусу керек деген сыяктуу талап кирди. Демилге топ киргизип, күн тартибине коюлушу керек, сөзсүз түрдө депутаттык комиссия кылмыш бар экенин аныктаган корутунду чыгарыш керек дегендер кийин пайда болду.

Башкы прокурордун корутундусун кошуп койгондон кийин татаалдашып калды. Бул кызмат ордуна президент дайындайт да. Бирок ошол эле учурда Жогорку Кеңеш үчтөн эки добуш менен башкы прокурорду алып салса да болот кызматтан. Башкача айтканда, ал Жогорку Кеңешке да, президентке да баш ийет.

Эгерде үчтөн эки добуш менен президентти бошотом деп Жогорку Кеңеш жулунуп турса, анда мени деле бошотуп салышы мүмкүн деп ал макул деген корутунду берип коюшу ыктымал. Жок, мени президент дайындаган, мен ага каршы кантип каршы корутунду бермек элем деп, кашкайып кылмыш иши көрүнүп турса да каршы корутунду берип коюшу мүмкүн. Ушул жагынан татаалдашкан.

Президент Атамбаев Жогорку Кеңеште.

Президент Атамбаев Жогорку Кеңеште.

Акаевдин учурунда мындай да бир демилге болгон: үчтөн эки добуш менен оңой эле импичмент берип коюушу мүмкүн, үчтөн төрт кылалы деген.

Бирок, иштейм деген президент депутаттардын үчтөн эки добушун ала ала тургандай болушу керек да. Жок дегенде көпчүлүк депутат аны колдош керек деген сөз.

Бул жерде айтып кете турган нерсе, биз укуктук мамлекет катары импичмент процедурасы тууралуу өзүнчө мыйзам кабыл алышыбыз керек эле. Биздин чабалдыгыбыз – ушуга окшогон мыйзамдардын көбүн кабыл албай келе жатабыз.

Мисалы, азыр “башкы прокурордун корутундусу сөзсүз депутаттардын импичмент боюнча маселесин колдош керекпи же колдобой койсо деле болобу?” деген суроо туулушу ыктымал.

Себеби Баш мыйзамда башкы прокурор президенттин кылмышы чын же жок деп сөзсүз түрдө айтышы керекпи же жокпу, так жазылган эмес. Ал жерде корутунду жөнүндө сөз болот. А корутунду колдогон же колдобогон болушу мумкүн.

Ушул жерден депутаттар же президент тарапка же парламент тарапка ойноп кетиши ыктымал.

Текебаевдин импичмент демилгеси

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG