Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Кургак учукка каршы дары-дармектерге байланыштуу чыр чыкты. Этикага жана эрежеге сыйбаган шартта ФС-1 деген препаратты оорулууларга клиникалык сыноо жүрүп жатканы дайын болду.

Ошондой эле Глобалдык фонддун эсебинен колдонуу мөөнөтү өткөн дарыларды алуудан өлкө 300 миң доллар жоготкону тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин байкоочу кеңеши президентке жана өкмөт башчысына кайрылуу жолдоп, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берди.

Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Абдулаат Кадыров дооматты четке кагып, мунун бардыгын негизсиз чуу катары баалады.

Клиникалык сыноонун күмөндүү жагдайлары

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин кайрылуусунда өлкөдө ФС-1 деген аталыштагы белгисиз дары кургак учук менен ооруган адамдарга карата клиникалык сыноодон өткөрүлүп жатканы айтылган. Анда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун же башка бир топ таанымал эл аралык бирикмелердин сунуштамасы жок эле дарыны сыноого уруксат берүү күмөндүү экени көрсөтүлгөн.

Дарыны сыноого Саламаттыкты сактоо министрлигинин Биоэтика жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин фармакологиялык комитеттери уруксат беришкен. Ал эми клиникалык сыноо кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук борбордо жүргүзүлө баштаган.

Байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев бул жагдай туурасында төмөндөгүчө билдирди:

- Дарыны оорулууларга карата мыйзамсыз шартта эксперимент катары жасап жатат. Биз бул иштин моралдык-этикалык жагына туура келбеген жагдайларын дагы карадык. Анан мыйзамдык эрежелер боюнча алар негиздеп, ага таянып жаткан учурлар бурмаланган экен. Ошол уруксат берүүчү документтин формасы эрежеге туура келбейт. Анан ага ыйгарым укуктуу тиешелүү департамент жетекчиси эмес, фармакологиялык комитеттин төрагасы Зурдинов кол коюптур. Муну эми укук коргоо органдары текшерип чыгышы керек.

Фармакологиялык комитеттин төрагасы Зурдиновдон кандай шартта ал клиникалык сыноого уруксат берген документке кол койгону тууралуу комментарий алууга мүмкүн болбоду. Экинчи бир уруксат берүүчү документке кол койгон Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы биоэтика комитетинин төрайымы Улангүл Тилекеева бул жагдай боюнча мындай дейт:

- Бул эми боло жүрчү эле нерсе. Ал жерде тиешелүү эл аралык документтер бар. Бул клиникалык сыноонун үчүнчү фазасы. Буга чейин Казакстандын өзүндө клиникалык сыноонун биринчи фазасы ыктыярдуу түрдө дени сак адамдарга карата жүргүзүлгөн. Бардык жерде эле ушундай сыноолор өтөт. Орусияда буга окшогон канчалаган клиникалык сыноолор болуп турат. Негизи фармакологиялык комитет документтерин карап чыккан соң клиникалык сыноого расмий түрдө уруксатты дары-дармектер менен камсыздоо департаменти берет. Уруксат берүүчү документке алардын кимиси кол коюшу керек экенин билбейт экенмин.

Кадыров: ызы-чуу кылганга негиз жок

ФС-1 препараты Казакстандын “Инфекцияга каршы препараттар илимий борборунда” иштелип чыккан. “Дары-дармектер жөнүндө” мыйзамга ылайык, дарыны клиникалык сыноодон өткөрүү боюнча департамент жетекчисинин тиешелүү мекемеге жөнөткөн документи жок болуп чыккан.

Ал эми сыноо өткөрүлчү оорулуулар менен келишимде бейтптын саламаттыгына зыян келген учурда төлөнчү кенемтенин өлчөмү аныкталбаганы көрсөтүлгөн. Бирок Кургак учукка каршы күрөшүү улуттук борборунун башчысы Абдулаат Кадыров мындай дооматтарды четке какты:

- Ал жерде оорулууларды эч ким мажбурлаган жок. Алардын макулдугу менен клиникалык сыноолор жүргүзүлүүдө. Эгерде ошол дарыны кабыл алуудан улам бейтаптын кандайдыр бир оорусу кабылдап кетсе, ага карата чара көрүү жагы каралган. Бул эми кадимки эле клиникалык изилдөө. Биз илим изилдөө институту болгондуктан мына ошондой клиникалык сыноолорду өткөрүүгө милдеттүүбүз. Анан эми бул препаратты көчөдөн алып келип алып, сыноодон өткөрүп жаткан жерибиз жок. Ал компаниянын ошондой дарыларды жасап чыгарууга патенти бар. Учурда ал азыр Казакстандын өзүндө, бизде жана Орусияда клиникалык сыноодон өтүп жатат. Мында эч кандай кылмыш жок.

Мөөнөтү өткөн дарылар 300 миң долларга алынган

Саламаттыкты сактоо министрлигинин байкоочу кеңеши келген дарыларды каттоодо жана колдонууда чиеленишкен схемалар бар экенин белгилеген. Ага бир мисал катары Глобалдык фонддун эсебинен келген кургак учукка каршы циклосерин дарысынын мөөнөтү эбак өтүп кеткени аныкталган. Анын натыйжасында гранттык каражаттын 300 миң доллары текке кеткен. Ал кайра кайтарылган эмес. Мында эл аралык уюмдар менен келишип алган коррупциялык аракеттер болушу мүмкүн деген да күмөн саноолор бар. Айбар Султангазиев тууралуу мындай айтты:

- Кургак учукка каршы дарылардын туура эмес жолдор менен сатып алынганы жана алардын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткени кийин чыгып калып, ошонун айынан зыян келгени жөн эмес. Мына ошону олчойгон акчага алынды деп, анан аны кайра чыгыш кылып жиберүүнүн өзүн толук иликтеп чыгуу зарыл. Бул жерде келишип алып туруп, иш барышкан деп күмөн саноого толук негиз бар.

Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук борбордун жетекчиси Кадыров мөөнөтү өткөн дарынын айынан зыян болгонун ырастап, бирок ага кыргыз тараптын күнөөсү жок экенин белгиледи:

- Бул жерде Глобалдык фонддун акчасын ПРООН алган. Мына ошол бизге гранттык акчанын эсебинен дарыларды сатып берет. Бирок мына ошолор учурунда биз менен макулдашпай туруп, ошол дарылардын колдонуу мөөнөтүн эске албастан сатып алып келишкен экен. Бул өкмөттүк эмес, гранттык акча болгондуктан компенсация болбойт. Ага эми биз күнөөлүү эмеспиз да. Бул жерде гранттык акчаны алып, бизге дары сатып бере турган ПРООН күнөөлүү.

Саламаттыкты сактоо министрлиги байкоочу кеңештин билдирүүсүндөгү фактылар кылдат кызматтык иликтөөгө алынарын убада кылды. Бул аралыкта Башкы прокуратура дары-дармек менен камсыздоо департаментине карата башка бир фактылар боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялады. Анда департаменттин жооптуу кызматкерлери өлкөгө кирген дары-дармектерге бажы төлөмдөрү алынбай турган гуманитардык жардамга келген препараттар катары документ даярдап берген фактылар аныкталган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG