Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Апта: “Белизгейт” чыры, КСДПдагы ич ара "кармаш"


Президент Алмазбек Атамбаев менен УКМК башчысы Абдил Сегизбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев менен УКМК башчысы Абдил Сегизбаев.

Узап бараткан жумада Кыргызстанда “Белизгейт” жаңжалы чыкты. Кошмо Штаттарда шайланган президент командасын түптөөгө киришти.

Саясий күрөш жараткан "Белизгейт"...

Кыргызстанда президент Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кармашы жүрүп жатат. Ал күрөштө "бардык каражат жакшы" деген ыкма колдонулуп жаткандай. Дүйшөмбү күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаевдин Белиз мамлекетинен алынган делген, анык-чыны аныктала элек документтерди президент Атамбаевге көрсөтүүсү анын бир далили катары каралууда. Ал шектүү документтердеги ысымдар президент Алмазбек Атамбаев жана Абдил Сегизбаев тарабынан калайман-калкка ачык көрсөтүлдү.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

Абдил Сегизбаев узатып, Алмазбек Атамбаев колуна кармап, жанында турган фотограф атайын тарткан сүрөттөгү кагазда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, фракция мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Мегакомдун" акцияларын сатууга көмөктөшсө, андан пайда көрүшөрү жазылган.

Бул документ 2012-жылы түзүлгөнү айтылат. Ал кезде "Мегакомдун" 51% акциясы мамлекетке кайтарыла элек болчу. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин компаниянын 49% акциясы мамлекетке алынган. Калган 51% акцияны бийликтеги таасирлүү адамдар сатуу максатында ары-бери сүрүп, бирок сата алышкан эмес. 2014-жылы Жогорку Соттун чечими менен 51% акция мамлекетке алынган. Ошондуктан кылмыш жасалган эмес. Ал эми кылмыш жасоо ниети болгон-болбогонун, башкача айтканда президентке берилген документтердин жасалма эмес экендиги Башкы прокуратуранын иликтөөсүндө аныкталышы керек.

Документте аты аталган "Ата-Мекен" фракциясынын депутаттары документтер жасалма экенин билдирип чыгышты.

Мына ушул жасалма-чыны белгисиз документтер боюнча 16-ноябрда Жогорку Кеңеште чоң талаш-тартыш жараткан талкуу болду. Ага башкы прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев катышты. Ал документтердеги ысымдардын жумурай-журта жарыяланышына жана ошону менен депутаттарды каралоого жол ачылышына себепкер болгон Абдил Сегизбаев парламентте эч кимдин атын атаган эмеспиз деп билдирди:

Абдил Сегизбаев.

Абдил Сегизбаев.

- Бул жерде, биринчиден, эч кимдин аты расмий түрдө бир дагы пресс-релизде, бир дагы билдирүүдө аталган жок. Эгерде кандайдыр бир жол менен кадрга түшүп кала турган болсо, кечирип койгула, мен ага комментарий бере албайт экенмин.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Садык Шер президент Алмазбек Атамбаев менен Абдил Сегизбаевдин дүйшөмбү күндөгү документтерди алган жана берген учурдун жалпы элге көрсөтүлүшүн "шоу" деп атады:

- Сиз деген азырынча иликтөө жүргүзүп жатасыз да. Эч кимдин күнөөсүн билбей туруп, сиз иликтөөдө жүргөн ысымдарды камераларга бадырайып чыгарып жатканыңызды шоу деп айтып жатам. Ал ишти Улуттук коопсуздук кызматы алып барып жатса, муну шоу дебей кандай атоого болот? Бул эмне Улуттук коопсуздук кызматы алып бара турган ишпи?

Парламенттик талкууда башкы прокурор Индира Жолдубаева Белизден алынган документтер иликтенип жатканын айтып, азырынча эч нерсе дей албасын билдирди.

Үч депутаттын, Максим Бакиевдин жана анын оң колу болгон Алексей Елисеевдин ысымдары аталган бул жаңжалдагы бийлик көңүл буруп жаткан бир жагдай - Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп турган мезгилде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бериши болууда. Салянова андай факт болгонун мойнуна алган. Елисеевге лицензиянын берилиши менен ага юридикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө, анын ичинде демек өзүнүн шектүү жолдор менен табылган, топтолгон мүлктөрүн коргоосуна жол ачылган.

КСДПдагы ич ара "кармаш"

16-ноябрдагы парламенттеги "Белизгейт" чуусу бийликтин КСДП фракциясынын ичинде баары жайында эместигин айгинелегендей да болду. Аталган фракция депутаттары өз ара кайым айтышып, айрымдары бири-бирине ызырынып, сес көрсөтүүгө чейин барды.

Бийликтин оппоненттерин каралоо аракетин КСДПнын “ак каргасына” айланган Жанар Акаев биринчилерден болуп айыптаганы маалым.

Ал эми Алмазбек Атамбаев менен катар Өмүрбек Текебаевди да "саясий окутуучусу" катары атаган парламент спикери Чыныбай Турсунбеков талкууда оппозиция өкүлдөрүн чектебей сөз берди. Анын натыйжасында бийлик, баш прокурор, УКМКнын башчысы коргонуучуга жана актануучуга айланды.

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш.

Талкуунун мындай өңүттө кетишин КСДПнын айрым депутаттары токтотууга аракет жасады. Бирок Чыныбай Турсунбеков КСДПчы депутаттардын андай сунуштарын колдоого ала бербеди. Адегенде КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов талкууну шоу деп атап, аны токтотууга Чыныбай Турсунбековго “жумшак” эскертүү жасады. Бирок төрага Чыныбай Турсунбеков ага кескин жооп берди:

- Мен сөздү каалашынча берген жокмун. Мен регламентттин негизинде, эки жолудан ашык эмес сөз берип атам. Ортого процедуралык маселе боюнча чыкканда, аны сурап туруп берип атам. Процедуралык маселе учурунда аты аталып кеткендер болсо, анда ага сөз беришим керек да. Депутаттар жөнүндө сөз болуп атса, алар өздөрүнүн ар-намысын коргош үчүн чыгып атса, анда сөз беришим керек да! Же эмне сиздин оюңуз боюнча алып барышым керепи? Андай болбойт!

Төраганын мындай кескин жообунан кийин КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров да Чыныбай Турсунбековго айткан сунушу колдоо таппаган соң түз опузалоого өттү:

- Регламенттин талаптарын айтып атса, сиз акыл үйрөттү деп атасыз. Мен сизге жеңилириээк болсун деп атам. Ошондуктан сиз сыйлап коюңуз. Сизди сыйлап койсо, урматтап койсо, көөп кетпеңиз. Микрофонду каалаган учурда жандырып, өчүрө алсаңыз эле өзүңүздү хан сезип калдыңызбы!? Андай болбойт. Анан процедуралык маселе боюнча сөз бербей жатканыңыз өзүмбилемдик болуп эсептелет. Сиз эгерде регламентти үч жолу буза турган болсоңуз Жогорку Кеңештин депутаттары алып баруучуну (төраганы) алып койгонго укугубуз бар.

КСДПнын ичинде келишпестиктер же нааразылыктар бар деген пикирлер бул партиянын “лөктөрү” саналган Асылбек Жээнбеков, Осмонбек Артыкбаев жана башкалардын таптакыр пассивдүү позицияда болуп жатканынан улам да чыгууда. Бирок бул мөөнөтү бүтө баштаган бийлик ичиндеги башаламандыктын башталышыбы, азырынча так айтуу кыйын.

Бийлик партиясынын ичиндеги карама-каршылык Бишкек шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүүдө да чыккан. Партиянын активисттеринин бири Ренат Самудинов КСДПнын шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерин сынга алып, тизмеге кирүүдөн баш тарткан. Жаш активист эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Данияр Аттокуровду коррупция боюнча айыптап чыкты.

Ал депутат Данияр Аттокуров “Фаворит Транс” фирмасын бир тууган инисинин атына каттатып, кызматынан пайдаланып, коррупцияга барып жатат деп билдирүүдө.

Анткен менен Данияр Аттокуровго байланыштуу дооматтарды негизсиз дегендер да болууда. Социал-демократтар партиясынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн катчысы Клара Молдогазиева Данияр Аттокуров 2010-жылдан кийин чириген байга айланды деген сөздөрдү анын саясий каршылаштарынын каралоосу катары баалады.

Режеп Тайып Эрдоган Өзбекстанда

Узап бараткан жумада регионалдык саясатта көзгө басымдуу көрүнүш Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Өзбекстанга келиши болуп калды. Түрк президенти 16-17-ноябрда Пакистанга жасаган сапарынан кийин Самаркандга келип, Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Пакистанда болсо Режеп Тайып Эрдоганды жагымдуу жагдайлар менен тосуп алышты. Анын сапарын утурлай Пакистан бийлиги түрк президентинин №1 душманына айланган динаятчы Фетхуллах Гүлендин мектептерин жабуу чечимин кабыл алды. Кыргыз бийлиги болсо бул багыттагы түрк бийлигинин камтамасын көңүлгө албай койгону белгилүү. Ал гана эмес президент Алмазбек Атамбаев “андай акылдуу болсоңор 15-июлдагы төңкөрүш аракетин болдурбай койбойт белеңер” деген билдирүү жасаганы маалым. Ошондон кийин кыргыз бийлигине карата катуу тарынычын Анкара бир нече жагдайларда ачык көрсөттү. Маселен, Алмазбек Атамбаев "Ататүрк" аба майданында ден-соолугуна байланыштуу калууга аргасыз болгондо көңүл бөлбөй койгону айтылган. Андан сырткары, быйылкы жылы сентябрь айында Чолпон—Ата шаарында өткөрүлө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин алтынчы саммити да Түркиянын келбей турганына байланыштуу токтотулганы маалым.

Режеп Тайып Эрдоган Самаркандда Ислам Каримовдун кабырына зыярат жасап, дуба кылгандан кийин Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен эки жарым сааттан ашык сүйлөшүү өткөргөнү кабарланды. Түркиянын "Анадолу" маалымат агенттигинин кабарлашынча, президент Режеп Тайып Эрдоган жаңы мезгилде эки мамлекеттин мамилесин жакшыртууга үндөдү. Өзбекстандагы президенттик шайлоодон кийин президенттер деңгээлинде сапарлар жасаларын билдирди.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев.

Түркия менен Өзбекстандын мамилеси 1993-жылы президенттик шайлоодон кийин өзбек оппозициялык “Эрк” партиясынын талапкери Мухаммад Салих куугунтукка алынып, Түркияда башкалка тапкандан кийин бузулганы маалым. Расмий Ташкен 2000-жылы эле Өзбекстандагы түрк окуу жайларын жапкан.

Түркиянын Орто Азия мамлекеттери боюнча мурунку министри Ахад Андижанийдин айтымында, эки мамлекеттин мамилесин жакшыртууга Түркия ар дайым даяр болуп келген, маселе Ислам Каримовдо болгон:

- Түркия Ислам Каримовдун заманында да бүтүн Орто Азия мамлекеттери менен мамилени жакшыртуу саясатын жүргүзгөн. Бирок Ислам Каримовдун Түркияга карата мамилеси Түркиянын Өзбекстанга саясатын үзгүлтүккө учуратып келген.

Серепчилердин пикиринде, учурда өзбек-түрк мамилесинин оңолуусунун биринчи себепкери - Ислам Каримов дүйнөдөн кайтса, оппозициялык саясатчы Мухаммад Салих эки өлкөнүн мамилесине таасир эте тургандай саясий салмагынан ажыраган. Ошондуктан Өзбекстандын жаңы бийлиги менен Түркиянын мамилени оңдоосу үчүн эч кандай тоскоолдук калбады деген пикирлер айтылууда.

Трамптын биринчи дайындоолору

Дүйнө көңүлү болсо узап бараткан жумада АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын кандай команда түптөөдө жана ал үгүт өнөктүгү учурунда берген убадаларын кандай аткарат деген суроолордун айланасында болду. Белгилүү болгондой, Дональд Трамп НАТО, Орусия, Сирия, глобалдашуу жана дүйнөлүк соода келишимдери боюнча Барак Обаманын саясатын сындап, аны өзгөртүүнү убада кылган. Барак Обаманын президент катары Европага акыркы сапары да Трамптын келиши менен өзгөрө турган АКШ саясатын түшүндүрүү, аны жымсалдоого багытталганы маалым болду

Трамп болсо келечектеги өз администрациясында чечүүчү кызматтарга дайындоолорду баштады. Маселен, администрация башчылыгына Райнис Прибус дайындалды. Республикачылар партиясынын улуттук комитетин башкарган Прибус Трамп менен Конгресстин байланышын бекемдейт деген пикирлер бар. Башкы кеңешчиликке Стивен Беннон бекитилди. Ал оңчул көз караштагы саясатчы катары белгилүү. Бул Трамптын биринчи дайындоолору болду. Андан кийин узап бараткан жума соңунда ЦРУ башчылыгына сенатор Майк Помпео, Башкы прокурорлукка дагы бир сенатор Жеф Сешнс көрсөтүлдү. Ал эми генерал Майкл Флинн улуттук коопсуздук боюнча Дональд Трамптын кеңешчиси болмокчу. Бул дайындоолор АКШнын шайланган президенти шайлоо өнөктүгү учурунда берген убадаларын аткаруудан тайбасынан кабар берет.

Дональд Трамп сунуштаган талапкерлер.

Дональд Трамп сунуштаган талапкерлер.

АКШ жана дүйнөлүк маалымат каражаттарындагы аныктамалар боюнча, маселен башкы прокрурорлук-юстиция министрлигине дайындалган Сешнстин антимиграциялык көз карашы, ал эми башкы кеңешчи Стив Беннон АКШда ак адамдардын кызыкчылыгын жактоочу катары белгилүү. Генерал Флинн Орусия менен тил табышууну сунуштап келген.

Дональд Трамп 20-январда иннагурациядан кийин президенттик кызматка киришмекчи.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG