Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:37

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов 74 жашында дүйнө салды. Ал кыргыз коомчулугуна таланттуу прозаик жана өлкөгө демократиялык системаны алып келген саясый ишмерлердин бири катары таанымал.

Биз барган учурда Казат Акматовдун үйүн туугандары, замандаштары, санаалаштары курчап турган экен. Жакындары маркум 14-сентябрда кадимкидей басып-туруп жүрүп эле таңкы саат жетилерде үзүлүп кеткенин айтты.

Аза күтүп тургандардын ичинен коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев маркумдун демократиялык коом курууга кошкон салымы тууралуу кеп салып отурду:

- Казат Акматов өткөн кылымда жана бул кылымда Кыргызстандын саясатына, адабиятына өзүнүн эбегейсиз салымын кошуп кетти. Ал саясый чөйрөгө 80-жылдардын аягында, 90-жылдардын башында келип адилеттик, акыйкаттык, демократия үчүн күрөшүп, эң алдыда жүргөн инсан эле. Ошол мезгилде Компартияга түздөн түз оппозицияга чыгып, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болсун деп тогуз талап койгон КДКнын беш жетекчисинин бири болгон. Мен бул кишинин өжөрлүгүнө, күжүрмөндүгүнө таң берип келгем. Бир ай мурда эле жолуксам өтө арыктап калган экен. Ошондо ооруп жүргөнүн айткан.

Тургуналиев Казат Акматов ооруп турганына карабай кийинки жылы белгилене турган 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 100 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө боюнча өз сунуштарын айтып, аракет кылып жүргөнүн кошумчалады.

Философия илиминин кандидаты, саясый илимдин доктору Жумагул Сааданбеков Казат Акматов “Мунабия” аттуу чакан повести жана “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Архат” сыяктуу романдары менен улуттук адабият айдыңында салмактуу жазуучу экенин ырастап, ошол эле мезгилде келечекти көрө билген саясый ишмер болгонун да кошумчалады:

- Казат Акматов “Архат” деген романы менен кыргыз адабиятына жаңы жаңылык, жаңы багыт алып келди десек болот. Айтматов баштаган фантастикалык реализмди Акматов ийгиликтүү улантып, өзүнүн өзгөчөлүгүн кошту. Саясый салмагы да өтө чоң эле. Айрыкча Кыргызстандын демократиялык системага өтүшүнө Казат чоң эмгек жумшады. Биз үзөнгүлөш жолдош болуп чогуу жүрдүк. Легендарлуу парламентте 114 деген группа элек. Ошондо 320 депутаттын 114ү Коммунисттик партияга оппозицияда турганбыз. Ошол кезде Казат өзү парламентте отуруп, көчө демократиясын башкарган.

Сааданбеков Казат Акматов ошол эле учурда легендарлуу парламентте эне тилдин мамлекеттик тил статусуна ээ болуп жана мамлекеттүүлүктүн белгилери болуп саналган тууну, ураан ырды, гербди кабыл алууда да жигердүү иштегенин баса белгиледи.

Коомдук ишмер Турсунбек Акун Казат Акматов 90-жылдарда демократиялык коом курууну көксөгөн жаштар үчүн дем берип турганын мындайча эскерди:

- Өзүнүн кабинетин берип, бардыгыбызды демократиялык идеяларга, адам укугун коргоого үндөп, ар бирибизди кабыл алып, аталык сөзүн айтып, кыйын учурларда Компартиянын коркутууларына чыдап турду. Ошол кездеги бийлик Казат абаны биздин көзүбүзчө коркутканына карабай кабинетин бизге берген. Эгер ошондо Казат Акматов бизге туура багыт көрсөтүп турбаганда азыр биздин абалыбыз кандай болорун элестете албайм.

Турсунбек Акун быйыл Кыргызстан демократиялык кыймылынын 25 жылдык мааракесинде Казат Акматовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү демилгеси көтөрүлгөнүн, бирок ал сунушка Ак үйдөн жооп болбогонун кошумчалады.

Драматург Кайрат Иманалиев болсо жазуучунун чыгармачылыгына токтолуп, Казат Акматов козгогон темасы, аны ачып берүү жана ой жүгүртүү ыкмасы жагынан жогорку деңгээлдеги интеллектуал жазуучу болгонун кеп салды. "Архат" романы башка тилдерге которулганын айтты.

- Биздин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдон журналист “улут адабиятында өзүңүздөн кийинки катарга кимди коёр элеңиз, кайсы жазуучуну баалайсыз?” деп сураган экен. Буга Айтматов “Мен коркпой эле айта алам, кыргыз адабиятында проза жанрында менден кийин Казат Акматов бийиктик болуп тура алат", - деп жооп бергени бар. Бул киши прозанын бардык жанрында күчтүү кара сөз чебери экенин көрсөткөн. Мисалы, “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Архат” аттуу романдарында күчтүү романист экенин далилдесе, “Мунабия” аттуу аңгемеси элдин жүрөгүнөн түнөк таап, убагында бул кишинин “Эки сап өмүр” деген аңгемелер жыйнагы Бүткүл союздук Островский атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.

Казак Акматовдун "Мунабия" аттуу чыгармасы англис тилинде жарык көргөн. Андан башка да бир нече чыгармаcы ар кайсы тилдерге которулган. Эки жыл мурун англис тилинде жарык көргөн китебине "Шахидка" деп аталган жаңы чыгармасы да киргизилген.

Маркум Казат Акматов менен коштошуу зыйнаты 16-сентябрда Кыргыз академиялык театрында өтөт. Сөөгү өзүнүн керээзи боюнча мындан эки жыл мурун 19 жашында жол кырсыгынан каза болгон кызы Мунабиянын жанына, Байтиктеги мүрзөгө коюлат. Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган.

Казат Акматов: КДКны кантип түптөдүк? Бул видео маек 2014-жылы 11-июнда жазуучунун өз үйүндө жазылган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG