Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Борбор Азияда сөз эркиндиги жагынан үлгү катары айтылып жүргөн Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө.

Акыркы бир жарым жыл арасында парламенттик жана президенттик шайлоолор маалында Кыргызстанда маалымат каражаттарынын саны кескин көбөйгөн. Бул саясий өнөктүктөргө байланышкан көрүнүшпү, же коомдогу маалыматтардын көп түрдүүлүгүн камсыз кылган системанын калыптанышынын мисалыбы?


Гезиттин көбүнөн баш адашат

2011-жылдын сентябрь айына карата юстиция министрлигинен каттоодон өткөн гезит-журналдардын саны жүз жыйырмадан ашкан. Ал эми телеберүү жана радио уктуруу компанияларынын саны кыркка чукулдап барыптыр. Аталган маалымат каражаттарынын көпчүлүгү мурда каттоодон өтүп, бирок иштебей келген болсо саясий өнөктүктөрдүн алдында алардын көпчүлүгү кайрадан жандана баштаган. Мында айрыкча күркөлөргө сатууга коюлган басылмалардын кескин көбөйгөндүгү байкалат.


Бишкектеги бир гезит күркөсүнүн сатуучусу Зоя Байбугуеванын айтымында, айрыкча кийинки мезгилде саясатты чагылдырган гезиттердин саны өскөн:

- Ар бир гезиттин өзгөчөлүгүнө карабастан ар биринин өзүнүн окурманы болот. Жаңы гезиттерди көпчүлүк окурмандар тааный бербеши мүмкүн. Кээде алардын аттарын чаташтырышат. Мурун болсо гезиттер аз эле. Ошого байланыштуу эл гезиттердин аттары турмак, алардын чыга турган күнүнө чейин билишчү. Азыркы кезде көпчүлүк гезиттер саясатты көп жазып жатат. Ошондуктанбы кээ бир көп күркөгө келе бербеген окурмандар кийинки кездери менден “саясатты мыкты жазган гезиттерден бериңизчи” дешет.

Ошол эле кезде Кыргызстандын медиа чөйрөсү жаңы маалымат агенттиктери жана интернет сайттары менен да толукталды. Алардын көпчүлүгү негизинен күндөлүк жаңылыктарды чагылдырууга ыңгайлашып, маалымат мейкиндигинде күчтүү атаандаштык орун алгандыгы айтыла баштады. Бирок окурмандардын айрымдары гезиттер чуулган издеп көбүртүп-жабыртылган маалыматтарды жарыялап жатышкандыгын мисалга тартышты. Окурман журтчулугу көпчүлүк гезит беттеринен кайсы бир саясий күчтөргө жан тартып, кимдир-бирөөлөрдү негизсиз каралаган, же көкөлөтүп мактаган макалаларды көп кезиктиришкен.

Ошол эле кезде окурман Нурия Абдыкеримова гезиттердин көп түрдүүлүгү маалыматты салыштырып окууга жардам берет деген ойдо:

- Азыр эми көпчүлүк басылмалар чын-төгүнү белгисиз эле бир макалаларды жазып жатышпайбы. Мен ошондуктан мына ошол эле маалыматты башка бир гезиттер дагы жазаар бекен деп күтөм. Жаза турган болсо ошол окуяны кандайча баяндагандыгын салыштырып окуйм. Менимче, гезиттердин көп болгону деле жакшы го. Анткени ар бир окурман салыштырып көрүп, анан өз алдынча жыйынтык чыгарып алат. Эгерде бирин-серин гезит эле бир окуяны жаза турган болсо ал макала буюртма болуп калышы ыктымал да.


Аз болсо да, саз болсун

Ошол эле кезде талдоочулар арасында маалымат каражаттарынын көбөйүшүн убактылуу көрүнүш катары карагандар да аз эмес. Анткени саясий күчтөр шайлоо алдындагы бийлик үчүн күрөштө электоратка таасир этүү үчүн маалымат каражаттарын ачууга кызыкдар болушкандыгын белгилешет. Ошондуктан коомдогу сөз эркиндигин, же ойлордун көп түрдүүлүгүн максат кылбаган ал саясатчылар өздөрүнө пайдасыз шарттагы каржылоону токтотуп коюшу мүмкүн.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мэри Бекешова ага буга чейинки бир катар жагдайлар күбө болооруна токтолду:

- Биз жаңыдан ачылаган телерадио компаниялар, агенттиктер же гезиттер кайрадан жабылып калышы мүмкүн деп ачык бекемдеп айта албайбыз. Бирок өткөн шайлоолордун тажрыйбалары көрсөткөндөй, мурда саясий өнөктүктөр аяктаары менен эле жер жайнаган гезиттер кайра жабылып калчу. Өнөкөт болуп калган бир көрүнүш – шайлоолор башталат экен дегенде эле мурда иштебей турган гезиттер, же интернет сайттар жайнап кетет да, бүткөндөн кийин бардыгы токтоп калчу. Бул жолу кандай болоорун көрөбүз го...

Анткен менен Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын көбөйүшү орчундуу маалыматтарга болгон коомчулуктун кайдыгерлигин жарата баштады дегендер да бар. Айрым адистер маалымат агымынын көптүгү анын кайсынысына ишенип, кайсынысына көбүрөөк көңүл бурууга тоскоол болот деген бүтүмгө келишкен. Мунун себептерин тележурналист Назира Аалы кызы мындайча түшүндүрдү:



- Теледе жакшы бир берүү көрсөтүлсө бүтүндөй өлкө “дүң” дей түшүп, гезиттерде бир өзгөчө макала жарык көрсө шыпшынып кеп кылышып, коомчулукта бир кыйлага чейин сөз болчу. Айрым бир журналисттик материалдар 90-жылдардын ортосунда деле саясий “аба ырайга” таасир эткен учурлар болгон. Азыр болсо кээ бир гезит беттериндеги абдан таамай жана курч жазылган макалаларды окуп калабыз. Бирок ага карата коомчулук көңүл буруп, резонанс болгон учурлар аз. Демек коом маалымат агымынын көптүгүнөн, же ага карата ишенбестиктен улам орчундуу маалыматтарды деле көңүл сыртынан кетирип жиберген учурлар болуп жатат.

Ага карабастан Кыргызстан Борбор Азияда сөз эркиндиги жана маалыматтын көп түрдүүлүгү орун алган өлкө катары бааланып жүрөт. Бул өз кезегинде өлкөдөгү коомдук пикирдин күчтөнүүсүнө алып келет дегендер да жок эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG