Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

23-декабрда Бишкек пресс-клубунда саясий жаңжалдарды чагылдыруу маселелери боюнча талкуу өтөт. Бул иш-чараны утурлай “Азаттык” медиа эксперт, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевди кепке тартты.

“Азаттык”: Кыргыз журналисттеринин саясий чатактарды, жаңжалдарды чагылдырууда тажрыйбасы жетиштүү болуп жатабы?

М. Токоев: Тажрыйба дегенде кандай, бизде бир гезиттин редакциясынын ээсинин камчысын чабууда көп эле тажрыйба топтоп калдык. Азыркы саясий көп партиялык майданда журналисттер бири-бири менен жүйөлүү сүйлөшкөнгө азырынча үйрөнө элек го деп ойлойм.

“Азаттык”: Быйылкы жыл саясий окуяларга бай болду окшойт. Анда журналисттер калыс чагылдыруу озуйпасын кандай аткарды деп баа бересиз?

М. Токоев: Бул жерде журналисттер көп нерсеге көз каранды. Сөз эркиндиги деп айтканыбыз, бийликте отурган адамдарды сындаганыбыз менен көп учурда гезиттерде, башка жалпыга маалымдоо каражаттарында иштегендер ошол эле гезиттин ээсине, башкы редакторго көз каранды.

Марат Токоев
Бул жерде дагы көп нерселер бар. Эмгек укугунун корголбошу дагы бир себеп. Анткени журналист гезиттин ээси айтканды жазбай, чындыкты жазам десе жумуштан куулуп кетүү коркунучу бар. Экинчиден, жумуштун аздыгынан ишке илингенде өзүн-өзү чектөө деген бар. Мына ушул нерселер көп учурда журналисттерди туура эмес жазганга түртөт. Билим сабаты жагынан да аксап калган учурлар болуп атат. Стандарттарды сактабай, журналисттер өздөрүнүн жеке пикирин, же башкы редактордун пикирин жазган учурлар, жүйөлүү сүйлөбөй, фактылар менен тактап сүйлөбөгөн учурлар кездешет.

Бул жерде өзгөчө орус тилдүү журналисттер менен салыштыра келгенде аксап калганыбыз байкалып калды. Орус тилдүү журналистикада бир нерсени фактыларга таянып жазса, кыргыз тилдүүлөр эмоцияга алдырып койгон учурлары көп болуп жатат.

“Азаттык”: Сиздердин бирикме, дагы башка медиа уюмдар, журналисттерди этикалык принциптерди сактоого, калыс болуугу үйрөтүп, окутуп келишет. Андан эмнеге натыйжа чыкпай жатат?

М. Токоев: Этикалык кодекстин нормаларынын аткарылбай жатканын биринчи, башкы себеби, “бул гезитти окусам болот экен, бул болсо ушак экен”, деп аны өзүбүзгө эле айтып токтоп калып жатканыбызда. Эгерде биз журналисттерге, гезит редакторлоруна эмне үчүн факты менен сүйлөбөйсүң деп талап койсок, сот аркылуу эмес, өз ара кат аркылуу тартипке чакырсак кичине көбүрөк натыйжа болот эле.

Кыргызстанда иштеп аткан медиа уюмдар негизинен журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарын коргоп келет. Ошол эле учурда окурмандардын, көрөрмандардын, угармандардын укуктарын коргогон бейөкмөт уюм жок болчу. Азыр түзүлүп атат. Ал Коомдук палата деп аталат, азыр анын курамы такталып атат. Балким мындай уюм түзүлсө, анын атынан комиссияларга кайрылып, кээ бир гезиттерди тартипке чакырат эле да. Бирок дагы бир жолу тактап коеюн, бул сөзсүз түрдө эле сотко берүү деген эмес. Бул коомдук пикир жаратуу аркылуу болуш керек.

“Азаттык”: Бүгүн Бишкекте өтө турган талкуу “Саясий жаңжалдарды чагылдырган журналисттер кандай сабактарды алышы керек” деп аталат экен. Сиздин оюңузча, кандай сабактарды алышы керек? Бир тараптуу чагылдыруунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

М. Токоев: Биринчиден, биз сөз өтө чоң күч экенин, туура эмес айтылган сөздүн айынан кандай жаңжалдар чыгып кетиши мүмкүн экенин дагы бир жолу көрдүк. Сөзгө өтө чебердик менен мамиле кылып, жоопкерчилик болуп, анан этикалык нормаларды сактоо да чоң мааниге ээ.

Экинчиден, буга чейин айтып кеткендей, мурда бийлик жана оппозиция гана болсо, азыр саясий майданда көп көз караш, пикирлер бар. Ошолордун арасында жүйөлүү сүйлөп, эртең жалдырап келбегендей кылып иштегенге аракет кылышы керек.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG