Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Кыргызстандагы демократиячыл күрөштүн карлыгачы - КДКга чейрек кылым


Балтика өлкөлөрүндөгү демократиялык жүрүмдү колдогон КДКнын жыйыны. "Ала-Тоо" аянты, Бишкек. 1991.

Балтика өлкөлөрүндөгү демократиялык жүрүмдү колдогон КДКнын жыйыны. "Ала-Тоо" аянты, Бишкек. 1991.

Быйыл “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы (КДК) бирикмесинин чейрек кылымдык мааракеси Кыргызстанда салтанаттуу белгиленип жатат. Кыргызстан мурдагы совет жумурияттарынын ичинен атуулдук коому тездеп телчиккен өзгөчө өлкөлөрдөн. Анын демократиялык жүрүмдөрүнүн ийгилигине КДК да чоң салым кошкон.

Учкай маалымат

Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы - КДКнын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын алдыдагы шейшембиде (26.5.2015) Кыргыз улуттук драма театрынын имаратында өтө турган болду. (Анын уюштуруу жыйыны да 1990-жылы 25-26-майда ушул театрдын имаратында өткөрүлгөн).

Академик А.Эркебаев - КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Академик А.Эркебаев - КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири.

КДКнын 25 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык жыйын болсо бугу (май) айынын 20сында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында өткөрүлдү. Жыйын академиянын президенти А.Эркебаевдин куттук сөзү менен ачылып, Э.Сарыбаев даярдаган даректүү тасма көрсөтүлдү. Илимпоздор К.Исаев, А.Ормушев, А.Асанканов, Ж.Өмүрова, С.Дүйшөмбиев, Б.Орунбеков, мурдагы КДКчылар К.Матказиев, Ж.Усупов, С.Мурзакулов, ж.б. чыгып сүйлөштү.

Айтылбай жүргөн сөз эле...

Эгерде айрым пост-советтик мамлекеттерде азыркы тапта да КДК сыяктуу мурдагы антикоммунисттик демократиячыл уюмдардын мүчөлөрү куугунтукталып, айрымдары набыт болуп, кээ бирөөлөрү бозгунда баш калкалап келсе, бүгүнкү күнү КДКнын мурдагы мүчөлөрү Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыктарга ээ болуп, кезегинде парламент спикери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, депутат, акыйкатчы, министр, облус акими, эл жазуучусу, илим доктору, профессор, ишкер сыяктуу кызматтарды же даража-наамдарды алып, Кыргызстанда жүзү жарык жүрүшөт.

КДКнын 25 жылдыгынын Кыргызстанда расмий белгиленип жатышынын өзү – 1990-жылдан бери үч элдик ыңкылапты, кылым башынан бери эки элдик ыңкылапты баштан кечирген жана парламенттик демократияга карай багыт алган Кыргызстандын турмушу үчүн символдук көрүнүш. КДКнын тарыхына байланыштуу урунттуу учурлар эгемен Кыргызстандын тарыхынын окуу китептерине, энциклопедияларына ачыктан-ачык киргизилген. Кыргыз коомчулугу КДК үчүн да сыймыктанат. КДКчылар да азыркы кыргыз коому үчүн сыймыктанышат

Тоталитардык коомдун сазында

Кыргызстан Советтер Союзунун курамында турган убагында саясий, улуттук жактан чектелген эгемендикке гана ээ болчу. Кыргыз ССРинин ар бир аракетин коммунисттик расмий Кремль көзөмөлдөп, анын буйругун кыргыз жетекчилери кыңк этпей аткарып келишкен. Анын үстүнө Кыргызстандын жетекчилери Советтер Биримдигиндеги жалгыз үстөмдүк кылган партия болгон Компартиянын (ССКПнын) башчылары тарабынан дайындалчу. Кремлге жакпай калган жергиликтүү жетекчини каалаган убакта иштен алып, анын ордуна каяша кылбаган, дайыма “макулмун” деп баш ийип турган аткаминерлер жетекчиликке дайындалчу. “Кыңк” этпеген аткаминерлер отуз-кырк жыл бою деле спикер сыяктуу кызматтарда отура беришчү.

Советтик Украина менен Беларус 1945-жылдан тартып эле БУУга мүчө жана аны негиздөөчү жумурияттар болгону эсте. Ал эми Кыргызстан чет мамлекеттер менен өз алдынча дипломатиялык байланыштар түзө алчу эмес. Ал түгүл 1989-жылы Австралиядан 80ден ашкан теги кыргыз карыя - Айтувар ажы конокко келип, өз киндик каны тамган Ысык-Көлгө барууга ниеттенгенде, Кыргыз ССРинин тышкы иштер министрлиги ага уруксат ала албай койгону эсте.

Жумурият үчүн маанилүү курулуштарды кураардан мурда Москванын атайын уруксатын жана каржысын алуу керек болгон. Кыскасы, Кыргызстан өз алдынча маанилүү маселелерди чече албаган көз каранды өлкө болуп келген. Ал эми СССРдин башмыйзамына келсек, Кыргызстан, албетте, СССРден чыгуу укугуна ээ тарап болчу. Ушул кашкайган конституциялык укукту илимий эмгегинде белгилегени үчүн эле юрист Кубаныч Нурбеков (1928-1985) куугунтукка учураган мезгил да тарыхта катталып калды.

Советтер Биримдигиндеги 1985-жылдын апрелинен учугу уланган маалымдуулук, кайра куруу саясаты бара-бара биримдиктик жумурияттардын калктарын жандандырып, аларга чыныгы эркиндик тууралуу ачык айтып чыгууга мүмкүндүк берди. Алгач СССРден бөлүнүү маселесин Балтика боюндагы советтик үч жумурият (Латвия, Литва, Эстония) көтөрүп чыкты. Балтикалык жумурияттарда антикоммунисттик бейрасмий уюмдар кайра куруулар доорунда арбын негизделди. Алар өз жумурияттарындагы жана СССРдеги коммунисттик режимге каршы ачык аракеттене башташкан. Латвия Элдик майданы (Latvijas Tautas fronte, LTF), Эстония Элдик майданы (Eestimaa Rahvarinne), Литвадагы “Саюдис” – “Кыймыл” (Lietuvos Sąjūdis) блогу жана башка уюмдар демократиячыл саясий талаптарды байма-бай көтөрө башташты.

Буга чейин анчейин айтыла бербеген жагдайга токтололук: Балтика боюнун жумурияттары Борбордук Европага жакын болуп, алар СССРдин чыгыш аймактарына караганда өз карандысыз маалымат алуу жагынан кыйла кеңири мүмкүнчүлүккө ээ болчу. Бул жумурияттар 1940-жылы гана СССР тарабынан басып алынган. Латын арибине негизделген улуттук жазмалары сакталып калган. Алардын калкы эки муундук убакыт мурдагы эгемендик доорунун даамын унута элек болчу. Анын үстүнө, 1956-жылкы Венгриядагы, 1968-жылкы Чехословакиядагы реформачыл аракеттердин жазаланышы, жана 1980-жылдары Польшадагы “Тилектештик” өз алдынча кесиптик кошуунунун (Niezależny Samorządny Związek Zawodowy «Solidarność») демократиячыл күрөшү Балтика боюндагы өлкөлөргө СССРдин чыгыш бөлүгүнө караганда өзгөчө олуттуу таасир тийгизген.

1939-жылы 23-августта сталинчи тышкы иштер комиссары В.М.Молотов менен гитлерчи тышкы иштер министри И. фон Риббентроптун кол койгон тымызын келишими 1989-жылы ачыкталып калып, Балтика боюндагы жумурияттар өз эгемендиги үчүн тарыхый-укуктук жактан да зор түрткү алышкан.

Орусиянын өзүндө да жаңылануу үчүн күрөш жүрө баштаган. Алдыңкы көз караштагы айрым коммунисттер, окумуштуулар, СССРдин эл депутаттары өлкөдө жаңыдан түзүлө баштаган кыймылдарды тымызын да, ачык да колдоп чыгышкан. Академик Андрей Сахаров сыяктуу диссиденттер саясатка кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алышып, тоталитардык коомду мурдагыдан да кубаттуу сындап киришкен.

Кыргызстандагы ойгонуу

Кыргызстанда жаңыча ой жүгүртүүгө, өз тарыхый баалуулуктарын таанууга чакырган атуулдардын арасында чыгаан жазуучулар жана акындар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Казат Акматов, Кеңеш Жусупов, Жалил Садыков, Төлөгөн Касымбеков, Эсенгул Ибраев, Шайлообек Дүйшеев, режиссёрлор Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев, Мелис Убукееев, тарыхчылар Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев, Имел Молдобаев, далай өнөрпоздор (Сагынбек Момбеков) ж.б. болгон.

Кыргызстанда эркиндик үчүн күрөш эң оболу өз жерине ээ болуу, өз үйүн эркин куруу идеялары, социалдык теңдикке жетүү ураандары менен башталган. Анткени 1920-жылдардан тартып кыргыз жаштарынын шаарга көчүп келип отурукташуусу күчөгөн. Бирок, Фрунзе (Бишкек), Ош шаарларында туруктуу байырлап калган кыргыз жаштарынын турак-жай маселесине эгемендик дооруна чейин жетиштүү көңүл бурулган эмес. Менчик үй куруу үчүн жер сурап кайрылган кыргыз жаштарынын арыздарына бийликтегилер кайдыгер карашкан.

Ошол эле учурда жумурияттын сырт жактарынан, өзгөчө Орусиядан, көчүп келишкен башка улуттардын өкүлдөрү тез эле батирлерге жайгаштырылып, ашыкча үй-жайларын шаарда ондогон жылдар бою үйсүз жашаган кыргыз жаштарына ижарага берип келишкен.

Өз жумуриятында ар кимдин короосунда ижарада жашап келишкен жаштардын чыдамы түгөнүп, 1989-жылдын апрель-июнь айларында Бишкек шаарынын айланасындагы айдоо жерлерди уруксатсыз ээлей башташкан. Коммунисттик бийликтегилер жаштардын мындай аракетин айыптап, аларды тартипке чакырууга далаалат кылышкан.

Бийликтегилердин кысымы күчөгөн 1990-ж. июнь айында кыргыз жаштары өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн «Ашар» коомдук-саясий кыймылын жана башка ага таламдаш уюмдарды негиздешкен. Алардын уюмдарынын жобосун (устав) жана программасын даярдоого илимпоз жаштар өз салымын кошкон.

Жаңы кырдаал илимпоздор дүйнөсүнүн да жандануусун туудурду. 1989-ж. 3-июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (КЖТЖ) аттуу жаңы чыгармачыл уюм түзүлүп, анын уюштуруу жыйыны алгачкы жолу кыргыз тилинде (орусча синхрондуу которуу менен) өткөн. Жыйын орду – Кыргызстан жазуучулар биримдигинин чоң жыйын залы болгон. Коммунисттик жетекчилик бул уюштуруу жыйынын болтурбоого аракет кылганда, жыйын максаты тууралуу кабарды гезитке (“Ленинчил жашка”) алдын-ала жарыялай салып, анын уюштуруу жыйынына сый конок катары жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековду, аны менен кошо алгачкы жолу Ала-Тоого конокко келген кытайлык даңазалуу манасчы Жусуп Мамайды чакырып, баталарын алганбыз. Москвада иштеп жаткан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кыйыр колдоосуна таянганбыз. Ошентип, КЖТЖ күрөш менен түзүлгөн болчу.

1989-жылдын ичинде Кыргызстан илимдер академиясынын жаш илимпоздору (философ, экономист, филолог, юрист, тарыхчы ж.б.) жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери ар кыл саясий уюмдардын уставдарын жана программаларын даярдоого белсенип катышкан.

1989-жылдын декабрынан тартып «Ашарга» каршы коммунисттик бийликтин куугунтуктоосу күчөгөндө (маселен, анын жетекчилеринин бири Жыпар Жекше куугунтуктала баштаган), анын мүчөлөрү жана бир катар студент, жумушчу, окутуучу жаштар Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 1990-ж. январдын акыркы ондугунда эки жолу жана 5-февралда үчүнчү жолу уруксаты жок алгачкы антикоммунисттик нааразылык жыйындарын (митинг) уюштурушкан. (Жумагазы Усупов 1989-жылдын декабрында да “ашарчылар” чордонунда болгон нааразылык жыйыны өткөнүн белгилейт).

1990-жылы 4-февралда, бул акыркы митингди утурлай, бизди КТРге чакырышып, жаштарды митингге чыкпоого үндөгөн берүүгө катышуубузду өтүнүштү (ал кезде Кыргыз мамлекеттик университетинин Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасынын башчысынын милдетин аткарып жаткан элем). Мен “1990-жылдын январындагы митингдер ойготкуч мүнөзгө ээ болду” деп айтканым жана бул оюм эч кыркылбай обого чыгарылганына айран-таң калганым эсимде.

Көрсө, биздин берүү сыналгы үчүн алдын-ала тартылып жаткан чакта, Кыргызстан КП БКнын идеология бөлүмүндө иштеген Жумагул Сааданбеков пульт жакта отуруп көзөмөлдөп турган экен жана ушул сөздөрүмдү “кыскартпай койо бергиле” деген экен. Бир чети, бул окуя сыналгыдагы коммунисттик цензуранын күчүн көрсөтөт, экинчи чети, кыргыз коммунисттеринин ичинен реформаторлор катмары “сөз эркиндигине аз-маз болсо да мүмкүнчүлүк бериш керек” деп санашканын тастыктайт.

Кошумча маалымдай кетсем, 1990-жылдын 5-февралындагы Ала-Тоо аянтындагы нааразылык жыйыны маалында коммунисттик бийликтер менен саясий талкуу, дебат жүргүзүү үчүн атайын уюштуруу тобу түзүлгөн; мен бул топтун төрагасынын орун басары болуп шайланган элем. Ар кандай бут тосууларга карабастан, биздин топ ошол жылдын февраль жана март айларында Кыргызстандагы коммунисттик жетекчиликти интеллектуалдык эрөөлгө чакыра алды. Алгачкы ири жолугушуу Бишкектин Ленин райондук партиялык комитетинин жыйын залында өткөн. Кыргызстан КП БКнын Биринчи катчысы Абсамат Масалиев өзү бул интеллектуалдык эрөөлгө катышкан. Ал жыйын төрагалыгын тартып алаарда, залдагылар чуулдап, уюштуруу тобу гана жыйынга жетекчилик кылып калган.

Кыргызстандын ар аймактарында реформачы жаштар улам татаал саясий талаптарды козгой баштады. Алардын ичинен тирикарактары Кыргызстандын совет доорундагы акыркы, 12-чакырылыштагы Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланууга жетишти (маселен, физика мугалими Өмүрбек Текебаевди айтсак болот).

«Ашар» кыймылынын өкүлдөрү жана жаш кыргыз айдыңдары болсо Балтика боюндагы демократиялык күчтөр менен да көрүнбөгөн жип аркылуу (Маскөөгө же Петербургга баргандагы балтиялыктар менен жолугушуулары, ж.б. маалында) байланыш түзүп, алардан алган тажрыйбаны Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда колдоно башташкан.

Бишкектеги жана жалпы эле жумурияттагы прогрессивдүү маанайдагы интеллигенция өкүлдөрү жаштардын бул кыймылын, эгемендикке чакырган демилгелерин жандуу колдоп кетти.

1990-ж. февраль-апрель айларында кыргыз айдыңдары жана жаштары Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери А. Масалиев менен борбор шаарда бир нече ирет ачык дискуссияга чыгып, өздөрүнүн саясат, экономикалык реформа жаатында, маданий маселелерди чечүүдө, экологиялык жагдайды жакшыртууда ж.б. багытта курч талаптарын ачык ортого коюшкан. Натыйжада Кыргызстанда да коммунисттик режимге каршы күрөшкөн саясий күчтөр телчиге баштаган.

Акыры кыргыз жаштары үй куруу үчүн жер тилкесине гана эмес, мамлекеттик эгемендикке ээ болуу үчүн да күрөш жүргүзүүгө белсене баштады.

1990-ж. жазында Кыргызстандын аймактарында жашыруун саясий уюмдарды түзүү аракеттери жасалды. Алардын бири — Кадыраалы Матказиев жетектеген «Асаба» кыймылынын өкүлдөрү 1990-ж. 1-май майрамы маалында Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтындагы коммунисттик демонстрацияга удаа атаандаш колонна менен чыгып, кызыл желектин ордуна көк түстөгү транспаранттарды жана демократиячыл маанайдагы ураандарды көтөрүштү. Алар «Жашасын демократия!» деген ураанды улам кайталап кыйкырышты. (1990-жылдын март-апрель айларындагы жашыруун отурумдарда негизделген бул кыймылга “Асаба” атынын берилишине жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк асаба” тарыхый романынын таасири да тийген).

Эсимде, Бишкектин ортосундагы “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн тушуна келгенде, бул оппозициячыл колоннаны милиция кызматкерлери кыйла убакытка тороп калды. Арабызда жумушчу, инженер жаштар, окумуштуу адистер көп болчу. Кадыраалы Матказиев (жетекчибиз), Бакыт Өмүралиев, Чапырашты Базарбаев, экономист Бекболот Талгарбеков, журналист Мелис Эшимканов, окутуучулар Топчубек Тургуналиев, Камиля Кененбаева, ж.б. бар эле.

Тынч гана аянттан өтүүгө беленденген оппозициячыл демонстранттардын сабынын алдында тизиле калган милиция кызматкерлерин жетектеген башчысы – милиция офицери А.Суталинов болчу. Тирешүү жана кагылышуу боло жаздады. “Провокацияга жол бердирбейли” деп бири-бирибизге айтып жаттык. Бирок, биринчи жолу антикоммунисттик демонстрацияны ачык уюштуруп жатканыбыз ырас эле. Камакка алынышыбыз деле мүмкүн болчу.

Милициядагылар жогору жактагы кимдир-бирөөлөр менен атайын байланыш жабдуусу аркылуу талкуу кылган соң, акыры оппозициячыл колоннага “Ала-Тоо” аянтына карай сапарын тынч улантууга мүмкүндүк беришти. Ошондо милиция тобу Ички иштер министринин орун басары Феликс Куловго чалгандыгы, Ф.Кулов нааразылык жыйынды кысымга албастан, бул коомдук иш-чарага бут тоспоого ал кездеги жетекчиликти чакыргандыгы, акыры оппозициялык колоннага Ала-Тоо аянтынан өтүүгө жол берели деп чечишкендиги кийинчерээк маалым болгон.

Оппозициячыл күчтөрдүн атаандаш парад уюштурушун бурмалаган фото сүрөт Бишкекте орус тилиндеги гезитте бурмаланып, транспаранттагы демократияга чакырган сөз алмаштырылып (ретушталып) жарыяланганы эсте. Так жана калыс кабар ошол кезде кыргызча чыга баштаган “Фрунзе шамы” гезитинде жарыяланган (анын тайманбас редактору – Мелис Айдаркулов болчу).

КДКнын негизделиши

Бул окуялардан соң башка да демократиячыл уюмдарды бириктире алган чоңураак саясий блок түзүү аракеттери тездетилди. Анткени кээ бир уюмдар өз аталышынан биротоло баш тарткысы келбеди жана “Асаба” кыймылына таптакыр жуурулушуп кетүүнү каалашпады. Айрым төбөсү көрүнгөн кишилер жап-жаш К.Матказиевдин, ж.б. жаштардын жетеги астында эмес, башкача уюмга, кеңири Элдик Майданга кирүүнү каалашкан.

Азыркы тапта “КДКны түзүүнү эңсегенбиз, аны уюштурууда салым кошкон элем”, - дегендердин саны уюмду уюштуруу жыйынына келгендердин санынан алда канча көп. Мунун сыры – уюштуруу жыйынына коомчулуктан өкүлдөр гана келгендигинде. Кээ бир мекемелерде, маселен, Кыргызстандын илимдер академиясында жана Кыргыз мамлекеттик университетинде, демократиялык уюмду негиздөө боюнча баштапкы жыйналыштарга катышкан кишилер КДКнын уюштуруу жыйынына делегат болуп келгендерден алда канча көп болгон.

“Ашарчылардын” арасында да ушундай көрүнүш бар болчу. Москва, Ленинграддагы жаштардын ичинде да КДКны түзүүнү эңсегендер арбын эле. Бирок алардын өкүлдөрү гана КДКнын уюштуруу жыйынына катышып, аларга уюштуруу комитети атайын мандат берген. Мандаты жок кишилерди уюштуруу жыйынына киргизбөө тууралуу атайын тапшырма да айтылган (КДК минтип өзүн коргобосо, КГБ сыяктуу мекемелер, ССКП сыяктуу уюмдар же башка күчтөр чагымчыларды жибериши ыктымалдан алыс эмес эле).

Кыргызстанда Эстониядагы Элдик майдан сыяктуу ар кыл антикоммунисттик партиялар менен уюмдарды баш коштура алган ири бирикмени түзүү зарылдыгы бышып жетилгенин бардыгы аңдап турушту. Кээ бир аттуу-баштуу кишилер, бир чети, биротоло саясатка ооп кетүүнү да каалашпады, экинчи чети, кайдыгер карап турууга да алардын ар-намысы жол бербеди. Мындай шартта, алардын айрымдары, чөнтөктө ССКПнын мүчөлүк белетин сактап туруп, башка саясий партияга эмес, демократиячыл кыймылга кошулууга ниеттенип жатышты. Бул да алардын жекече эрдиги болчу.

“Биз баягы КДКны түзүп жүргөндө...” деп сөз кылган айрым кишилерди бүшүркөп тааный албай калчу КДКнын Уюштуруу жыйынынын делегаттарына айтаарыбыз – чынында да КДКнын курамы анын Уюштуруу жыйынына катышкандардын санынан бир нече ондогон эсе көп болгондугун эстей жүрүшүбүз керек.

Бир учурда бири-биринен көз каранды эмес болгон бир нече даярдоо очогу калыптанган бул кыймылдын кийинки лидерлери да өз эскерүүлөрүндө өзүнүн жанында жүргөндөрдү гана, өздөрү көргөн инсандар жөнүндө гана баяндашат. Алар, маселен, Оштогу Төлөн Дыйканбаевдин жанында жүргөндөр ким эле, бул жөнүндө кабарсыз да...

Негизги беш теңтөраганы айтпаганда да, Абдыганы Эркебаев, Жумагазы Усупов (Чоң Аюу), Сабыр Муканбетов, Турсунбек Акун, Чапырашты Базарбаев, Бакыт Өмүралиев, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Табылды Эгембердиев, Сатыбалды Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Камиля Кененбаева, Ракыйла Жусупова, Турсунбай Бакир уулу, Эмил Каптагаев, Субакун Бегалиев, Зайнидин Курманов, Кубанычбек Жумалиев, Райкан Төлөгөнов, Алмаз Акматалиев, Мелис Эшимканов, Мелис Арыпбек, Бүбайша Арстанбекова, Мелис Байсымак, Таалай Ылайтегин, Райкан Абдувалиева, Шамшыбек Мамыров, Шералы Назаркулов, Ишенбек Жолбунов, Орозбек Бектуров, Зуура Үмөталиева, Наталья Аблова, Жумабек Мүсүралиев, Калыбек Арабаев, Эркин Шерниязов, Жанаалы Шабдрай-Зергер, Дыйканбек Садыков, Акылбек Сейитов, Сапар Мурзакулов, Замир Оморов, Таалай Ылайтегин, Виктор Черноморец, Александр Тузов, Төлөгөн Усубалиев, ж.б. жүздөгөн жигердүү атуулдардын артында (биз алардын ысымдарын толук жазып үлгүрө албадык) далай КДКчылар жана анын иш-чарасын мурда же кийин колдоп берген миңдеген тилектештер турган.

Жашы улуураак көптөгөн атуулдардын жанында 1989-91-жж. жүздөгөн улан-кыздар болгонун, маселен, Арслан Койчиев, Алмаз Кулматов, Жаңылсынзат Турганбаева, Динара Иманова, Айнагүл Жоошбекова, Ыманберди Досбаев, Союзбек Салиев, Нинакан Орозбаева, ж.б. канчалаган студенттер КДКнын маанилүү коомдук иш-чараларына жигердүү аралашып жүргөнүнө сыймыктанышканын эскерип жүрүшөт... Коомдук агым улам жаңы атуулду КДКга жана анын коомдук иш-чараларына тартып жатты.

Саясий партия – узак мөөнөттө жашай турган уюм. Кыймыл (майдан, блок, коалиция, ж.б.) – кыйла кыска убакыт ичинде жашай турган жана курамына көбүрөөк социалдык катмардын өкүлдөрүн камтый алган, максат-милдеттери да партияныкынан алда канча кеңири коомдук бирикме. Кыймыл партияга караганда алда канча тезирээк ыдырай тургандыгы да анык.

Бир нече майдараак коомдук-саясий жана коомдук уюмдар 1990-ж. 25—26-майда Бишкекте «Кыргызстан демократиялык кыймылы» (КДК) аттуу ири саясий майданды түзүштү. Оболу, даярдык көрүү иштеринин жүрүшүндө, бул уюмдун аталышын “Кыргызстан Демократиялык Кыймылы” же “Кыргызстан Демократиялык Майданы” деп эле атайлы деп чечкенбиз. Бирок уюштуруу жыйыны маалында “Кыргызстан” сөзүн тырмакчага алалык” деген сунуш залдан чыгып, өтүп кетти. Жыйынды алып баргандардын бири – депутат жана жазуучу Казат Акматов агай улам тактап, анан добушка салганы, акыры бул сунуш күтүлбөгөн жерден өткөнү эсимде турат.

Болочокку уюмдун программасы менен уставынын (жобосунун) долбоорун түзүү тапшырылган алгачкы кишилер сөздү көп сүйлөп, ишти аткарбай келе беришкенинен улам, акыры бул долбоорлордун ичинен кыймылдын программасынын долбоорун даярдоону В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун доценти Камиля Кененбаевага, жобонун долбоорун даярдоону ушул саптардын ээсине тапшырышты. (Ага чейин мен “Кыргызстан жаш тарыхчылар ассоциациясы (жамааты)” деген уюмдун уставын, “ашарчылардын” уставдарынын долбоорлорунун бирин даярдаган элем. Албетте, колумда балтиялык жумурияттардын антикоммунисттик уюмдарынын айрым орусчага которулган документтери да бар болчу. Комсомол кезибизде ССКП (КПСС) менен БЛКЖСтын (ВЛКСМ) уставдарын милдеттүү түрдө үйрөнчүбүз. Демек, жобонун калыбы кандайча болоорун жакшы билчүбүз).

КДК деп аталып калган кыймылга ага чейин эле жумуриятта негизделген ар кандай 24 коомдук уюм, андан тышкары эч бир уюмда жок атуулдар бириккен. Анын программасында Кыргызстандын эгемендүүлүгүн чыңдоо, демократиячыл көп партиялуу саясий түзүлүштү орнотуу, коммунисттик менчик системасынын ордуна менчиктин көп түрдүүлүгүн киргизүү, жеке менчикке башмыйзам аркылуу жол берүү сыяктуу максаттар коюлган.

Кыргыз эл жазуучусу К.Акматов. 17.2.10.

Кыргыз эл жазуучусу К.Акматов. 17.2.10.

1990-жылдын 25-26-майындагы КДКнын уюштуруу жыйынында уюмдун беш тең төрагасы (Казат Акматов, Төлөн Дыйканбаев, Жыпар Жекшеев, Кадыр Матказиев, Топчубек Тургуналиев), уюмдун Кеңеши, Башкармалыгы шайланды.

Эң башкысы, аталган кыймылга Кыргызстанда жашаган ар кыл улуттун жана диндин өкүлдөрү тартылып, кыймыл көп этностун демократиячыл маанайдагы катмарларынын колдоосуна ээ болгон. КДКнын идеяларын Наталья Аблова, караколдук Владимир Ата (“Отец” Владимир), Виктор Запольский, “Мемориал” тобунун Кыргызстандагы көп этностуу мүчөлөрү, ж.б. атуулдар колдошкон.Ага карабай, жаңы түзүлгөн бул кыймылды айрым коммунист жетекчилер экстремисттик топ катары чочулоо менен кабыл алышты.

КДКнын ургаалдуу ишмердигинин доору. 1990-1991

1990-ж. июндун башында Ташкенде «Орусия империясынын Орто Азияга баскынчылыгы (агрессиясы)» аттуу темада илимий конференция уюштурулуп, ага Борбордук Азиядагы жумуриятгардын тарыхчы илимпоздору менен бирдикте кыргызстандык тарыхчылар да катышты.

Биз Ташкенде жүргөндө каргашалуу Ош окуясы чыгып кетти. Ташкенде бизге абдан жакшы мамиле кылышып, кыргыз-өзбек тирешүүсүнүн артында КГБ турат деген жоромолдорду алгачкы жолу ошол жактан уккан элем.

КДК лидерлери калайыкка кайрылууда. 1990.

КДК лидерлери калайыкка кайрылууда. 1990.

КДКчылар Ош окуясы маалында калайыкты тынчтыкка, сабырдуулукка чакырып жатышты. Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекше, Кадыр Матказиев, Төлөн Дыйканбаев мырзалар ошол коогалаңдуу күндөрдө калайыкты сабырдуулукка чакырган жетекчи катары чоң рол ойношту.

Кылымдар бою калыптанган кыргыз-өзбек тарыхый боордоштугу 200дөн ашуун кишинин өмүрүн алган бул сыноого туруштук берди. Көп өтпөй Ош аймагында жалпы атуулдук ынтымак калыбына келди. КГБнын Кыргызстандагы демократиялык кыймылды муунтуу үчүн Ош окуясын пайдалануу аракеттери да майнапсыз аяктады. Жикчиликке да сокку урулду.

Коомдо жаңыча, демократиячыл көз карашты таркатууда КДКга мүчө болгон далай журналисттер менен публицисттер өзгөчө салым кошушту. 1991-жылы негизделген КДКнын басма сөз органы – “Майдан” гезитин чыгаан атуул, сынчы, акын, котормочу Аман Токтогулов жетектеди. Андан соң Бакыт Орунбеков редактордук ишти аркалады.

Т.Эгембердиев (солдо) жана макаланын автору. КДК. 1991.

Т.Эгембердиев (солдо) жана макаланын автору. КДК. 1991.

Табылды Эгембердиев сыяктуу КДКчылардын ойготкуч, курч макалалары “Асаба”, “Res Publica”, “Бишкек шамы”, “Эркин Тоо”, “Кыргыз Туусу”, «Кыргызстан маданияты», ж.б. гезиттерде басылып турду. «Ала-Тоо» журналы элдик мурастарды, тоталитардык доордо жарыяланууга тыюу салынган тарыхчылардын, заманачы акындардын эмгектерин, жалпы эле окурмандарга жетпей келген чыгармаларды жайылтууда маанилүү рол ойноду. Ага да КДКчылар макалалар жарыялашты. Кыргызстанда эркин басма сөздүн түптөлө баштаганына КДКнын да тийешелүү салымы тийди.

“Азаттык” үналгысынын жергиликтүү кабарчылыгына да КДКчылар өтүштү. 1992-жылдан тартып “Азаттыктын” берүүлөрү Кыргызстанда орто жана ультра кыска толкунда эркин уктурула баштаганда КДКнын бийликке өткөн мурдагы өкүлдөрүнүн салымы чоң болгонун баса белгилесек болот.

Калыстык үчүн айта кетүү керек: 1990-ж. жай мезгилинде Кыргызстандагы коммунисттердин өздөрү да консерватордук жана реформачыл канат болуп экиге жиктеле башташты. Ж. Сааданбеков, А. Акаев сыяктуу коммунисттер реформачыл багытты тутушкан (кийинчерээк айгинеленгендей, мурдагы коммунист реформаторлордун көпчүлүгү авторитардык башкаруу ыкмасын жактаган бойдон калышкан экен).

1990-жылдын 21-октябрында кечинде “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын мүчөлөрү жумурияттын эгемендигин чыңдоо, бийлик системасына президент кызматын киргизүү, ага татыктуу кишини атаандаш шайлоонун негизинде калыс шайлоо, көп партиялуулук системасын киргизүү, ССКПнын жеке басар бийлигин жоюу сыяктуу талаптар менен саясий ачкачылык жарыялоону чечишкен. Алардын мындай аракетин Жогорку Кенештин реформачыл 114 депутаты колдоого алган.

Натыйжада саясий ачкачылыкка чыккандар 22-октябрда башталган Жогорку Кенештин 11-сессиясы учурунда коммунисттердин лидери А. Масалиевдин Жогорку Кенештин төрагалыгынан баш тартуусун, президентгик башкаруу системасынын негизделишин, көп партиялуулукка жол берилишин, Коммунисттик партиянын расмий башкаруучу партия катары макамынын жоюлушун, Ош окуясына саясий баа берилишин ж.б. талаптарды коюшкан. Мындай саясий өнөктүк түрү калайыкты да, парламенттик ички күрөштү да жандантты. Ага карабай, бийлик акыркы аракетин жасап, компартиянын лидери А. Масалиевди президент кылып шайлоого жандалбастады. Бирок, шайлоо учурунда көпчүлүк депутаттар анын талапкерлигин колдошкон эмес.

Туңгуч президент А.Акаев (алдыда) жана А.Масалиев. 1990.

Туңгуч президент А.Акаев (алдыда) жана А.Масалиев. 1990.

Жыйынтыгында, 27-октябрда кечкурун, демократиячыл маанайдагы депутаттар акыркы айлампадагы атаандаштык шайлоо аркылуу академик Аскар Акаевди Кыргызстандын туңгуч президенттигине шайлаган. Кечинде А.Акаев КДКчылар менен жоолукканда, ага КДКчылар ак калпак кийгизишкен. (Топчуке кийгизген бул ак калпакты пикетке катышып жаткан бир эжеке Ш.Мамыровдон сурап берген болчу).

Бийликке демократиячыл күчтөрдүн өкүлү болгон А.Акаевдин келиши менен 1990-91-жылдары Кыргызстанда саясий кырдаал жакшырган. Өлкө демократиялык өнүгүү жолуна багыт алган. 1990-ж. ноябрда Кыргызстан расмий аталышынан «советтик» жана «социалисттик» деген сөздөрдү жоюп, Кыргызстан Республикасы деп жарыяланды. 1990-ж. 15-декабрда Жогорку Кеңеш «Эгемендик жөнүндө» Декларацияны кабыл алды. Кыргызстан Советтер Биримдигинин курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланды.

1991-ж. январда жумурияттын акимдик-аймактык башкаруу системасы алты облус (Чуй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын) жана баш калаа болуп кайрадан түзүлдү. КДКнын тең төрагасы Казат Акматов президенттин кеңешчилеринин бири болуп дайындалды. Өлкөдө көп партиялуулукка жол ачылды. Кыргызстандын эркиндиги үчүн күрөшүп келген саясий уюмдарга каршы куугунтук токтотулду.

1991-ж. 5-февралда борбор шаардын тарыхый аты калыбына келтирилип, «Фрунзе» — “Бишкек” болуп өзгөрдү. Бул кадамды даярдоодо КДКнын жана Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын салымы да болду.

Ошентип, Кыргызстан Борбордук Азия республикаларынын арасынан демократиялык өнүгүү жолун тута баштаган алгачкы жумурият катары дүйнө коомчулугуна тааныла алды.

КДКнын курултайындагы төрдө. 09.2.1991.

КДКнын курултайындагы төрдө. 09.2.1991.

1991-ж. 9-10-февралда “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын туңгуч курултайы эч тоскоолсуз өткөрүлүп, 1990-жылы 25-26-майда КДКнын Уюштуруу конференциясында шайланган мурдагы беш тең төраганын ордуна үчөө (К. Акматов, Ж. Жекшеев, Т. Тургуналиев) кайрадан шайланышты.

(Айрым замандаштар КДКнын 1990-жылдын майындагы Уюштуруу жыйыны менен 1991-жылдын февралындагы Биринчи курултайын чаташтырып жүрүшөт).

2-мартта Бишкектеги борбордук аянтта (ал кийинчерээк «Ала-Тоо аянты» атыкты) КДКнын өкүлдөрү митинг өткөрүшүп, СССРди мурдагы калыбында сактап калууга каршы нааразылыгын билдиришти.

1991-ж. апрелде Кыргызстан Компартиясынын БКсынын Биринчи катчылыгына А. Масалиевдин ордуна жашыраак Ж. Аманбаев шайланды. Жетекчилер алмашканы менен кыргызстандык коммунисттер дагы эле борборчул (эгемендикке каршы) партиялык расмий саясатын уланта беришти. Алар 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылдын 75 жылдык мааракесин өткөрүүгө да каршы турушту.

КДКнын, «Ашар» козголушунун демилгеси менен улуттук-боштондук кыймылдын 75 жылдыгын, андагы кыргынга кабылгандардын элесин эскерүү жүрүшүн баштоого арналган алгачкы салтанаттуу жыйын 1991-ж. 3-июнда Сокулуктагы Асылбаш айылында өткөрүлдү.

Ак-Шыйрактагы Улуу Үркүн курмандыктарынын эстелиги. 02.8.2014.

Ак-Шыйрактагы Улуу Үркүн курмандыктарынын эстелиги. 02.8.2014.

“Өмүр көчү” деп аталган бул жүрүш 1916-жылкы көтөрүлүш кандуу жазаланган соң, Түндүк Кыргызстандын ар кыл аймактарынан Кытайды көздөй жан сактоо үчүн журт которгон бабалардын изи менен Асылбаш – Бишкек – Кемин – Боом – Балыкчы – совет-кытай чек аралары багытында уюштурулмай болду.

КДКнын “Өмүр көчү” жүрүшүнүн катышуучулары 4-июнда Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында да митинг өткөрүштү. Ага Кыргызстандын президенти А.Акаев, Жогорку Кеңештин төрагасы М.Шеримкулов да катышышты. Жүрүш Балыкчы шаарынан ары Беделге, Караколго (Ысык-Көл) жана Нарын- Торук-Арт чек ара бекетине (Нарын) карай эки салаа болуп уюштурулуп, 16-июлга чейин созулду. Бул жүрүшкө Виктор Черноморец сыяктуу айрым алатоолук орус демократтары да тилектештик иретинде катышты.

1991-жылдын биринчи жарымында президент А. Акаев коммунисттик жетекчилик менен түздөн-түз тирешүүгө барган жок. Ал тугул Президенттик Кенеш деген кенеш берүүчү органга КДКдан Казат Акматов кирсе, Компартиядан Жумгалбек Аманбаев киргизилген.

1991-ж. 19-23-августтагы Москвадагы эскичил коммунисттердин СССРдин Президенти М.Горбачевдун реформачыл саясатына каршы козголоң далаалаты маалында кыргызстандык коммунисттердин жетекчилиги да кутумчуларды колдоп чыкты. Бирок, Кыргызстандын президент баш болгон жаңы жетекчилиги, КДК сыяктуу демократиячыл уюмдар жана күчтөр «Атайын абал боюнча мамлекеттик комитет» (ГКЧП) деген антиконституциялык түзүлүшкө каршы ачык чыкты. Парламенттин спикери М. Шеримкулов бул антиконституциялык түзүлүшкө каршы расмий билдирүүсүн А.Акаевден эртерээк жарыялады. Ал эми Президент А.Акаев 21-июнда Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, Кыргызстандын эгемендикке жана демократиялык багытка умтулган өлкө экендигин тастыктап, коммунисттик төңкөрүшчүлөргө каршы туруу үчүн эл аралык жардам сурады.

КДКчы Сатыбалды Жээнбеков жетектеген КТР ошол күндөрү СССРдеги саясий кырдаал жөнүндө калыс маалымат таратып, Б.Ельциндин ГКЧПга каршы кайрылуусун да уктуруп турду.

Коммунисттик төңкөрүш далаалаты майнапсыз аяктаган соң көп узабай, 1991-жылдын 30-августунда, тээ 1937-жылы сталиндик репрессия маалында жазыксыз набыт болгондордун сөөгү жаңы түзүлүп жаткан “Ата бейит” көрүстөнүнө арууланып кайра коюлду. Бул иш-чарага КДКнын жетекчилиги жандуу катышты.

1991-ж. 31-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө» декларацияны кабыл алып, Кыргызстан өзүн расмий түрдө көз карандысыз мамлекет катары жарыялады.

Кылымдар бою ата-бабалар көксөп келген бул күн КДКчылар үчүн да чоң майрам болду.

1991-ж. сентябрда тоталитардык идеологияны жана антиконституциялык коммунисттик төңкөрүштү жактаган мурдагы расмий саясий уюм — Кыргызстан коммунисттик партиясы парламенттик чечим менен өз ишмердүүлүгүн токтотту, анын менчиги толугу менен мамлекеттин карамагына алынды (буга чейин коммунисттердин жетекчилиги Ак Үйдүн чыгыш канатын ээлеп, президент жана өкмөт менен бир эле имаратты чогуу пайдаланып келген). КДКнын айрым мүчөлөрү коммунисттик партиянын мүчөлүгүнөн буга чейин эле чыгып кетишкен.

КДКнын негизги максатынын орундалышы жана жиктелиши

1990-жылдардын башы Кыргызстан үчүн көп партиялуу саясий системага карай багытталган алгачкы чыйырды түптөө мезгили болду. 1991-жылдын акырында «Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы расмий каттоодон өттү.

Кийинчерээк эгемен Кыргызстанда пайда болгон саясий партиялардын көпчүлүгү КДКнын ичинен калыптанышып, андан бөлүнүп чыккан. КДКдан биринчи болуп 1991-ж. февралда "Эркин Кыргызстан" демократиялык партиясы, 1991-ж. ноябрда "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясы, “Ата Мекен” партиясы, ошондой эле Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылы ж.б. уюмдар бөлүнүп чыккан.

Мурдагы КДКнын мүчөлөрүнүн эч бир саясий партияларга кире элек бир бөлүгү 1993-жылы КДК партиясын негиздеген. (Азыр да бул партия жашап келет).

1992-ж. — Элдик-Республикачыл партия, Кыргызстан коммунисттери партиясы, Агрардык партия, 1993-жылы сентябрда Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы, 1994-ж. Биримдик партиясы, ж.б. коомдук-саясий уюмдар жана партиялар түзүлдү. Аларга далай КДКчылар кирди. Козу карындай жайнаган партиялардын саны азыркы тапта 150дөн ашат (алардын арасында чындап иш жүргүзгөндөрүнүн саны он эсе аз).

Ошентип, 1993-жылдын жаз айларына карата КДК коомдук-саясий блок катары өз максатына жетип, таптакыр ыдырап кетти. Төрт жылга жакын өмүр сүрсө да, КДК өлкөбүздүн тарыхында опол тоодой ролду аткарып берди.

Соңку сөз

Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы - КДКнын 25 жылдык мааракеси 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптын жеңишинен соң парламенттик демократияга ырааттуу багыт алган Кыргызстанда ээн-эркин, салтанаттуу жана кеңири белгиленүүдө.

Азыр да Кыргызстандагы демократиячыл жүрүм жигердүү улантылбай жатат деп сындагандар бар (аларга "көч жүрө-жүрө түзөлүп жаткандыгын" айтаар элек). Азыр да Кыргызстан коммунисттик тоталитардык түзүлүшкө кайтса экен, бир гана партия бийлик тизгинин алса экен, мурдагыдай тоталитардык цензура киргизилсе экен деп эңсеген саясий уюмдар жана ишмерлер бар (аларга "эми буга кеч болуп калды" деп айтаар элек).

Бирок ушул эки карама-каршы турумдун ортосунда тургандар – Кыргызстандын коомундагы алда канча көп сандагы жаратман кишилердин катмары десек болот. Көп партиялуу, парламенттик-президенттик башкаруу системасы Кыргызстандын жаңы Башмыйзамындагы укуктук механизмдер аркылуу да тастыкталып турат.

КДКнын 25 жылдык мааракесинин эң таттуу учуру – дал ушул демократиячыл өзгөрүүлөрдүн өлкөбүздө чындап орун алып жаткандыгын сезүү ыракаты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG